Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Ашыралиев: Жуттан чыгуунун амалы көп


Кыргыз депутаттары жуттан чыгуу үчүн "Манастагы" америкалык, Канттагы орусиялык учактарды жалдоону сунуш кылууда.

Бул канчалык жөндүү сунуш? Малды жуттан чыгаруунун башка кандай амалдары бар? Нарын облусунун мурдагы губернатору, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сиз мал киндиктүү дубандын өкүлүсүз, көп жыл жетекчи болуп иштегенсиз, быйылкыдай оор кыш, жут болду беле? Андай кырдаалда кандай чараларды көрчү элеңиздер?

Кемел Ашыралиев: Мындай кыш Кыргызстанда көп эле кайталанат. Мен өзүм да башыман ушундай кыштын көбүн өткөрдүм. Мисалы, 1986-жылы 4-октябрда Нарынга бир метр кар түшүп, ал апрель айына чейин кеткен эмес.

Депутаттардын айткандарын угуп, таң калып жатам. Биздин депутаттар уктап-уктап жатып, анан ойгонуп калдыбы? Булар жакында жер-жерлерге барып, шайлоочулары менен жолугабыз дебеди беле. Менин оюмча, ошондо чогулуп алып, “ой, биз жаман болуп калдык, момундай болуп калдык, тиги болуп калдык” дешсе керек. Анан келип алып, “кой, мен бүт Кыргызстанга бир кыйкырып коеюн” деген ой болуп жатат.

Азыр Орусия менен Американын учагы жөнүндө сөз кылбаш керек. Бул өтө кымбатка турган нерсе. Ушуну менен алып бара турган бир пресс чөптүн бир талы бир унций алтынга барабар болуп кетет. Азыр авиакеросиндин баасы кандай кымбат! Илгери адам бара албаган жерлерге ирик, топоздорду кыштатчубуз. Ошондо тик учак менен бирин-серин чабандарга жем-чөп түшүрүлүп берилчү. Бирок анда бекер болчу. Анда министрликтин өзүнүн бир нече тик учагы бар эле.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: "Жаман болбой жакшы жок" дейт, быйылкы кыш мал менен бизнес жасап жаткандарга кыйла сабак да болду окшойт. Мол тоют камдаш керек, аны сакташ керек дегендей. Антпесе бир боо саман 400 сомго чыгып кетти. Сиз кандай кеңеш бере аласыз?

Кемел Ашыралиев: Мен жакында жолдо кетип бара жаткан чөптү көрдүм. Ошол чөптүн сапаты жок экен. Ким эле жакшы сапаттагы чөбүн берет? Аны кымбат баага сатыптыр, анын жол киреси, аны баргандан кийин жеткирүү болбогон нерсе да.

Кырдаалдан чыга турган сонун эле жол бар: жер-жерде аким айыл өкмөт деген бар. Кайсы жерде, кайсы айылда мал жутка калып калса, ошонун айыл өкмөтү милдетин так аткарган жок дегендик. Шайлоо кылабыз деп, акылы бар адам шайланбай, акчасы бар, уюштурууну билбеген адам шайланып калганы ушуга алып келип жатат. Элин кыштан чыгарып, алып кете албаган айыл өкмөтү менен акимдин кереги эмне? Илгеркидей көп мал жок да.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG