Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Чоң-Алай: Малчыны сынаган кыш


Жаздын алгачкы бир айы аяктаганы менен Чоң-Алайга баар али келе электей.

Жем-чөп маселеси элди дагы деле кыйноого салып, мал четинен кырылууда. Фермерлер уй-койлоруна тал-теректерди кыйып берип, эч нерсе калбай калганда картошкаларын жем ордуна салып берүүдө.

15 жаштагы Нурлан кадыресе эле мал-жанына кайгырып жүрөт. Үйдөгү 4-5 таңгак чөптү сарамжалдап, аппак кар экенине карабай койлорун талаага жайды:

- Мен азыр койлорумду талаага жайганы алып кетип атам. Бирок ал жакта да тал-палды, чычырканактарды жейт. Быйыл чөп жок өлгүдөй кыйналдык. Кар да өтө калың. Жылда бул мезгилде малдар кол карабай, талаадан чөп жеп калчу. Жаз минтип өтө эле күттүрүп койду.

Чоң-Алайдын Карамык айылындагылардын баары эле малдарына ушинтип тал-теректерди кыйып берип атышат. Жем ордуна болсо кадимки эле картошканы сууга чылап беришет.

Айылдын тургуну Майрамбек Тагаев:

- Чөптүн жоктугунан койлор өздөрүнүн жүнүн жеп атат. Уйларга болсо минтип тал-теректерди кыйып берип атабыз. Булар да такыр калбай калганы калды. Бутактардын ничке-ничкелерин толугу менен эле картылдатып жеп койот, жоондорунун кабыгын аарчып жейт. Мен болсо үйдө картошкаларымды жем ордуна колдонуп атам. Башка айла жок. Эл чынында быйыл отуруп бүттү.

Мал кажыгандан калган талдарды тургундар отун кылышат. Бул жерде азыр көмүрдүн басы да килограммы 7-8 сомго чыгып кеткен. Айылдагылардын бири Мария Мансурова арманын минтип айтууда:

- Арманыбызды кимге айтаарыбызды деле билбей турабыз. Кудайдын башка салганы экен, мал эмес эл деле кырылганы калды. Тоют-моютту кой, кен өзүбүздө туруп көмүр сатып алыш деле тозок болуп турат. Суук катуу болгондуктан отту да көбүрөөк жагыш керек. Антпесе балдар тоңуп калат.

Карамык айылы облустун борборунан 330 чакырым алыстыкта жайгашкан. 15 күндөн бери кардан жол ачылбай, бул жакка чөп ташып келгендер жок.

Натыйжада бир таңгак чөп 600-700 сомго, жемдин баасы 25-30 сомго чыгып кеткен. Кымбаттан да алардын жетишсиздиги элдин жанына батты.

Чөп ташып келгендердин бири Каныбек Маматкожоев буларга токтолду:

- Мен бул чөптү Чүйдөн өзүмдүн машинемде ташып келдим. Өзүмдөн ашканын элге сатам. Ал жактан 350 сомго алсам, жол акысын кошуп, бул жерде 500-550 сомдон сатып атам. Кээлери 700 сомго да сатып атышат. Ар ким өзү билет экен да. Ал жактан алып келиш эле оңой дейсиңерби? Мен жолдо бир аптадан ашык жатып атып, араң келдим.

Үйгө тең келген аппак кардан башка нерсе көрүнбөгөн бул айылда азыр саламдашкандан мурда эле "чөбүң барбы?" деп суроого өтүп калды. Ким менен жолукпа, ким менен сүйлөшпө дароо тоют көйгөйүн кеп кылат.

Район тургуну Басардин Бекмаматов:

- 5-6 килограмм жем, 2-3 таңгак жардам чөбүн биздин мал 2-3 күндө эле жеп коюп атат. Убактылуу гана болуп атат. Көп-көп эле сатып алалы десек баары кымбат. Азыр малдын азыгы адамдын тамак-ашынан да кымбат болууда. 1 кап унду 1000 сомго алсаң, ошо пулга болгону 2 таңгак гана чөп келет.

Каныбек Маматкожоев
Каныбек Маматкожоев
Бирок кымбат болгондуктан элдин баары эле жетиштүү тоют сатып ала албайт. Натыйжада мал четинен кырылууда.

Карамык айылынын ветеринардык кызматкери Анапия Тагаев:

- Карамык кыштагында 500дөй кожолук болсо, анда жалпысынан 3000 кара мал, 20 миңдей кой-эчки, 400-500 жылкы бар. Менин билишимче, ушул 10-15 күндүн ичинде эле айылда 500гө жакын кой, 30-40тай бодо мал өлдү. Башка өлүп калгандарын эми көбү ачыкка деле чыгара бербейт. Негизи мындан деле көп болуш керек.

Басардин Бекматов
Басардин Бекматов
Бийлик Чоң-Алай району боюнча өкмөт тарабынан 350 тонна жем жана 150 тонна чөп ташып келишкенин айтышат. Жогорку Кеңештин депутаттары да 70 тоннадай тоют жардам кылышкан. Тургундар да өз ара уюшуп, чогуу-чаран жем-чөп алып келишүүдө. Ошого карабай тоюттун арзандайын деген түрү жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысынын берген маалыматы боюнча, район боюнча 804 (536 уй, 268 топоз) баш бодо мал, 5744 баш кой-эчки жана 219 жылкы тоюттун жетишсиздигинен өлдү.

Тоюттун жетишсиздигинен базарга чыккан жандыктардын баасы да төмөндөп, бардык жандыктар 30 пайызга арзандаган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG