Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Курорт жаңжалына милиция аралашты


Жалал-Абад курортунун убактылуу жаңы дайындалган жетекчиси бөлмөсүнө 12-майда кечке жуук милициянын жардамы менен кирди.

Эс алуу жайдын директорун дайындоого макул болбогон кызматкерлер 3-майдан бери ага каршылык көрсөтүп, жаңы жетекчини киргизбей жатышкан. Мурунку жетекчини Кесиптик кошуундар федерациясы шаардык кеңешке талапкер катары жана иштеги кемчиликтерине байланыштуу кызматынан убактылуу четтеткен. Өз кезегинде мурдагы жетекчи эми Кесиптик кошуундар федерациясын сотко бергени кабарланды.

Жалал-Абад курортунун кабыл алуу бөлүмүндө эки күндөн бери кызматкерлерден уюшулган күзөтчүлөр турушат. Алар эс алуучулардан башка сырттан келгендерди имаратка кое беришкен жок. Бүгүн болсо айрым тийиштүү кызматкерлердин жумуш ордунда жоктугунан эс алуучуларды кабыл алуу да үзгүлтүккө учурады. Ош шаарынан келген эс алуучулардын бири нааразылыгын минтип айтты.

- Мен Оштон, бул курбум учак менен Бишкек шаарынан келип дем алып жатабыз. Жетекчиликтин талашынан улам дарылануу процесси да үзгүлтүккө учурап жатат. Мунун кимге кереги бар эле? Ушунча эс алуучулардын абалы кандай болот? Мындай башаламандык боло берсе Кыргызстан кайда барат? Биздин алган жолдомолорубуз үчүн ким жооп берет? Өзүнө жоопкерчилик алган эч ким жок.

Санаторийди буга чейин жетектеп келген Максат Абышкаев шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткандыктан 3-майда убактылуу жумуштан бошотулган жана анын ордуна милдетин аткаруучу болуп орун басары дайындалган. Бирок ошол эле күнү Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясы ал буйругун жокко чыгарып, директордун үч орун басарын бирдей бошотуп, сырттан башка адамды милдетин аткаруучу кылып алып келген.

Федерациянын алдындагы Кыргыз курорт-туризм башкармалыгынын башчысы Калыбек Өмүралиев түзүлгөн жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Курорттун жетекчисин биз 3-майда убактылуу жумуштан бошотуп, анын ордуна орун басарын дайындаганыбыз анык. Бирок апрель айында курортто пландык текшерүү болгон. Анда 12 млн сомдук каржы алешемдиктери табылган. Ошол себептүү текшерүү толук бүткөнгө чейин деп үч орун басарды жумуштан бошотуп, башка адамды убактылуу дайындап жатабыз. Ага болбой эле мурунку жетекчинин бул жерде иштеген туугандары ызы-чуу чыгарып, буйрукту аткарбай жатышат. Эгер мындай кадамдарын токтотпосо күч колдонууга аргасыз болобуз.

Өмүралиев үч күндөн бери жаңы жетекчини иш бөлмөсүнө киргизе албай убара. Анткени курорттун кызматкерлери администрация имаратын тосуп алып, ызы-чуу салуу менен бирге эч кимди өткөрбөй жатышат. Нааразычылык билдирген кызматкерлердин бири Эльдар Агпиулин буларга токтолду:

- Санаторийден финансылык кемчиликтер табылды деп жатат. Бирок ал жерде кызматкерлердин бирине да чечим тууралуу тааныштырылган эмес. Комиссиянын эки гана мүчөсү кол койгон. Бул иштерге Жогорку Кеңештин бир депутаты аралашып жатат. Жаңы дайындалган жетекчи Эркебай Маткеримов буга чейин бизде директордун орун басары болуп иштеп кеткен жана кызматындагы кемчиликтери үчүн жумуштан айдалган. Эми болсо ошол адамды кайра санаторийге алып келип жатат. Кызматкерлердин нааразы болгон жагдайы ошол. Бул жерде мыйзамдуулук сакталбай жатат. Текшерүүлөр да туура эмес, бир жактуу жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз курорт-туризм башкармалыгынын Калыбек Өмүралиев кызматкерлердин бул нааразычылыгы мыйзамсыз экенин айтууда. Ошол себептүү аларды өз ишин улантууга чакырды. Бирок анын сөзүнө эч ким кулак салган жок.

Кызматтан убактылуу четтетилген Максат Абышкаев Кесиптик кошундар федерациясынын чечимин сотко берди. Ал эми жаңыдан дайындалган жетекчи Эркебай Маткеримов бардык кызматкерлер менен тынч иштешүүгө даяр экенин жана убактылуу гана келип жатканын айтты:

- Мени бул жерге милдетин аткаруучу кылып гана алып келип жатат. Балким мурунку жетекчиси кайра келип калышы мүмкүн. Анан менин дарегиме айтылып жаткан дооматтардын баары жалган. Эгерде чындыгында ошондой болгон болсо федерация ушул чечимге келбейт болчу. Ошол себептүү мен мыйзамдуулуктун болушун талап кылам.

Бүгүн кечке жуук, жумуш убактысы бүтөөр алдында милиция кызматкерлеринин жардамы менен тосулган эшиктер күч колдонулуп ачылып, жаңы жетекчи иш бөлмөсүнө киргизилди. Ал эми коомдук тартипти бузган деген таризде курорттун беш кызматкерин милиция кармап алып кетти. Азырынча коомдук тартипти милиция көзөмөлдөп жатат.

Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясына караган Жалал-Абад санаторийинде 170тен ашык кызматкер эмгектенет. Учурда мында 500гө чукул адам эс алууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG