Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Базар-Коргондо сегиз адам тамакка ууланды


11 жаштагы кыздын абалы өтө оор.
11 жаштагы кыздын абалы өтө оор.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда тамак-ашка уулануунун белгилери менен ооруканага түшкөн 10 адамдын экөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатса, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар талаада пахта терип жүрүп, түштөнүү убагында колдо жабылган салат жешкен.

Ооруканадагы 11 жаштагы кыз менен 66 жаштагы аял үч күндөн бери эсине келе албай жатат. Жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дарыгерлер алардын ден соолугуна күнү-түнү көз салышууда.

Базар-Коргон райондук ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Данакан Арыкбаева бейтаптардын абалы боюнча буларды айтты:

- Ботулизм боюнча азыр бизде сегиз адам жатат. Балдар жандандыруу бөлүмүндөгү 11 жаштагы Мухтасаркан Махамажанованын абалы өтө оор, өзгөрүүсүз кала берүүдө. Дарыгерлер кезмет менен анын абалын карап жатышат. 66 жаштагы Мырзабаева Разилайхандын да абалы оор. Калган алты адамдын абалы орто.

Жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткандардын катарында райондун 33 жаштагы тургуну Дилфуза Акунова да бар. Ал ооруканага 22-октябрда түшкөн. Дилфуза үч күн үйүндө башы ооруп кыйналып жүргөнүн, акыры ооруканага күйөөсү жеткиргенин айтат. Ал тамак-ашка ууланганын билген эмес экен.

- Талаада түштөнүү учурунда баарыбыз чогулуп помидор кошулуп колдо жабылган салат жеп, айран ичкенбиз, - дейт ал. - Таалада иштеп жүргөн убакта мага эч нерсе билинген эмес. Эртеси күнү бир аз башым ооруп жатканда ысык чай ичип үй жумуштары менен алек болуп жүрдүм. Тамакка табитим тартпай, башым тегеренип ооруганынан улам үйдө айран ичип жүрө бердим. 22-октябрда эмчектеги баламды да көтөрө албай, алым кете баштады. Андан соң гана жолдошум дарылануу үчүн ооруканага жеткирди. Азыр абалым дурус, өзүмдү жакшы сезип калдым. Бейтапканага эң акыркы болуп мен келиптирмин. Себеби талаада мен салатты анчалык жеген эмесмин. Комада эсине келбей жаткан кыз тамак ичкиси келбей, салаттан көп жеп алган болчу.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери уулануунун себептерин текшерип, колдо жабылган салаттан экендигин аныкташты. Анткени 18-октябрда Базар-Коргон районунун он чакты тургуну талаада пахта терип жатып, түштөнүүдө колдо жабылган салат жеген. 19-20-октябрда алар четинен ооруканага түшө баштаган.

Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкүл Жоробаев мындай маалымат берди:

- Алгачкы эки адам 19-октябрдын түнүндө келип жаткан. 20-октябрда бирөө, эртеси экөө келгенден кийин гана бизге кабар беришкен. Учурда оорулуулардын баарына вакцина жана сыворотка берилген, дарылануусун улантып жатышат. Үйүнөн салат алып келген адамдын үйүн текшерип, колдо жабылган калган салаттарын жок кылдык. Жеринде эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүп, тийиштүү адистер иштеп жатат.

Адистердин айтымында, адам ботулизмге анын бактериясы бар тамак-ашты жегенде чалдыгат. Бактерия көбүнчө топуракта болот. Тамак-ашка жугуп, аба жок жерде жанданып, уулуу затты бөлүп чыгарат. Үй шартында туура эмес даярдалган ар кандай консервалар ботулизм микробунун көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп берет. Ошондуктан адистер колго жасалган консервадагы азыктардан баш тартууга чакырууда.

Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Замира Адышова калк арасында түшүндүрүү иштери колго алынып жатканын айтты:

- Учурда мектептерде жана ооруканаларда консерваланган азыктарды колдонууда этият болуу зарыл экенин, капкагы шишип калган салаттарды колдонбош керек экенин түшүндүрүп жатабыз. Адистер ботулизм боюнча кеңири түшүнүк берип, мектептерде окуучулар бул боюнча диктант жазып жатышат. Райондук эпидемиологиялык кырдаал боюнча комиссия жыйын өткөрүп, ушул маселелерди талкуулап, элге жеткирүүнү чечтик. Жай айында камдалган консерваларды эл азыр четинен жей баштады. Ошондуктан маалыматтарды кеңири тараталы деп жатабыз.

Учурда сегиз киши Базар-Коргон райондук ооруканасында, экөө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жатат. Былтыр да ушул эле райондо алты киши ботулизмге чалдыккан.

Ушул жылдын июль айында болсо Токмоктогу үлпөт тойго келген 250дөн ашык кишинин 178и өзүн начар сезип дарыгерлерге кайрылган, анын 78и ооруканага жаткырылган. Адистер алар ресторанда тамак-ашка ууланганын аныкташкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG