Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

“Губернатор” атанган Медербек Үсөнов ким?


Медербек Үсөнов (оңдон биринчи) облустук акимчиликти ээлеп алган митингчилердин алдыңкы сабында. Жалал-Абад, 31-май, 2013.
Медербек Үсөнов (оңдон биринчи) облустук акимчиликти ээлеп алган митингчилердин алдыңкы сабында. Жалал-Абад, 31-май, 2013.

Айрымдар Медербек Үсөновду учурунда Бакиевдер менен табакташ болуп, бизнес чөйрөдө рейдерлик менен шугулданган адам деп ырастаса, башкалары аны тескерисинче азыркы бийлик башындагылар менен үзөңгүлөш, облуста кадыр-баркы бар адам катары сыпаттап жатышат.

31-майда митингге чыккандар өздөрүнө губернатор деп жарыялаган “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору Медербек Үсөнов азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абагында сурак берүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Чокморов анын кармалышы боюнча буларды айтты:

- Сузак районунун Төбөй айылынын тургуну, 1972-жылы туулган Медербек Үсөнов УКМКга жеткирилди. Бул жаран 31-майдагы окуяларда өзүн Жалал-Абад облусунун губернатору деп жарыялаган. Аталган кылмыш иши Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча козголуп, учурда кылмыш жаза процессуалдык кодексинин нормаларынын сакталышы менен тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Медербек Үсөновдун адвокаты Искендер Жоробаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, аны камакка алууга күч түзүмдөрүндө эч кандай негиз жок болчу. Анткени Үсөнов менен анын санаалаштарында бийликти басып алуу эмес, камактагы “атажуртчу” үч депутатты гана бошотуу талабы болгон:

- Булар “бийликти ээлеп, басып алуу максатын көздөгөн эмеспиз” деп көрсөтмө беришти. Муну Жалал-Абаддан үйүнөн эле кармап алып, Бишкекке алып келишти. Бул деген мыйзамсыз, анткени ал күч менен алып келгендикке барабар да. "Бишкекке келип кет” дегендей чакыруу да келген эмес.

Медербек Үсөновдун үй-бүлөсү ал кармалып кеткенден тарта эч бир кабар ала албай жатканына кабатыр. Анын жубайы Махабат Апатаева шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган экен.

- Эч ким эч кандай кабар берген жок. Кармап кеткен бойдон дайынсыз. Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылгам. Участкалык милициялар, тергөөчүлөр келип, кармап кеткен жерде схемаларын чийип кетишти. Сүрөттөргө да тартып кетишти.

Бул арада “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси маалымат жыйын өткөрүп, анда Медербек Үсөновдун аркасында бакиевчилер турарын жар салды.

- Ал Жалал-Абаддагы кафе, сауна, ресторандардын ээси экен. Расмий түрдө 2005-жылдан тарта Акмат, Адыл Бакиевдер менен иштешип, сүйлөшүп, рейдерлик баскынчылыктарды жасашкан. Муну укук коргоо органдары аягына чейин жеткириши керек. Баары эле азыр Бекназаров баш болуп “биз колдойбуз, бирок биз уюштурган жокпуз” деп карапайым элге салып, секирип жатпайбы. Көрүнүп эле турбайбы, кандай даярдыкта иш жүрүп кетти. Эми губернатор болом десе, анан элди уюштуруп өзү алып чыкпаса, эл кетип бараткан эле кишини “сен губернатор бол” дебейт да . Мунун бардыгы эле сүйлөшүлгөн иш деп ойлоп жатабыз, - деди “Азаттыкка” аталган уюмдун төрагасынын орун басары Мээрбек Мискенбаев.

Ал эми “Эгемен Кыргызстан” партиясынын төрагасы Бектур Асанов Медербек Үсөнов Азимбек Бекназаров гана эмес, учурунда Роза Отунбаева менен да үзөңгүлөш жүргөнүн, Атамбаевдин бийлигин колдогонун айтат. Ал Медер Үсөновду Бакиевдерге байлап, каралоо аракеттери бийликке аброй алып келбейт деген ойдо:

- Муну Бакиевдерге байлаганы таптакыр туура эмес. Тескерисинче, бул Бекназаровго, мага жакын болуп, Отунбаева менен да көп жүргөн. Ошол эле Атамбаевди колдогондордун бири. Ал оозунда сөзү бар, кадыр-барктуу инсан. Мурда ал майда-чүйдө бизнес менен жүргөн. Сауна, түнкү клубдары бар дегени калп, анын болгону бир эле кичинекей чайханасы бар. Бүгүнкү күндө бийликке ишенбей, кыжырдануу ушундай туура эмес каралоодон да болуп жатат десек болот. Үй камагына чыгарып коюп, сурай берсин, күнөөсүн далилдесин, соттой берсин деп жатышат. Бирок элдин да талабын эске алсын. Экинчиден, ачык эле айтып коёюн, бул кишини чыгарбаса, Жалал-Абадда тополоң токтобойт.

Мыйзамга ылайык, жаран кармалгандан кийин 48 сааттын ичинде сот анын баш коргоо чарасы боюнча чечим чыгаруусу керек. Демек Үсөновдун баш коргоо чарасын сот эртең, 4-июнда кароого тийиш.

Айрым серепчилер болсо азыр кыргыз коомчулугунда мыйзамдан оолактап, түшүнүктөр менен жашоого умтулуу өнөкөтү басымдуулук кылып баратканына тынчсызданууда. Саясий талдоочу Санжар Тажиматов Жалал-Абаддагы бул окуя тыкыр иликтенип, анык күнөөлүүлөр жазасын алышы керек деген пикирде:

- Сый-урматка ээ болсо да адам ойлонушу керек. Мыйзам бар, мамлекет бар. Бул деген оюнчук эмес да эл отур десе отуруп, кет десе кеткидей. Ошондуктан биздин мамлекет алдыга кете албай жатат да. Бардык атуулдар жалпы бир тартипке баш ийиши керек. Ансыз өнүгүү болбойт. Мына шайлоо системасы бар, өз оюңду айта турган жерлер бар. Ошол жолдор менен бар да. Анан келип эле бирөөнү үй камагына чыгарса, анан дагы бирин чыгарса, анда прецедент болуп калат да. Бул жакшы нерсеге алпарбайт. Мамлекет деген элдин кызыкчылыгы, тартип, коопсуздук болсун үчүн курулган. Мыйзам бузгандардын баары сот жообуна тартылышы керек. Ансыз болбойт.

Ал эми ушул тапта Жалал-Абадда Бишкек-Ош жолун бууп тургандар Медербек Үсөновду бошотмоюн тарабайбыз деп турушат. Алар жекшембинин кечинен тарта аны бошотуу талабы менен канжолду бөгөп алышкан.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG