Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Синдзо Абэ "миллиарддар" менен келген жок


Алмазбек Атамбаев жана Синдзо Абэ
Алмазбек Атамбаев жана Синдзо Абэ

Жапониянын премьер министри Синдзо Абэ Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда 120 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду.

Жапон өкмөтү эми келишимдердин негизинде алдыдагы жылдарда "Манас" аба майданынын жабдууларын жаңыртып, автожолдорду оңдоого 107 млн. доллар насыя бермей болду. Саясат талдоочулардын пикиринде, кыргыз бийлигинин Жапония менен мындан дагы олуттуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Жапон премьери Борбор Азияга сапарынын алкагында Түркмөнстан, Өзбекстан өңдүү өлкөлөр менен миллиарддаган доллар турган долбоорлорду ишке ашырууну макулдашканы маалым.

Насыяга басым жасалды

Жапониянын жогорку бийлиги баштаган жоон топ делегациясы Кыргызстанга биринчи жолу келүүдө. Бул бийик даражалуу сапардын алкагында жапон-кыргыз өкмөттөрүнүн ортосунда тогуз документке кол коюлду. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин “Азаттыкка” берген түшүндүрмөсүнө караганда, Жапония 120 миллион доллардан ашык каражаттын 107 миллион долларын Ош-Баткен-Исфана автожолун реаблитациялоого 0,1 пайыз шарты менен 40 жылга насыя катары берип жатат. Ал эми калган 14 миллион доллар "Манас" аба майданындагы жабдууларды жаңыртууга чукул грант түрүндө берилет.

Расмий жолугушуулардан кийин журналисттер менен кездешкенде президент Алмазбек Атамбаев эки өлкө ортосундагы кызматташтык дагы артарын белгилеп, муну Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргени менен байланыштырды.

- Биз экономикалык тармакта иштешели деп сүйлөштүк. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Ошондуктан жапон тараптын ишкерлерин жана инвесторлорун Кыргызстанга чакырабыз.

Синдзо Абэ Кыргызстанга келген делегациясынын курамында бизнес өкүлдөрү дагы бар экендигин айтып өттү. Жапония келечекте "Борбор Азия+Япония" диалогунун алкагында Борбор Азиядагы аймактагы көйгөйлөрдү чечүүдө тилектештикти бекемдөөгө кызыкдар экенин да белгиледи.

- Бүгүнкү күндө кыргыз-жапон кызматташуусунун алкагында алгачкы жыйынтыктар бар. Бирок биз сапардын жыйынтыгы боюнча конкреттүү долбоорлор пайда болуп, Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташуу мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп болжолдоп жатабыз.

Башкалар - миллиард, Кыргызстан - миллион

Буга чейин маалым болгондой, Синдзо Абэнин сапарынын алкагында Жапония Өзбекстан менен 8,5 млрд., Түркмөнстан менен 18 млрд. долларлык келишимдерге кол койду. Бул кескин айырмачылыкты каржы министри Адылбек Касымалиев Жапониянын премьер министри Синдзо Абэнин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү турнесинде газ жана мунай боюнча долбоорлорго басым жасалгандыгы менен түшүндүрдү.

Бирок Абэ расмий сапарын баштаган Монголия Жапония менен тоо-кен тармагы жаатында бир топ макулдашууларга жетишти. Ошол эле кезде тоо-кен тармагына артыкчылык берген Кыргызстанда кол коюлган тогуз документтин ичинде кендерге байланышкан долбоорлор болгон жок. Ушундан улам жергиликтүү талдоочулар расмий сапарды уюштурууда кыргыз тарап чабалдык кылды деген ойдо болушууда. Саясат талдоочу Марс Сариев:

- Технология, тоо-кен жаатында жакшылап иштешсек көп инвестиция алмакпыз. Бизде Менделеевдин таблицасында кайсы кен болсо, бардыгы бар. Ушул жакта эмнеге инвестиция тарта албайбыз? Жапониянын JICA уюму көптөгөн долбоорлорду сунуштап жатат, биз болсо грант эле издеп жүрөбүз. Алысты көрө албай жатпайбызбы. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши да бир жагынан рынокко жол ачканы менен экинчи жагынан өлкөнүн экономикасын байлап койду.

Синдзо Абэнин Кыргызстандагы расмий иш сапары бүгүн эле аяктап, ал сапарын Астананы көздөй улады. Кыргызстанга чейин жапон премьери-министри Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда болгон.

Жапониянын премьер-министри Кыргызстанда

Жапониянын премьер-министри Кыргызстанга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

XS
SM
MD
LG