Жээнбеков көп векторлуу саясатка даярбы?
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада Түркия жана Бельгияга сапар менен барды. Президенттин бул сапары мурдагы бийлик учурунда солгундаган саясий диалогду жандантуу катары кабыл алынды. Азыркы шартта Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болушу керек? Орусияга ыктаган көндүмдөн алыстап, реалдуу көп векторлуу багытта саясат жүргүзүүгө бийликтин эрки жетеби? “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүндө ушул суроого жооп издедик. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, дипломат Болот Жунусов, мурдагы экономика министри, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев катышты.
Чыгарылыштар
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?