Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Сабалып каза болгон жигит боюнча иш козголду


Рысбек уулу Ынтымак.
Рысбек уулу Ынтымак.

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы Кызыл-Суу айылынын 26 жаштагы тургуну Рысбек уулу Ынтымактын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маркумдун жакындары “Ынтымактын өлүмүнө Жети-Өгүз райондук милициясынын жана Жети-Өгүз райондук сот аткаруу кызматкеринин тиешеси бар” деп, райондук милицияга арыз жазышкан. Маркумдун жакындары "шектүүлөргө чара көрүлбөй жатат" деп тынчсызданышууда.

7-ноябрда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 26 жаштагы тургуну Рысбек уулу Ынтымак таяк жегенден кийин эсине келе албай жатып төрт күндөн соң каза болду.

Ынтымактын атасы Рысбек Орозобаев окуя кандай болгонун, уулун кимдер сабаганын күбөлөргө шилтеме кылып айтып берди:

Рысбек Орозобаев.
Рысбек Орозобаев.

- 7-ноябрь күнү кечинде уулум күйөө баламды Токмок шаарына салып жибериш үчүн Кызыл-Суу айылындагы автобекетке барат. Экөө ошол жерде турганда милициялар сабап кетишиптир. Себеби күйөө балам ошол жердеги милициялардын бирөөнөн телефон номерин сураптыр, ал экөө тааныш окшойт. Милициялар мас экен, анан "бизге тийишип жатасың” дегенби, ошентип тепкилеп кетишиптир. Балам 3-4 саат ошол жерде жатып калыптыр. Анан бирөө таанып калып, классташ баласына чалып, ооруканага жеткириптир.

Ынтымак Жети-Өгүз райондук ооруканасына оор абалда жеткирилип, комада жатып калат. Бир күндөн кийин Каракол шаарындагы облустук ооруканага которулуп, башына операция жасалган соң 11-ноябрда эсине келе албай көз жумат.

Ынтымактын ата-энеси жана жакындары "анын өлүмүнө тиешеси бар" деп милициянын, райондук сот аткаруу жана райондук салык кызматтарынын кызматкерин айтып жатышат. Алар сөз болуп жаткан адамдардын бирөө да кармалбастан ээн-эркин жүрөт, атайын экспертизанын жыйынтыгын создуктуруп жатат деген ойдо. Ынтымактын таекеси Мирбек буларга токтолду:

- Кызыл-Суу айылынын ылдый жагында жылуу суу бар, милиция кызматкерлери ошол жерден эс алып, мас болуп келатышкан экен. Ошол жерден балдарды сабап, анан кайра тургуза албай жатканын көргөн күбөлөрүбүз бар. Прокуратура органдарына күбөлөр өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Эми шектүүлөрдү кармоо кечеңдеп жатат. Сабагандарын өздөрү мойнуна алып, ооруканада ата-энелери да жүрүшкөн. Өздөрү да жүрүшкөн, дары-дармектерин алып берип...

Ал эми милиция Ынтымактын өлүмү боюнча башка маалыматты айтып чыкты. Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, ал жерде мушташып жаткан балдарды милиция арачалап, андан кийин басып кеткен:

- Кызыл-Суу айылындагы автобекеттин жанында балдар урушуп жатканда болжол менен 20:00 чамасында балдарды ажыратып, ал жерде бирөө жатканын көргөнүн көрсөтмөлөрүндө жазып беришкен. Анда Алибек, Эржан жана Күлчоро дегендер ажыраштырып жаткан учурда, ошол жерден бир бала “мен бул балдарды тааныйм, өзүм эле ооруканага жеткирем” деп айтканда ал жерден милиция кызматкерлери кетип калышканы аныкталган болчу. Териштирүү учурунда Ынтымакты чаап жиберген бала аныкталган, ал Жалгыз-Өрүк айылынын 23 жаштагы тургуну Абышов Күлчоро экени аныкталды.

Усубакунов жабыркаган тарап милиция кызматкерлерине каршы арыздангандыктан бул ишти прокуратура кароого алганын кошумчалады. Учурда бул факты боюнча Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы териштирүү жүргүзүп жатат.

Ынтымакты жерге берүү учурунда тартылган сүрөт.
Ынтымакты жерге берүү учурунда тартылган сүрөт.

Ал арада Жети-Өгүз райондук прокуратурасы факты боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун кабарлады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук прокурорунун орун басары Кубанычбек Шатенов билдирди:

- Оор жаракат келтирүүнүн кесепети өлүмгө алып келгенине байланыштуу 104-берененин 4-бөлүгүнүн негизинде иш козголуп, азыр кылмыш иши биздин прокуратурага жөнөтүлдү. Азыр келгенден кийин биз ал ишти карап, мыйзамдуулугун текшерип, иш туура козголдубу же жокпу - ошолордун баарын аныктап, эгер мыйзамга туура келсе аны тийиштүү органдарга тергөөсүн улантуу үчүн жөнөтөбүз.

Маркум Рысбек уулу Ынтымактын сөөгү 13-ноябрда Кызыл-Суу айылында жерге берилди. Ал үй-бүлөдө жалгыз уул болгон, бир карындашы бар. Былтыр үйлөнүп, кыздуу болгон. Кызы бир жашка толо элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG