Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

"Кабардагы" чатак


“Кабар” маалымат агенттигинин иш таштаган журналисттери президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров менен жолугушкандан кийин өз иштерин кайра улантышты.

21-январда "Кабар" маалымат агенттигинин журналисттери агенттиктин жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев менен иштеше албай тургандыктарын айтып, иш ташташты.

Агенттиктин иш таштаган жамааты жетекчинин "кесипкөй эместиги" жана "журналисттердин чыгармачыл эркиндигин чектөөсү" ушундай кадамдарга барууга мажбур кылганын белгилешүүдө.

“Кабар” агенттигинин кыргыз кызматынын кабарчысы Эмил Момуновдун айтымында, айлык акынын бир топ кыскарышы да журналисттердин нааразылыгын жаратууда.

- Ж.Турдукожоев кесипкөй журналист эмес, адам катары да деңгээли төмөн, аймагына карап мамиле кылып, ар бир кадамды текшерип, эч жакка чыгарбайт. Чет өлкөлүк элчиликтер, чоң кызматтагы адамдар менен да маек алууга тыюу салып атат. Кымбатчылык болуп, кыйналып атканда айлык, калем акыларыбызды азайтып, сыйлыктарды кыскартып салды. Мурда он миң алгандар 6-7 миң сом алып калды. Чыгармачылык жактан да абдан чектөө киргизип салды.

“Кабар” агенттигинин жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев журналисттердин дооматтарын негизсиз деп эсептейт. Ал бул кызматка келгени бир топ чарбалык иштер жолго салынганын билдирди.

- Керек болсо мен келгени мамлекеттик агенттикте маалымат, жарыя жактан кызмат көрсөтүү күчөтүлдү. Бул деген менеджердик иш да, экономикалык-каржылык ишти жакшы койгондук. Дагы бир топ булактарды таптым. Эзели айлыктын көлөмүнөн эки, эки жарым эсе сыйлык алган эмес экен. Муну өздөрү айтып атышат, бул факт. Мындан тышкары бир ноутбук, эки нетбук, 5-6 компьютер сатып алдык бүт тобу менен. Мындай мурда болбоптур.

“Кабардын” кызматкерлери 20-январда президент Роза Отунбаевага кайрылып, Ж.Турдукожоевдин саясаты менен макул эместигин жана аны кызматтан алуу өтүнүчүн билдиришкен.

Агенттиктин журналисти Махабат Момуналиева мындай кайрылуу буга чейин да жөнөтүлүп, жооп болбогонун кабарлады.

- Бул маселе бүгүн же кечээ эле чыга калган жок. Директор бул кызматка келгенден эки айдан кийин эле бул маселе чыккан. Т.Турдукожоев келгенде эле “силер компетенттүү эмессиңер, силер Бакиевге иштегенсиңер, Бакиевдин адамысыңар” деп бир эмес, көп жолу айткан. Биз мамлекеттик агенттик болгондуктан мамлекет башчысы ким болгонуна карабай ошого иштейбиз да. Роза Отунбаева болобу, Бакиев, Акаев болобу аларга деле иштеген. Ошону бул киши түшүнгөн жок. Биз директордун алып барган саясатына каршыбыз. Эртең менен саат тогузда келесиң, журналга белгиленесиң, кечиксең түшүнүк кат жазасың. Кыскасы бир күндө төрт-беш жолу текшерет. Ошондуктан чыгармачылыкка деле эч кандай шарт түзүлбөйт.

Жыргалбек Турдукожоев иш таштаган журналисттерди козуткан, өлкө туруктуулугуна каршы адамдар бар экенин кошумчалады. Бирок ал адамдардын ким экенин ачыктаган жок.

- Мен башында эле айткам, талап катуу болот деп. “Кабар” агенттигинин деңгээли өтө төмөн болуп калганын кыргыз эли билет. Ушул жерде оппозицияда жүргөндө бизге маалымат жыйын өткөргөнгө мүмкүнчүлүк бербей коюшпадыбы. Азыр мен жарыялап эле атам го. "Биз журналисттербиз, кайсы жерде мазактап, шылдыңдадым" десем бири далилдей албай коюшту. Эгер журналист өзүнүн милдетин аткарбаса, эмгек тартибин бузуп, жүйөсүз жумушка бир күн келбей койсо мен рахмат айтайынбы? Мен бул маселени жакында алып чыгам. Артында ким турганы анан билинет.

Ушул эле күнү агенттиктин жамааты менен президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров жолугуп, абал менен жеринен таанышты. “Кабардын” жетекчиси жана иш таштаган жамааты менен сүйлөшкөн Каназаров бул маселе кайсы өңүттө чечилери тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Эң башкысы маалымат токтоп калбаш керек. Биринчи ирээтте “Кабардын” окурмандарынын позициясын, ошолордун кызыкчылыгын көздөп чечим кабыл алышыбыз керек. Өлкө башчысынын наамына келген кайрылууну карап чыгуу үчүн бизге да убакыт керек. Карап чыгып, биздин да чечимди билдиргенге чейин иштөө чечимине келиштик. Албетте бул кандайдыр бир каралып чыгышы керек.

“Кабар” агенттигинин жамааты 24-январга чейин бийликтин чечимин күтө турган болду. Журналисттер белгиленген мөөнөткө чейин алардын талаптары аткарылбаса башка чараларга барарын эскертишти. Агенттикте жалпысынан 49 адам иштейт, орточо айлык акы 4-5 миң сомдун тегерегинде.

Айлыктын аздыгына, жетекчининин мамилесине нааразы болгон агенттиктин жети журналисти өткөн жылдын декабрь айында бир учурда арызын жазып кызматтан кеткен.
XS
SM
MD
LG