Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Айжаркын талант арманда кетти...


Гүлнара Кадралиева
Гүлнара Кадралиева

"Ак илбирстин тукуму" тасмасында Зулайканы ойногон Гүлнара Кадралиеванын сөөгү бүгүн жерге берилди.

55 жашында көзү өткөн маркумдун сөөгү 16-июнда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылына коюлду. ИИМ берген маалымат боюнча актриса 12-июнда 5-кабаттагы үйүнүн балконунан ылдыйкы кабатка түшүп баратканда буту тайып жерге кулап түшкөн. Ал эми туугандары болсо анын жүрөк оорудан кайтыш болгонун айтууда.

“Ак илбирстин тукуму” тасмасында Кожожаштын образын жараткан Догдурбек Кыдыралиев кесиптешин жоготконуна кейип турду:

- Мени "биринчи күйөөм" деп тамашалап калчу. Мен бүгүн Зулайкамдан айрылдым. Гүлнара азыркы учурда драмалык ролдорду жарата турган куракка келип, таланты да бышып жетилип калган эле. Киного биринчи жолу биз Гүлнара экөөбүз чогуу келгенбиз. Булар 1982-жылы ВГИКтеги Алексей Баталовдун актердук өнөрканасын бүтүп келди. Мен ал кезде 3-курста элем. Булар менден эрте бүтүшкөн. Режиссердун тандоосу менен ал “Ак илбирстин тукуму” тасмасында менин келинчегимдин ролун ойноп калды. Чынында Гүлнара ошол мезгилде сулуулук жагынан баарынан алдыда эле. Анан калса таланттуу актриса болчу.

Маектешибиз анткен менен ошол мезгилде кино тармагына чогуу келген таланттуу жаштардын андан аркы тагдыры татаал болгонун да кошумчалай кетти:

- Биз кино өнөрүнө жаңыдан кире баштаган 1990-жылдар өтө оор мезгилге туш келди. Өткөөл мезгилде жаңыдан мамлекет катары негизделген эгемен өлкөлөрдө кино арткы планга сүрүлдү. Мындай учурда биз да эч кимге керек болбой, таптакыр эле талаада калдык. ВГИКтеги Алексей Баталовдон билим алган балдардын көбү гезит, картошка сатып кетти. Мен да кризиске туш келип, ал кыйынчылыктан Казакстанга кире качып сакталып калдым.

Догдурбек Кыдыралиев өзүнүн тасмадагы алгачкы өнөктөшү Гүлнара Кадралиеванын актрисалык жөндөмүнүн ондон бири да ачылбай кетти деген пикирде.

Кинематографисттер бирикмесинин жетекчиси Таалай Кулмендеев Кадралиева кино тармагында саналуу гана образ жаратканы менен ажарлуу айым, айжаркын актриса катары көрүүчүлөрдүн эсинде калганын белгиледи:

- “Ак илбирстин тукумунда” Зулайканын образын жараткан. Андан кийин Бекжан Айткулуев деген агабыздын “Запкы” аттуу тасмасында да ойногон. Нурлан Абдыкалыковдун “Петрарканын окуусу” тасмасында ойногон ролу үчүн 2007-жылы ШККУнун Ысык-Көл кинофестивалында “Аялдын мыкты образы үчүн” сыйлыгына татыктуу болгон.

Алгачкы ролу менен таанымал болгон актриса андан кийин көп деле тасмага тартылган эмес. Кулмендеевдин айтымында, себеби өткөөл мезгилде чыныгы кесипкөй артистер ойной турган деңгээлдеги тасмалар өтө эле аз жаралды.

Маркум актриса менен Москвада чогуу окуп келген кесиптеши Алтынай Рысмендиева курдашы мыкты адам, мыкты эне да болгонун айтып, анын мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө кейиди:

- Мен Гүлнараны азыркы мезгилдеги эң сулуу актрисалардын бири деп эсептечүмүн. Чыныгы талант эле. Мүнөзү да жумшак, эч кимге жамандык каалабаган, ачык, шайыр болчу. Гүлнараны баатыр эне десем да болот. Себеби ал төрт кыз, бир эркекти бөпөлөп багып өстүрдү. Кийинки күндөрү Москвага тез-тез каттап калды эле. Себеби үч баласы Москвада окуй турган. Гүлнара биздин курстан бешинчи болуп бул дүйнөдөн кетти.

Рысмендиева 1980-жылдардын соңунда Алексей Баталовдон билим алган таланттуу муун өкүлдөрү тасма тартылбай калган кезге туш болуп, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ачып бере албай чайналганын, мындай учур алардын жеке тагдырын да буюктурганын кыстарып кетти.

ИИМдин маалыматы боюнча, актриса 12-июнда 5-кабаттагы үйүнүн балконунан ылдыйкы кабатка шейшептерди бири-бирине байлап түшүп баратканда буту тайып жерге кулап түшкөнү, тез жардам кызматы алып кеткенден эки күндөн кийин кайтыш болгону айтылган.

Гүлнара Кадралиева 1961-жылы Сокулукта төрөлгөн. Ал киного тартылгандан сырткары театрда, теледе, радиодо, кийинчерээк окуу жайларда мугалим болуп иштеп келген.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG