Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Сот Каныбек Осмоналиевди актады


Каныбек Осмоналиев сотто. 15-октябрь, 2018-жыл.
Каныбек Осмоналиев сотто. 15-октябрь, 2018-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту пара алуу боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-министр Каныбек Осмоналиевди актады.

Буга чейин прокуратура Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган.

Бишкектин Биринчи май райондук 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 баланы кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин карап чыгып, өкүм чыгарды. Осмоналиев "парламент комитетин жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланып, студенттерден акча алган" деп айыпталып жаткан.

Судья Эмил Каниметов "бардык коюлган айыптар боюнча далил табылган жок" деп, аны актаган чечим чыгарды. Ошону менен катар анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу буга чейинки тил катын жокко чыгарды:

Эмил Каниметов.
Эмил Каниметов.

- Сот процессинде "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып далилденген жок жана анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каты соттун чечими күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылсын.

Соттук териштирүүдө белгилүү болгондой айрым студенттер, алардын ата-энелери окууга өтүш үчүн 3,5 миң доллардай кимдир бирөөгө беришкенин айтышкан. Бирок анда Каныбек Осмоналиевдин аты аталган эмес.

12-октябрда өткөн жараянда прокуратура Каныбек Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган. Адвокат Жыргалбек Бабаев Осмоналиевге коюлган айыптар негизсиз экенин жана алар сотто далилденбегенин билдирип келген. Ал эми Каныбек Осмоналиев кылмыш иштин саясий өңүтү бар экенин айткан:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

- Сотко катышкан күбөлөр да, мени айыптап жаткандар да ачык-айкын далилдей алышкан жок. Бирок чынын айтсам прокурордун "үй мүлкүн мамлекетке чегерүү менен, үч жыл жумушка иштөөгө тыюу салуу менен 15 жыл камоо" тууралуу катуу суранычынан кийин дендароо абалда болдум. Эгер кийинки инстанцияга кайрылса дагы эле өз укугумду коргоп алам. Бул жерде чынында эле абдан чоң процессуалдык мүчүлүштүк кеткен, АКС тарабынан. Ошону оңдоп-түзөгөндүн ордуна студенттерди жарым жыл чакырып, сурак жүргүзүп кыйнашты.

Айыптоочу тарап бул иш боюнча соттун жогорку инстанциясына кайрылар-кайрылбасын карап чыгарын билдирди.

Осмоналиевге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Атайын кызмат абитуриенттер окуу жайынын жетекчилигине Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген. Анда мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков, КРСУнун ректору Владимир Нифадьев баш болгон кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө, жалпысынан 15 кишиге кылмыш иши козголгон. Кийин 2015-жылы ал иш мыйзамдуу негизде токтотулуп, кайра 2018-жылы мартта жанданган. Анда негизги айыпталуучу катары Осмоналиевдин аты аталган. УКМК “Осмоналиевдин 27 cтуденттен 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.

Каныбек Осмоналиев жана аны жактоочу тарап сот адилет чечим чыгарганын айтып жатышат. Ал ортодо укук коргоочу Рита Карасартова сынактар бүткөндөн кийин студенттердин кабыл алынышы тууралуу факты болгондон кийин бул ишке юридакалык баа берилиши керек болчу деп эсептейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Сынактын баары бүткөндөн кийин "кембагал, колунда жоктордун балдары" деп туруп 27 студент окууга өткөн. Бул факт бар. Көп учурларда таасир тийгизген киши эч жерге кол койбойт. Ал жерде ошол кезде: "Балдарыбыз окуп калды, азыр окуп жатса эмненин негизинде кетиресиңер?" деген сөздөр айтылган. Ошол фактыны каякка кетиришет? Бул да коррупция. Анткени эң мыктылар, тесттин негизинде өтөт жатып эле сынак бүткөндөн кийин 27 студенттин өтүп калышы да чоң маселе. Сот азыр эмненин эсебинен ал балдар өтүп калганына баа берип, "ушулар жол берген" деп, жок дегенде административдик жазага тартса кийинки ректорлор андай ишке барбайт болчу. Студенттер жөн эле баратып өтүп калган жок да? Кандайдыр бир схема болгон үчүн ушундай болуп жатат да!

Жогорку Кеңештин депутаты, Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жетекчисинин орун басары Тазабек Икрамов мындай кайрылуулар ага да ондоп келерин белгилеп жатат. Бирок ал бул иштин саясий өңүтү бар дегендерге кошулбайт.

- Осмоналиев азыр чоң кызматта отурбагандан кийин же оппозициялык кыймылда болбогондон кийин мамлекет тараптан саясий куугунтук болгон жок деп ойлойм.

Профессор, саясий эксперт Алмазбек Акматалиев чечим чыгарган мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу айтты. Анын пикиринде, КРСУда студенттерди ар кандай ыкма менен кабыл алган жылчыктар бар:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Эгер күнөө болсо, университеттин жетекчилигинде болгон. Мен билгенден "бюджеттик жана келишимдик негизде кабыл алынчу орундар - Орусиянын, Кыргызстандын орду" деген татаал системаны түзүп алышкан. Экинчиден, КРСУ өзгөчө абалда болуп калды. Алар иш жүзүндө биздин мыйзамдарга деле баш ийбейт. Ошондуктан аларда ушундай иштерге чумкуганга толук шарты бар. Иттин өлүгү ошол жерде жатат.

Анткен менен сөз болуп жаткан КРСУнун ректору Владимир Нифадьев жакында эле президент Сооронбай Жээнбековдун колунан III даражадагы «Манас» орденин алды. Ал эми министр Канат Садыков андан бери Кыргыз улуттук университетине ректор болгонго жетишти.

Каныбек Осмоналиев 2007-2012-жылдары билим берүү жана илим министри, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Каныбек Осмоналиев бир топ башка саясатчылар сыяктуу эле талапкер Өмүрбек Бабановду коштоп жүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG