Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Кара-Кулжа: "досторду" касташтырган каргаша


Алайкуу.
Алайкуу.

Кара-Кулжа районундагы кесиптик-техникалык окуу жайдын директору менен орун басарынын чатагы токтой элек.

Мындан жети ай мурда директордун орун басары Бакыт Супатаев эс-учун жоготуп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал ушу күндө директор Турсунбек Аматовдон токмок жегенин айтууда.

Окуя боюнча кылмыш иши козголгон, бирок тергөөдө иш кыскарып калган. Супатаев төрт айдан кийин комадан чыккан. Анын жактоочусу ошондон бери президентке чейин арызданып келет.

Аматов болсо Супатаев мас болуп жыгылып, денесине залал келтирген деп күнөөнү жабырлануучунун өзүнөн көрүп жатат.

Окуя быйыл 5-апрелде болгон. Алайкуудагы № 109 орто кесиптик окуу жайдын директору баштаган төрт-беш кызматкери ошол күнү кечке жуук Бишкектен келген конокторду узаткандан кийин майрамдашкан жана анда спирт ичимдиктери ичилген.

Бакыт Супатаев
Бакыт Супатаев

Ошондон кийин ​Бакыт Супатаев эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканада төрт ай жаткан. Көзүн ачкандан кийин адвокатына директор сабаганын айтып берген. Супатаев ушул тушта баса албайт, бир жак ыптасы кыймылдабай төшөктө жатат жана үзүл-кесил сүйлөйт.

- Бүгүнкү күндө бул кишини ушул абалга ким жеткиргени толук ырастала элек. Өзү "Алайкуудагы №109 кесиптик окуу жайдын директору Турсунбек Аматов урган" деп айтып жатат. Мен бул ишке окуядан 22 күн өткөндөн кийин аралаштым. Ошол директор "таяк менен урду" деп айткан жери да бар. Мен "эмне себептен урду" деген маселе койгом. Бакыт Супатаев бул суроого жооп бере алган жок. Бир ай ичинде кичинеден сүйлөп, жооп берип жатат. Ага чейин комадан чыккандан кийин өтө оор абалда болгон, - дейт анын адвокаты Маматмуса Алыкулов.

Адвокат Алыкулов, Супатаев менен сүйлөшкөндөн кийин мушташ акчанын айынан чыккан болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Анын айтымында, тергөөдө күбөлөрдүн көрсөтмөсүндөгү айрым жагдайларга көңүл бурулган жок:

- Сураштырсам кесиптик лицейге өкмөттөнбү же Билим берүү министрлигиненби, акча түшкөн имиш. Ошол акчага бул директордун орун басары бир жерине кол коюш керекпи же ортодо бир акча барбы, айтор ошонун айынан уруш чыгыптыр. Ошого бул кол койбой койгон экен деп түшүндүк. Мен тергөөнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө ишенбей, Оштогу ИИМге түздөн түз баш ийген Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүчү түштүк аймактык башкармалыктын тергөөчүлөрүнө бергенбиз. Бирок тергөөнүн кээ бир жери мыйзамга туура келсе, кээ бир жери туура келбей жатат. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө баа берилген жок. Ошол жерде Бакыт деген бала болгон. Ал көрсөтмөсүндө "мен барсам Турсун дегендин колунда таш бар экен, Бакыт Супатаевди басып алыптыр, ажыратып, колундагы ташты алып койдум” деген жери бар. Ушундай көрсөтмөдөн кийин ишке тиешеси бар адамды жоопко тартпайт же жооп бердиртпейт. Андан сырткары окуя болгон жерден башка таяк алынган, ал эми экспертизага башка таяк берилип калыптыр.

Бакыт Супаевдин аялы Айзат Супатаеванын айтымында, күйөөсү ооруканада жаткан кезде Турсунбек Аматовдун туугандары келип кечирим сураган жана дары-дармегине деп акча да берип кеткен:

- Анын карындашы келип, “Турсундан күнөө кетиптир, антели-минтели” деп жүрүштү. Баш-аягы 70 миң сом берди. Эгер күнөөсү жок болсо анда ал акчаны эмнеге берет? Эмнеге качат, келбейт? Эгер күнөөсү жок болсо анда Турсун эмнеге келбейт, эмнеге бир жолу сурап койбойт?

Биз орто кесиптик окуу жайдын директору Турсунбек Аматовдун өзү менен байланышып, окуя тууралуу сурадык. Ал орун басары Бакыт Супатаевдин азыркыдай абалга түшүп калганына күнөөсү жок экенин айтты. "Кызматкерин токмоктоду" деген дооматты да четке какты:

- Ал досубуз көп иччү. Ичкенде өзүн билбей оозунан көбүгү агып отурган жеринде уктап калчу. Азыр бир кол, бир буту иштебей жатканын ар кимден угуп жатам. Инсульт да бул. Бир жеринде так жок. Мушташтын изи жок. Айылдын, райондун алгач көргөн дарыгерлери да мушташтын изин тапкан эмес. Муну прокуратурадан келип текшерип кетишти. Эч нерсе тапкан жок. Ал досубуз ошол абалга түшүп калганына өзү гана күнөөлүү. Анткени өз убагында дарыланган эмес.

Ошол окуяга катышкандардын бири Бакыт Курмантаев 20-апрелде райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнө Турсунбек Аматов менен Бакыт Супатаев экөө кер-мур айтышып, мушташа кеткенин, Аматовдун колундагы ташты ала койгонун айтып, көрсөтмө берген.

Бакыт Курмантаевдин тергөөдө берген көрсөтмөсү
Бакыт Курмантаевдин тергөөдө берген көрсөтмөсү

Биз ошол Бакыт Курмантаев менен да байланыштык. Бирок ал райондук милицияга берген баштапкы көрсөтмөсүн өзгөртүп, мушташ болгону, экөөнү ажыратканы тууралуу сөздөрүн жокко чыгарып жатат:

- Айзат Аматов Турсун урган деп жүрчү. Эми мени да урду деп жатат. Мен урсам бир тырык же жараат болот эле да. Башында шишиги бар экен. Ошол жарылып, инсульт болуптур. Биз отурганда мушташ болгон эмес. Ал мас болуп калган. Аны өзүнүн кошунасы машинеге салып кеткен. Биз ага чейин түшүп калганбыз. Ошол Жоомарт деген коңшусу аны алып барып, үйүнүн жанына түшүрүптүр. Кийин аны балдары көтөрөбүз деп колунан түшүрүп жиберген деп угуп жатабыз. Айзаттын арызы боюнча Эсеп палатасынан келип эле жатыштат. Эч нерсе табышкан жок. Баарыбызды жүдөтүп бүттү.

Бул окуя эми эмне менен бүтөрү белгисиз. Турсунбек Аматов менен Бакыт Супатаев бул окуя болгонго чейин шилекей алышкан жакын достордон болгон жана үй-бүлөлөрү менен катышып келишкен.

Учурда Бакыт Супатаев бир кол, бир буту бүгүлгөн бойдон жазылбай төшөктө жатат. Бул мушташ боюнча тергөө иштери али да аяктай элек. Кылмыш иши жети айдан бери сотко жете элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG