Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Каракулова: Медиага кысымдын аягы жакшы болбойт


Элина Каракулова
Элина Каракулова

«Интерньюстун» директору, медиа эксперт Элина Каракулова «Апрель» телеканалынын айланасындагы кырдаалга баа берип, сөз эркиндигине жасалган кысымдын натыйжасы оор болорун эскертти.

«Азаттык»: Президенттер Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп сыймыктанып айтып келишет. Бирок буга карабай, ар бир президенттин учурунда журналисттерге кысым болуп эле келатат. 1990-жылдары журналисттер көп камалган учурлар катталып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде миллиондогон суммалык сотко берүүлөр болгон. 9-августта жаш, жаңы түптөлгөн «Апрель» телеканалын жаап коюшту. Өлкөдө сөз эркиндиги бар деп айтууга мүмкүнбү?

Элина Каракулова: Албетте, бизде сөз эркиндиги бар деп айтууга мүмкүн эмес. Ушул эле саясий көйгөйдө бизде телеканалдардын жолун тосуу, иштетпей коюу мүмкүн экенин көрсөттү. Бир нече маалымат каражаттарын тосмолошту. Ал тургай байланышты үзүшүп, окуя болуп жаткан жерден маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө бут тосушту. Мунун баары сөз эркиндигине зыян.

Буга кошумча айыпталуучу колго түшүп, УКМКнын абагында отуруп, тергөөгө алынганына карабай, «Апрель» телеканалы мыйзамды бузбай, анын ишмердигине байланыштуу айыптоо болбосо да бийликтин ага карата катуу чара көрүүсүнөн улам өлкөдө сөз эркиндиги тууралуу кеп кылуу абдан эле оор.

«Азаттык»: Эми бул окуядан кандай тыянак чыгарса болот? Бийлик сөз эркиндигине каршы чабуулга өттү десек болобу?

Элина Каракулова: «Апрелдин» артынан дагы башка каналдарга да ушундай чабуул болушу толук мүмкүн. Аларды жаппаса да айрым интернет каражаттарынын ишмердигин тосмолошу толук ыктымал. Басма сөзгө чабуул бизде ар дайым болуп келген. Прессаны акыркы беш жылда эркин коё берип, кайсы бир президенттин учурунда кысымга алган эмес деп айтууга мүмкүн эмес.

Басма сөз бийлик менен утур болуп келген карама-каршы абалда турат. Мындай күрөш күнүгө эле болуп жатат, азыркы бийлик эле чабуулду баштады деп айтууга болбойт. Бизде бир аз абал жакшырган эле. Акыркы жылдары экс-президенттин журналисттерге жана басма сөз каражаттарына койгон айыптары алынып, арыздар кайтарылгандан улам дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индексинде 15 пунктка көтөрүлүп калганбыз. Бирок кырдаалды жалпылап караганда, ар дайым басма сөзгө бийликтин кысымы болуп келген.

Биздин жаңы эгемендик тарыхыбызда ар дайым бийлик сөз эркиндигин ооздуктоого аракет кылып эле жатат. Азыр эле абал курчуп кетти деп айтуу туура эмес. Учурдагы абал мурда болуп келген окуялардын эле уландысы. Эмнегедир биз өткөндөн эч кандай сабак албай жаткандайбыз. Басма сөзгө мамиле жылдан жылга оңолбой эле авторитардык маанайда улам курчуп барат. Лидерлер алмашканы менен сөз эркиндигине жасалган мамиле ошол бойдон катуу, терс, демократияга каршы бойдон калууда. Биз дегеле башыбыздан өткөргөндөрдөн сабак ала албай жатабыз.

«Азаттык»: Мындай мамиле саясий кандай жыйынтыкка алып барышы мүмкүн?

Элина Каракулова: Эми бул багытта саясат таануучулар абдан эле көп илимий иликтөөлөрдү жасаган. Кысымга алуулар эртеби, кечпи баары бир терс натыйжасын берет. Авторитардык, тоталитардык режимдеги сөз эркиндигин изилдеген бардык эмгектерден буга далилдерди тапса болот. Канчалык плюрализм көп болгон сайын коомдогу толеранттуулук да артат, коом ынтымакка тез келип, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо, ар кандай партиялар менен иштөө жеңилдейт.

Саясий, диний ар тараптуулук, көз караштардын көп түрдүүлүгү болбогон коомдо маалыматтын бир эле булагы үстөмдүк кылып, ошол эле чындыкты айтып жатат деген көз караш чыгат. Дүйнөдө бир эле чындык болбойт. Ар бирибиздин өз чындыгыбыз бар. Заманбап дүйнөдө ар бирибиз өз чындыгыбызды сабаттуу жеткиргенди билишибиз керек.

Экинчиден, ошол чындыкты чогуу талкуулап, көйгөйдү чечүү жолдорун бирге издегенди үйрөнүшүбүз керек. Маалыматтын альтернативдүү булагы кайсы бир окуя тууралуу жалпы элести жаратканы менен ар бир адамдын жеке чындыгы бар. Анан ошол булактарды жаап, кысымга алуу эч качан жакшылык менен аяктаган жок. Коңшу өлкөлөрдү эле карайлычы, айрымдарында «Ютуб», «Фейсбук», «Инстаграм» жабылган. Бул эмнеге алып барат? Ал тургай мындай иш-аракет экономиканы да өнүктүрбөйт.

Айрыкча Интернетти чектөөнүн кесепети жаман. Маалымат канчалык аз болгон сайын эл дүйнөдө эмне болуп жатканын билбей, алдыга умтулуу дымагы басаңдайт. Коомдогу мындай кырдаал жакырчылыкка кеткен жол болуп саналат. Биз ушул багытта бара жаткандайбыз.

Кандай болгон күндө да, азыр «Апрель» телеканалына карата жасалган иш-аракеттерди мен аша чабуу деп ойлоймун. Туура эмес жаап салышты. Телеканал иштей берсе болмок. Акыркы окуяларды чагылдырууда кесиптештерибиз бир да мыйзамды бузбаганын билемин.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG