Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Кыргызстан Казакстан менен эрегише алабы?


Кыргыз-казак чегиндеги Чалдовар чек ара, бажы бекети.
Кыргыз-казак чегиндеги Чалдовар чек ара, бажы бекети.

Кыргызстан Казакстандын айрым товарларын киргизүүгө тыюу салуу жагын караштырууда.

Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын алууга тыюу салышынан улам Кыргызстан да коншусунун төрт түрдөгү товарларына тыюу салышы ыктымалдыгын өткөн аптада жарыялады. Эгер кыргыз бийлигинин бул планы ишке аша турган болсо анда Казакстандан кондитердик азыктарды, алкоголь менен тамекини импорттоо кыйындайт. Ошондой эле эт-сүт азыктарын алып кирүүгө тыюу салынат.

Ушул айдын башында Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын сатып алууга чектөө киргизген болчу. Ага Кыргызстанда мал оорулары күчөп жатканын шылтоо кылган.
Кыргыз тараптын жогорудагыдай чечимге келгенине ушул кадам түрткү болду.

Кыргызстандын экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев ошондой эле айрым бирдиктүү келишимдер аткарылбай жатканын белгиледи:

- Биз кол койгон келишимдер боюнча ар бирибиздин эки жактуу милдеттемелерибиз бар. Ошол эки жактуу милдеттемелер Казакстан тарабынан бир жактуу бузулуп жатат. Эгерде ушинтип бузула берсе биз да келишимге карата бир топ чектөөлөрдү коё алабыз. Бирдиктүү экономикалык аймак боюнча келишимдер бар. Эки жактуу түбөлүк достук тууралуу келишим бар. Анда эки мамлекет колунан келген шарттарын түзүп, соода-сатык айлантуусун көбөйтөт делет. Бирок бул чектөөлөр тескерисинче көбөйүп жатпайбы.

Учурда чектөө тууралуу пландын Кыргызстанга, анын ичинде ишкерлерге, карапайым калкка пайда-зыяны иликтенүүдө.

Бирок мамлекеттик башкаруу жаатында кеңешчи, маркетинг адиси Азамат Аттокуров министрликтин мындай кадамына каршы. Ал маселени башка жол менен чечүүнү жактайт:

- Чектөөгө каршымын. Эгер кирсе атаандаштык жоголот, андан улам товарлардын сапаты начарлайт. Экинчиден, баанын кымбатташына өбөлгө түзүлөт. Бул саясий кадам. Казакстандын сүтүбүздү, этибизди өткөрбөй жатканы да саясый кадам. Муну кызматташтык жол менен чечсе болот. Мисалы, эки өлкө биргелешип, экологиялык экспертиза түзүп, анын чечими акыркы жана өзгөрүлгүс болуп кабыл алынышы керек.

Буга чейин белгилүү болгондой, экономикалык болобу, же башка маселелерби, айтор көбүнүн аягы келип саясатка такалып калчу. Андан улам эки өлкө ортосундагы экономикалык кайым айтыш дагы саясий ыйкы-тыйкылыктан болуп жүрбөсүн деген ой туулат.

Бирок экономикалык талдоочу Улан Иманбеков мында кандайдыр бир саясий максаттар бар дегенден алыс:

- Негизинен бул жерде экономикалык эле кызыкчылыктар. Саясат жаатында Казакстан нейтралдуу позицияда. Ал жакта эт, сүт бизден эки-үч эсе кымбат. Ошонүчүн алар сырттан арзан товар келбесин, өзүбүздүн өндүрүүчүлөрдүн товары сатылсын деген саясатты карманышууда. Ар бир өлкөдө ички коопсуздук деген бар. Ошол позициядан алып караганда Казакстан жарандарынын алдында өз нормаларын аткарып жатат.

Кыргызстандын сырткы соода алакасында Казакстан Орусия менен Кытайдан кийин үчүнчү орунда. Казак коңшулардан Кыргызстанга негизинен тамак-аш азыктары алып келинет. Мисалы, кыргыз базарындагы йогурттун 70 пайызы Казакстандыкы.

Азырынча өкмөттүн чектөө киргизели деген планы гана бар. Анын ишке ашар ашпасы жакын арада билинет. Азыр чектөө киргизиле турган болсо Кыргызстан канчалык пайда табаары, же зыян тартаары иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG