Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Кара тумоо Казакстанды кооптондурууда


Кыргызстанда кара тумоонун катталышы менен Казакстан өз чек арасында көзөмөлдү күчөттү.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун айрым жерлеринде карантин күчүндө турат. Жакында тоодон мал кайтарып келген өспүрүм каза таап, ага кара тумоо жукканы аныкталган эле.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдөгү кара тумоого байланыштуу Жамбыл жана Алматы облустарында Кыргызстан менен чек арасында көзөмөл күчөтүлгөнүн маалымдады. Ага ылайык, борбордон атайын адистер барды жана кыргыз тараптан келгендер дыкат текшерилип жатат. Керектүү дары-дармектер камдалганын билдирип, жарандарын сак болууну эскертти.

Антсе да кыргыз тарап ашыкча кабатыр болуунун зарылдыгы жок деп эсептейт. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева кыргыз чек арачылары мурдагыдай эле тартиптке иштеп жатканын билдирди.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева “Азаттыкка” курган маегинде кара тумоонун бубон формасы аба аркылуу жукпасын, мындан улам оору эпидемияга айланбай турганын айткан:

- Оору Эңилчек айыл округунун Кашка-Суу жайлоосунда жуккан. Ал жерде коңшу өлкө менен жол катнаш жок. Учурда ал жерде посттор турат. Жайлоого барган-келгендердин, малдын катташына бөгөт коюлган. Чек араны жабууга негиз жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, учурда кара тумоодон каза болгон бала менен карым-катнашта болгон делген 131 адам ооруканада текшерилип жатат. Алардын 33ү медициналык кызматкерлер.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын үч тургуну кара тумоо жуккан деген шек менен ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Райондук санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Аскар Айдакеев буларды айтты:

- Алар ошол каза болгон бала менен байланышкан делген адамдар. Оору жуктургандар эмес. Алар дарыгерлердин кароосунда жатат. Бардыгы туруктуу, медициналык кызматкерлердин баары иштеп жатат.

Учурда Сары-Жаз жайлоосундагы малчыларды кара тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. Буга чейин Ичке-Жергез айылында 760га жакын адам текшерилген жана алардан оорунун мандеми байкалган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Каракол-Турген-Эңилчек жолунун 36 жана 110-чакырымдарында, Башаран жайлоосунда жана Ичке-Жергез айылдарында карантин бекеттерин коюп, жол каттамы жабылды.

Ак-Суу аймактык ооруканасында 22-августта 15 жаштагы Темирбек Исакунов аттуу өспүрүм каза болгон. Ал кара тумоодон ажал тапканы 25-августта белгилүү болгон. Бул окуяга байланыштуу атайын республикалык штаб түзүлгөн.

Ал арада Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов кыргыз-казак чек арасында кармалган малчыларга байланыштуу 28-августта Казакстанга барганы жатат. Ушул жылдын июнь-июль айларында Казакстан “чек араны бузду” деп 10дон ашык кыргыз жаранын камакка алган. Алар болсо мал издеп жүрүп кармалганын айтууда.

XS
SM
MD
LG