Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:21

Уламышка айланган Келдибек манасчы


«Тулпар Манасчы» ээсин тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

“Тулпар Манасчы” ээсин тапты

Манасчы Келдибек Карбоз уулунун урматына "Тулпар Манасчы" сыйлыгы 23-августа тапшырылды. Быйыл биринчи жолу уюшулган бул наамга КРдин эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдрахманов татыктуу болду. 

Манасчылар Келдибек манасчы кыргызда “Аттуу манасчы” атагын алып жүргөн үч залкар манасчынын бири болгонун белгилешет. Айрымдар ал акыркы доордо жашап өткөн бирден бир тулпарлуу манасчы болгонун айтышат.

Артында көркөм мурасы калбаса да, кийинки муунга легендалар аркылуу жеткен өнөрпоз тууралуу кезинде олуя акын Арстанбек Буйлаш уулу минтип ырдаган экен:

Мындан эки кылым мурда жашап өткөн сөз зергери тууралуу учурда уламыштар гана айтылып калган.

“Келдибек Манас айтканда,
Шамал уруп, бук болуп,
Боз үйлөргө жүк толуп.
Чагылган учуп чартылдап,
Кереге-уук карчылдап.
Үзүктөрү желпилдеп,
Түндүк жабуу салпылдап,

Эшиктери шалкылдап.
Ат дүбүртү угулуп,
Айыл калбай чогулуп.
Журт атасы Манастын,
Алмамбет, Чубак, Сыргактын,
Арбагы көзгө урунуп.
Кырк чоро кырдан суурулуп,
Кемпирлер турчу балпылдап,
Келиндер турчу калчылдап.
Желеде кулун чыңырбай,
Кымызга көңүл бурулбай.
Азынабай айгыры,
Аздектеп турчу бардыгы.
Төөлөр чөгүп жоодурап,
Карылары кобурап.
Койлор жуушап, кепшебей,
Коңулда иттер эт жебей.
Парбардигер кудурет,
Паана болуп өзүнө.
Кара тору түспөлү,
Кыпкызыл болуп чыңалып,
Арча отундай чок болчу.
Ашырып айтаар Манасты,
Ак уул, Куу уул кыргызда,
Андай адам жок болчу.
Түндүк бою түйүлүп,
Кереге бою керилип.
Коргошундай былкылдап,
Кор кызындай жылтылдап.
Он эки мүчө шалкылдап,
Бүт денеси балкылдап,
Он манжасы калтылдап.
Тар дүйнөнү унутуп,
Кең бейиште жүргөндөй.
Сыйкырдуу дүйнө аралап,
Керемет болуп кеткенин,
Көргөн жайым бар эле,
Көрбөгөн адам зар эле...

Тарыхтын бүктөмүндө калган өнөрпоз тууралуу өз алдынча иликтеп жүргөндөрдүн бири, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов Келдибек манасчынын өнөрү жөнүндө мындан таасын, мындан так сөз табуу кыйын экенин кеп кылды.

Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

“Саякбай Каралаев Манасты үндүн отузга чукул кырааты менен айтса бул киши Манасты алтымыш кыраат менен айтчу деп келишет. Үнүнүн угумдуулугу, обондуулугу бийик, эс тутуму жогору, билими терең манасчы болгон экен”.

Эл ичинде Келдибек Манас айтканда тегерегиндеги жандуу-жансызды бүтүндөй өзү менен арбап, ошол дүйнөгө ээрчип кеткени, табиятты да өзгөртүүгө учураткандыгы жомоктолуп айтылып келет.

Ошондой уламыштар тууралуу бүгүнкү күндөгү манасчылардын бири Дөөлөт Сыдыков кеп салып, Келдибек үчилтикти толук айтуу менен гана чектелбестен, Кошой, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак жөнүндө негизги чоролордун ар бирин үч-төрт бөлүмдөн турган өзүнчө көркөм окуялуу дастан кылып айта билгени менен да өзгөчөлөнгөнүн белгиледи.

Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

“Нарындан бир аттуу-баштуу киши Келдибекти чакырып Манас айттырат. Бир ай өткөндөн кийин үй ээси "Ой, Келдике, бүтүп калдыңбы, канчасы калды дагы?" деп сурайт экен. Анда манасчы бир мүшөк таруу алып келдирип, каптын оозунан бир ууч таруу алып, "мен баянымдын кочушумдагы таруудайын эле айттым. Калганы ошол бойдон турат...", - деген экен. Минткени ал кишинин манасчылык, ырчылык, жомокчулук касиетинин өтө кенендиги, тереңдиги. Бул киши канча айтса да түгөнбөгөн кенч болгон тура. Манасты көзү өткөнчө айтып бүтүрө алган эмес дешет”.

Дөөлөттүн айтымында, бизге жеткен маалыматтарга караганда манасчылык өнөрдө "Аттуу манасчы" даражасына жеткендер өтө сейрек. "Аттуу манасчы" дегенибиз ал өнөрпозго өңүндө эле аян түшүп, кайыптар тарабынан "минип жүр" деп кадимкидей эле ат тартууланган. Айрым санжырачылар Келдибек кыргыздын жапжалгыз аттуу манасчысы болгонун айтышса, Дөөлөт тарыхый булактарда "аттуу манасчылар" үчөө экенин: алар Келдибек, Балык ооз жана семетейчи Дыйканбай болгонун сөз кылды.

Манас таануучулардын бири Жылдыз Орозобекова "Манасты эң биринчи ким айткан?" деген суроого жооп издеп жатканда, эпостун өзүндө айтылган Ырамандын ырчы уулу менен Жайсаңдан кийин эле, элдин оозуна илинип калган Келдибек манасчы тууралуу сөз болорун айтат.

Угушума караганда Келдибек "Манас" баянын өтө керемет айткан киши болгон. Анын айткан баянынын кенедей эле үзүмү эсте калган. Ошол жерде эле анын драматизми татаал, пантомимикасы күчтүү, үнү кудуреттүү, касиет жылоологон киши болгону билинет. Тарыхта Келдибектин өзүнүн варианты калган эмес. Калышы да мүмкүн эмес эле. Себеби, ал кезде жазып алган киши болбой калган. Аны угуп калган кишилердин бири айтылуу Балык ооз манасчы болгон”.

Карбоз уулу Келдибек манасчы тууралуу 1937-жылы сталиндик репрессия курмандыгы болгон алгачкы кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев, манас таануучу катары ошол доордун запкысын көргөн Зыяш Бектенов, окумуштуу Болот Юнусалиев, казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзов жана манас таануучу Калим Рахматуллин баштаган илимпоздордун жазганы бар. Бирок кийинчерээк алп манасы тууралуу кеңири айтылбай, эскерилбей калган.

Бул тууралуу журналист жана публицист Темирбек Токтогазиев кеп салып, учурда улуу манасчыны эскерүүнү демилгелеп, коомдук уюмдар тарабынан азыркы манасчыларды эл алдында "Манас" айттырып, мыктыларына Келдибек Карбоз уулунун урматына "Тулпар Манасчы" сыйлыгын берүү уюшулганын билдирди.

Бул "Манас" эпопеясын элге жайылтуу жана манасчыларды кызыктыруу болуп эсептелет. Бизде негизи көбү бир эле окуяны айтып келет. Биздин залкар манасчылар Сагынбайдан "Манас" гана жазылган. Өзү семетейчимин деген менен Семетей жазылбай калган. Саякбай манасчыдан Манас, Семетей, Сейтек жана Кененимден үзүндү калды. Жусуп Мамайдан Манастын жети урпагы жазылган. Биздин бул иш-чараны уюштуруп жатканыбыз: бүгүнкү манасчылардан Келдибектей, Сагынбайдай, Саякбайдай деңгээлдеги манасчы бар деген тандоо болуп эсептелет”.

Келдибек Карбоз уулу, окумуштуу Райкул Сарыпбековдун иликтөөлөрүнө караганда Чүй боорунда Жел-Арык деген жерде ХVIII кылымдын аяк ченинде жарык дүйнөгө келген. Кийин өзүнүн уруусу азыктар турган Ат-Башыга көчүп барып, андагы Баткак деген жерде 1880-жылдары (болжол менен) 80 жаш курагында көз жумган.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG