Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Хабиб – Конор: акыркы он саат


Хабиб Нурмагомедов (солдо), Конор Макгрегор (оңдо)
Хабиб Нурмагомедов (солдо), Конор Макгрегор (оңдо)

Эки мушкер бүгүн таңда таразага түшкөн соң, көптөн күткөн мушташ өтө турганы анык болду.

Мына ошентип Хабиб менен Конордун мушташына саналуу сааттар калды. Азыр спорт сүйүүчүлөр "ким жеңет?" деген суроонун тегерегинде талашып-тартышып жаткан кези.

Эки дөөнүн мушташын кимдир бирөө Интернетке чыгарса, UFC катуу чара көрө турганын эскертти.

Андыктан бүйүр кызыткан таймашты лицензия алган телеканалдардан гана көрүүгө болот. Алардын катарында КТРК-Спорт каналы да бар.

Мушташка тоскоолдук жок

Ачыгын айтыш керек, Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун тарыхый беттеши жакшы жарнама болгон жок.

Мелдеш өтөт дегенден бери болгону эки жолу гана маалымат жыйын уюштурулду. Анын бирине Конор кечигип келгендиктен Хабиб кетип калды.

Темир булчуңдуу бул жигиттерди UFC мушташтырбай койсо деле болмок. Ага шылтоо деле көп болчу. Бирок уюм ага көз жуумп, мелдеш өтө турган болду.

Ошентип ирландиялык жана дагестандык мушкерлер таразага тартылышты. Хабиб Нурмагомедов 70 килограмм 300 грамм, Конор Макгрегор андан 300 граммга жеңилирээк чыкты.

Эки мушкердин 21-сентябрдагы маалымат жыйыны.
Эки мушкердин 21-сентябрдагы маалымат жыйыны.

Мушташ качан башталат?

Жалпы жонунан UFC уюштурган мушташ АКШнын Лас-Вегас шаарында 6-октябрдын түнүндө, биздин убакыт боюнча 7-октябрдын таңында 6:30дан тарта башталат. АКШ менен Бишкектин убакыт айырмасы 12 саат.

Эске ала кетчү бир жагдай, Конор менен Хабибдин беттешине чейин ал күнү 11 мушташ болот.

Эки дөөнүн кармашы эң акырында, 12чи болуп өткөнү турат. Тагыраагы, саат ондон баштап беш мушташ бар жана акыркы болуп рингге Макгрегор менен Нурмагомедов чыгат.

Мушкерден - душманга

Буга чейин эки мушкерге букмекерлер кандай баа берип жатканын, экөөнүн өзгөчө стилдери тууралуу кенен сөз кылганбыз.

5-октябрдагы эки спортчунун маалымат жыйынында айткан сөздөрүнөн улам, алардын бири-бирине кек сактап калганы ачык байкалды.

Хабиб “мушташтан кийин Конор менен кол алышпайм” десе, Конор атаандашын оозго алгыс сөздөр менен шылдыңдап келет.

Андыктан бул кимдир бирөө үчүн шоу болсо, мушкерлер үчүн өч алууга барабар болуп калды жана ушунусу менен дүйнө Хабиб – Конор урушуна өзгөчө көңүл буруп турат.

Нурмагомедов менен Макгрегордун минтип бири-бирин кыртышы сүйбөй турганы күйөрмандарына да таасир эткендей.

Буга Орусияда 30-сентябрда өткөн “Зенит” жана дагестандык “Анжи” футбол командаларынын таймашын мисал келтирсе болот. Ага “Анжинин” күйөрмандары Хабибдин сүрөтү жана “Биз бир командабыз” деген жазуусу бар футболка кийип келсе, “Зениттин” күйөрмандары “Макгрегор, Макгрегор” деп кыйкырып жатышты.

Учурда орусиялыктардын өз мекендеши Хабибди эмес, Макгрегорду колдоп жатышынын себеби көп түрдүү.

Буга Орусиядагы славяндардын Кавказдан же башка жактан келгендерди жактырбаган маанайы, Хабибдин күрөшкө окшош мушташуу ыкмасы, динге берилгендиги өңдүү толгон мисалдарды келтирсе болот.

Калган орусиялык күйөрмандар Нурмагомедовдун өткөн айда бир нече ырчыларга каршы онлайн-компанияга катышканын кечире албай турган чагы. Акция шылдыңдоо, коркутуу менен коштолгондуктан Дагестанда белгиленген шоу-концерттер өтпөй калган.

Мушкер орусиялык Егор Крид баштаган өнөр адамдары аткарган ырларды "исламга жат, жаштарды бузат" деп сындаган.

Хабибдин бул кадамы чечен президенти Рамзан Кадыровду ачык колдогон ырчы Тиматинин да кыжырын кайнаткан.

Мурманск шаарынан бир аткаминер "Нурмагомедов өз күйөрмандарын шылдың кылбаганда (ырчыларды айтып жатат), мен аны колдомокмун. Эми харизмасы күчтүү ирланддык жигит утса экен деп тилейм" деп жазды.

Макгрегор менен орус президенти Путин.
Макгрегор менен орус президенти Путин.

​Ошол эле маалда Макгрегор да өз күйөрмандарын экиге бөлүп турган чагы. Мушкер быйыл орус президенти Путиндин чакыруусу менен Москвада өткөн дүйнөлүк футбол чемпионатынын кубок тапшыруу аземине катышкан. Конордун орус лидерин кучактап сүрөткө түшүп, аны "доордун улуу адамдарынын бири" деп сыпаттаганы айрыкча Батышта сынга кабылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG