Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Кочкор: наристелердин өлүмүнө энеси шектелүүдө


Кылмыш ушул үйдө болгон
Кылмыш ушул үйдө болгон

Кочкор районунда эки жана үч жаштагы ымыркайларын өлтүрүүгө шектелген 30 жаштагы аял кармалды. Райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, кылмышка шектелген аял балдарынын башына желим баштык кийгизип тумчуктуруп өлтүргөн.

Окуя 16-октябрда Кочкор районунун Чекилдек айылында болгон. Эки жолу ажырашкан, жалгыз бой жашап жүргөн аял алгач ымыркайларын жуунтуп, анан дары берип жаткырып койгонун, эртеси эле кыздары уйкудан ойгонбой калганын айткан. Бирок алгачкы тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү кыздарын желим баштык менен тумчуктурганы аныкталган.

Бул тууралуу Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Асеков билдирди.

- Чекилдек айылындагы эки кыздын өлүмү тууралуу кабар түшкөндө райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышты иликтөө тобу ошол айылга барган. Алгачкы кароо иштерин жүргүзгөн учурда аял кыздарын жуундуруп, анан дары бергенин айткан. Дароо эле ыкчам топ наристелерди соттук-медициналык экспертизага жиберген. Андан соң кылмышка шектелген аялды суракка алганда ал тайсалдап, суроолорго так жооп бере алган эмес. Көп өтпөй аял кыздарын желим баштык менен тумчуктуруп өлтүргөнүн айтып берди.

Окуя болгондон кийин биринчи болуп айылдын фельдшери Гүлзат Жолдошбек кызы барган. Ал кыздардын денеси эбак муздап калганын айтат.

- Ал күн дем алыш болгондуктан мен үйдө болчумун. Жолдошум айылда эки наристе чарчап калганын угуп, мага айтып келди. Мен дароо ал үйгө барганда кыздардын энеси аларды шейшепке ороп койгон экен. Денесинде эч кандай көгала тактар жок. Эмне болгонун сурадым. "От жагып, иске ууландыбы?" десем, от жаккан үйгө укташпаптыр. Таң калычтуу болду.

Айылдын фельдшеринин айтымында, кылмышка шектелген аял кыздарын убагында эмдөөгө алып келип турчу. Айылдын медициналык пунктуна жардам сурап кайрылган деле эмес.

Кыздарын өлтүрдү деп шектелип жаткан аялдын ата-энеси "өлгөндүн үстүнө көмгөн" болуп, кан жутуп турган чагы. Энеси Сүйүн Жунушова кызы бул кадамга турмушунан аксап жүргөнүнөн улам барган болушу мүмкүн деп боолгойт.

Кызы мектепти бүткөндө окуусун уланта албай, ошол эле Кочкор районунун Кара-Тоо айылына турмушка чыккан. Бирок барган жери менен ыркы келишпей, кызын көтөрүп, төркүнүнө баса берген. Андан соң Бишкекте тигүүчү болуп иштеп жүргөн. Көп өтпөй үч балалуу кишиге башын байлайт. "Багы жокко дагы жок" болуп, ал жолдошунун "кызыл камчысына" чыдабай, эки кыздуу болгондо төркүнүнө келүүгө аргасыз болгон.

- Кызым балдарын абдан жакшы көрчү. Кыздарынын жанынан чыкчу эмес. Экинчи күйөөсү менен расмий никеге турбаптыр. Ошондон улам кыздарына күбөлүк ала албай, алименттен да куру калган. Андан кийин кыздарына жөлөк пул алам деп жакшы эле чуркады. Бирок өзүнчө түтүн болбогондон кийин, ата-энеси менен жашайт деп жөлөк пул бербей коюшту. Ошондон кийин эле кызым түнт тартып кетти. Тамакка табити тартпай, эл менен сүйлөшпөй калды. Кыздарын жанынан артык көрчү, анан эмнеге мындай болуп кеткенин түшүнбөй калдык. Биринчи никесинен төрөлгөн кызы биздин колубузда. Ал эми экинчи никесинен төрөлгөн эки кызынын атасы ажырашып кеткенден бери бир басып келген эмес. Кайра башка аял алыптыр деп уктук.

Наристелер ушул көрүстөнгө көмүлдү
Наристелер ушул көрүстөнгө көмүлдү

Такталбаган маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү алгач кыздарын өлтүрүп, алардын артынан өз жанын кыймак экен. Бирок кылган ишине өкүнгөн аял кыздарынын жансыз денесин кучактап уктап калган. Жанын кыюуга үйүнө келген киши тоскоол болгон.

Үрөйдү учурган кызынын мындай кылыгына таң калып, бир чети аны аяп жаткан ата-эне эми анын психикалык абалын текшертүүгө аракет кылып жатат.

Наристеге карата жасалган кылмыш Нарын облусунда быйыл ушуну менен экинчи ирет катталды. Жазында Нарын районунун Учкун айылында 1,5 жаштагы наристени сабап өлтүрдү деген шек менен анын тайжеңеси камакка алынган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG