Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Көкбөрү: "Достук" "Ынтымакты" утту


"Достук" командасы жана анын күйөрмандары.
"Достук" командасы жана анын күйөрмандары.

Финалда Оштун "Достук" командасы Таластын "Ынтымагын" утту.

Жеңиш күнүнө карата Республикалык ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өттү. Ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун оюндарынан тышкары майрамдын көркүн көкбөрүдөгү айыгышкан атаандаштар “Достук” жана “Ынтымак” командаларынын оюндары толуктады.

Жеңиш майрамынын урматына өткөн ат оюндардын арты менен Көчмөндөр оюндарына карата улуттук курама команда түптөлдү. Андыктан бул оюндарга өлкөнүн булуң-бурчунан күчтүүлөр иргелип келди.

Эр эңиштен эч кимге алдырбаган Нарын

Финалдык күн эр эңиштен башталып, Нарындын балбандары мыкты даярдыкта экенин дагы бир ирет далилдешти. Беш салмактык категориянын ичинен үч алтын медалды Нарындык эр эңиш балбандары алса, жалпы командалык көрсөткүчтө теңир тоолуктарда сегиз медаль топтолду. Бул экинчи орунда калган Таластын эр эңишчилеринен үч эсе көп экенин башкы калыс Нуржан Сүймөналиев айтып өттү:

- Бул мелдешке чейин ар бир облустан тандоо айлампасы болуп өткөн. Ошондуктан ар бир облустан чектелүү гана спортчулар чакырылды. Ошентсе да Нарындан өтө көп балбан келди, ал эми 90 кг салмактагы беттештерде алдыңкы үч орунду тең Нарын облусу алып кетти. Көчмөндөр оюндарында эр эңиш боюнча дал ушул облустун спортчуларына көбүрөөк үмүт бар.

Эр эңишке түшкөн балбандар.
Эр эңишке түшкөн балбандар.

Ал эми көрүүчүлөрдүн көңүлү негизинен көкбөрү беттештерине бурулуп, майрамдык турнирди Ош менен Таластын улакчылары көркүнө чыгарды. Оштун “Достугу” менен Таластын “Ынтымагы” кийинки убакта бири-бирине баш бербей атаандаш болуп калганы менен, акыркы жеңиш “Ынтымакта” калган. Анткени акыркы эки жылда Нооруз турниринде “Ынтымак” 8:7 (2017-ж.) жана 2:1 (2018-ж.) эсебинде “Достукту” утуп кеткен. Ушундан улам “Достукта” өч алууга шарт түзүлсө, Таластын улакчылары чемпиондук наамды кармап калуунун аракетин көрмөк.

Манастын "Бойкасы" башка аттарды артка калтырды

Оюн башталар замат “Достуктун” мыкты оюнчусу Манас Ниязов эсепти ачканга жетишсе, көп өтпөй ошол эле Ниязов экинчи улакты таштап, ал эми экинчи таймда эсепти 3:0 кылганга жетишти. Манас Ниязов мындай оюндун жүрүшүн минип жүргөн аты “Бойканын” жакшы тапталганы менен түшүндүрдү:

- Өткөндөгү Нооруз оюнунда атым кичине семиз болуп калган. Бул саам жакшы табына келди. Эттен түшүп, атым калыбына келип калыптыр. Бирок ошентсе да өзүм Талас командасына үч улак таштап салам деп ойлогон эмесмин.

Ал эми үчүнчү таймда Таластын “Ынтымагы” Азим Болот уулунун жана Чубак Нурмамбет уулунун көмөгү менен эсепти кыскартканга жетишти, бирок үчүнчү улакты таштаганга “Ынтымакка” убакыт жетпей калды.

"Ынтымак" командасынын улакчысы Нуржан Мелисбек уулу (көк кийимчен).
"Ынтымак" командасынын улакчысы Нуржан Мелисбек уулу (көк кийимчен).

Оюн бүткөн соң “Ынтымактын” капитаны Марлис Койгелдиев командалаштары “Достукка” каршы өтө чабал ойногонун айтып өкүндү:

- Утулуп калганыбызга өзүбүз гана күнөөлүүбүз. Өтө эле бош ойноп койдук, аягында гана өзүбүздү жыйнаганга жетишип, бирок убакыт жетпей калды. Айтканыбыз менен “Достук” да күчтүү команда. Байгелери өздөрүнө кут болсун.

"Достук" ат майдандын эбин тапты

“Ынтымак” командасынын аттары “Достуктукуна” караганда күчтүү болгону менен Чолпон-Ата ипподромундагы кумдун абалы аттарга артыкчылык берген жок. Көкбөрү боюнча эксперт Расул Чокоев ипподромдогу кумдун калыңдыгы 30-40 сантиметрге чейин жеткендиктен, аттардын жүрүшү жай болуп, мындай жерде күлүк аттарда артыкчылык көп болоруна токтолду. Ал эми Манас Ниязовдун “Бойкасы” дал ошондой күлүктүгү менен айырмаланат:

- Оюн жүргөн талаа абдан оор болду. Жердеги калың кум аттардын оюнун оорлотуп коёт. Мындайча айтканда жер оор болот. Эгер оюн талаасы дурусураак болсо оюн эсеби 3:2ден да көп болуп кетмек. Ошондуктан жердеги кумдун 15-20 сантиметрин алып салыш керек. Ошондо оюнчунун чеберчилиги, аттын мыктылыгы көзгө көрүнүп, оюн дагы жогорку ылдамдыкта кызыктуу өтөт.

Манас Ниязов (кызыл кийимчен).
Манас Ниязов (кызыл кийимчен).

Жеңиш күнүнө арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш эки лигада өттү. Биринчи лиганын оюндарында алтын медаль үчүн “Сары-Өзөн” жана “Толкун” командалары ойноп, Чүй облусунун улакчылары 5:2 эсеби менен жеңишке жетти.

Жеңиш майрамына карата ат оюндары Чолпон-Ата шаарында 6-майда башталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG