Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Бийлик партиясынан биримдик кетти


КСДПнын жыйындарынын бири.
КСДПнын жыйындарынын бири.

Учурда Кыргызстан социал-демократтар партиясындагы (КСДП) ажырым коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

КСДПдагы кризис Кыргызстандагы көп партиялуулуктун мүнөздүү көрүнүшүбү? Саясий күчтөр ички интригалардын деңгээлинен көтөрүлүп, идеологиялык максаттары үчүн күрөшкөн коом алдындагы саясий жоопкерчилигин канткенде түшүнөт?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев жана саясий серепчи Сейтек Качкынбаев катышты.

«Азаттык»: Каныбек мырза, бийликтеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасындагы акыркы жылдагы ажырым күч алды. Партиянын кезектеги курултайын өткөрүүнүн тегерегинде да талаш кызыды. КСДПдагы кризистин негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев: КСДПдагы бүгүнкү кризистик абалдын себебин бир эле нерседен көрөм. Эң башкысы - партия мүчөлөрүнүн башын бириктире турган, коомдун өнүгүшүнө алып келген программалары жок. Бул партия үчүн ыйык баалуулуктар жок, болгон да эмес. Алар үчүн байлык топтоп, бийликке келүү баарынан жогору турат.

Мен КСДПны жалпы кызыкчылыктар эмес, утурумдук кызыкчылыктар менен баш кошкон уюм катары эле көргөм, ал жөнүндө мурда да айтып келгем. Бул партиядагылар 2011-жылы ушундай жол менен бийликке келишкен, 2015-жылы да андан күчөп, парламентке киришти. Бүгүн эми жетер жерине келип отурат.

КСДПдагы кризистик абал жалпы өлкөгө терс таасирин тийгизе баштады. Андагы кризис 2011-жылы парламенттин төрагасын шайлап жатканда башталган, ошондо эле алар бийликти узурпациялоого киришкен.

КСДПдагы ички ыйкы-тыйкы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында эле байкалган, анда мен «Ар-Намыс» партиясынан депутат элем. Партия, анын парламенттеги фракциясы сыртынан караганда жакшы, бекем көрүнгөнү менен, ичинен караганда борпоң, бош, идеясы жок адамдардын башын утурумдук кошуп турган саясий уюм экени байкалчу. Атамбаев бийликте турганда анын баары сыртка билинчү эмес, ал күчкө салып катуу кармап келген. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин баары ачыкка чыгып, партия экиге бөлүнүп отурат.

«Азаттык»: Сейтек мырза, КСДПнын тегерегиндеги талаш-тартыш партия ичиндеги идеологиялык көз караштардын келишпестигиби же лидерлердин жеке дымагынын натыйжасыбы?

Сейтек Качкынбаев.
Сейтек Качкынбаев.

Сейтек Качкынбаев: Мен мунун эки себебин көрүп турам. Биринчиси партиянын идеологиясына байланыштуу деп айтсак болот. КСДПны Кыргызстандагы тарыхы бар, тажрыйбалуу партия деп таанып келгенбиз. Бүгүнкү кризисти карап отуруп, ал партиянын тегерегинде идеологиялык максаттар менен бириккен, ал үчүн бекем турган адамдар бар экенине деле ишене албай отурабыз.

Экинчиден, бул Кыргызстанда саясий партиялар жөнүндө мыйзам чийки экендигин көргөзүүдө. Бизде мыйзамдарда партиянын лидерлери ким болушу керек, алар кандай шартта шайланышы керек, Жогорку Кеңештин ичиндеги фракция лидерлеринин абалы, статусу кандай болушу керек деген дагы көптөгөн пункттар так жазылбаганынан улам ушундай абал түзүлдү.

Көп партиялуулуктун дүйнөлүк тажрыйбасын карап көрсөк, шайлоодо жеңип келген партиянын лидери парламенттин ичинде болушу керек болчу. Бизде партиянын лидери сыртта болуп турду. Президент болгондугуна байланыштуу убактылуу партия лидерлигинен кетип турду да, кызматтан кеткенден кийин кайра партия башына барып алды. Бир жагы күлкүлүү көрүнүш. Бул көрүнүш жеке эле Алмазбек Атамбаевге байланыштуу эмес. Кыргызстанда алигиче жалпы эле саясий маданият калыптана элек.

Бийлик партиясындагы ажырым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

«Азаттык»: Каныбек мырза, КСДПнын экинчи тарабындагылардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «партияны бөлүп-жарууда бийликтин колдоосу болбосо бул долбоор иштебейт эле» деп жатат. Партиялык кризиске азыркы бийликтин канчалык тиешеси бар?

Каныбек Осмоналиев: Маселенин өзөгү - КСДПнын лидерлигин талашуу, алуу. Партиянын бир тарабы «6-апрелге курултай өткөрөбүз» деп жарыялады эле, экинчи тарабы «3-апрелге курултай өткөрбүз» деп чыкты. Мен экинчи тараптын башында турган Иса Өмүркуловдун интервьюсун көрдүм. Анын чабуулга өтүп, ишенимдүү сүйлөп жатканына караганда бийлик тараптан колдоо болгондой сезилип турат, муну ачык эле айталы. Кыргызстан кичинекей эле, ар бирибиздин кыймылыбыз жарым сааттан кийин жалпы өлкөгө билинет.

Кыскасы, КСДПда айыгышкан күрөштүн этабы башталды. Бул кризис апрель айындагы курултайлар менен бүтпөйт, булар «меньшевик-большевик» деген стадиядан да өтүп кетишти. Менимче, КСДПны талашып жаткан эки гана күч эмес, үчүнчү күч да бар экендигин эске алалы. Абдрахманов баштаган «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы толугу менен Өмүркулов тарапты колдойт деп айта албайбыз. Ал тургай жаштардан куралган «төртүнчү күч» пайда болду деген маалыматтар чыгып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG