Бала кезде буудандай жаштыгым Орусиянын шаарларында каларын кайдан билипмин? Артка кылчайсам жыйырма жылдан ашуун өмүрүм мекенден алыс жерде өтүптүр. Айрыкча алты-жети жыл аралыгында ишиме байланыштуу орустардын ири шаарларына көп бардым.
Кайсы шаарын караба, биздин мекендештер тытынып иштеп, тыңыраактары жарандык алып да жатышат. Кайда барбайын, алардын жашоосуна көз салам. Азыраак айырмачылык болбосо, баарынын эле тирилиги окшош.
Орусияда КМШдан барган мигранттар түрдүү тармакты бөлүшүп алгандай элес калтырат. Армяндар жол оңдоп, азерилер соода кылып, өзбектер ашкана ачып, тажиктер курулуш менен алектенип, биздикилер жеңил өнөр жайы менен тейлөө тармактарын өздөштүрүп алган.
Москвада кыз-келиндерибиз сулуулук салонунда иштеп, жигиттерибиз такси айдап жүрүшөт. Заводдо иштеп жаткандары да арбын.
Ири шаарлардагы диаспора өкүлдөрү көңүл чөгөрөт
Орусияда мигранттар көбөйгөндөн тартып ар улуттун диаспоралары да ачыла баштаган. Тилекке каршы, биздин диаспоралардын айрым өкүлдөрү ич жылытпайт.
Юридикалык жактан билимдүү, тилди суудай сүйлөп, коомдук иштерди жогорку деңгээлде алып барып, маселеңди чече алган диаспора өкүлдөрүн көргөндө төбөң көккө жетет. Тилекке каршы, баары эле андай эмес. Көп шаарларда диаспора өкүлдөрү билимсиз, иштин көзүн билбейт. Орус тилинде шар сүйлөп, өз оюн жеткиликтүү түшүндүрө албагандар жүрөт.
Алар “оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” дегендей, билимине, деңгээлине, тажрыйбасына жараша диаспораны жетектеген жок. Соодасы кирешелүү, ашкана, кафе иштеткен же ошол аймакта жашап, жердештери сыйлаганы үчүн шайланып калган өкүлдөр бар. Милицияда балким таанышы иштейт дегендей...
Орустар Москваны башынан эле “Көз жашка ишенбеген шаар” деп сыпатташат. Бөтөн жерде сени эмне күтүп турганын билбейсиң. Мындай учурда түрдүү улуттар менен тил табышып, мыйзамды жатка билип, маселени жеринде чече алган адис керек. Иш менен эле алыша бербей, майрам күндөрү маданий иш-чара уюштура билген адам болсо дейсиң.
Болбосо бирөөгө жаздырып алган текстин да тыңдап окуй албагандар кездешет. Аларды көргөндө арданып, жер карайсың.
Кээ бир шаарларда диаспора ичинде ырк жок, кыргыздар ич ара бөлүнүп, өз-өзүнчө иш алып барышат. "Мен өкүл болом" деп талашкандары да бар. Бирине бири бут тоскон, башка улуттун алдында бири бирин сөзгө сындырган мекендештерди көргөндө жаның кейийт.
Балким бул макаламды көзү чалып калган миграция өкүлдөрү кыргыз элинин аброю, ар-намысы үчүн мен айткан маселени көтөрүп, талдап ойлонушат чыгаар деген пикирдемин.
Мигрант жаштар жана максатсыз жашоо
Диаспора өкүлчүлүгүндөгү таанышыма жардам берип, мусулманчылык парзымды аткарып, базарларды, ишканаларды аралап, жердештеримен “жүк 200гө” акча чогулттум.
Жай күндөрү улуу элдин тукуму экенибизди жар салабыз. “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дегендей, бир жердешиң каза тапса, жаның кейийт.
Биздин мекендештерибиз “менин орус жарандыгым бар”, “мунун мага тиешеси жок”, “башка райондонмун” десе, жаныңда кыргыз эмес, башка улуттун өкүлү тургандай сезилет. Сөөк жөнөтө албай каржалып турганда мындай сөздү угуу өтө эле оор.
Ар бир ымыркай жарык дүйнөгө келгенде ата-энеси чексиз кубанычка бөлөнөт. Ал кичинекейинде уул-кызы баарынан акылдуу, сулуу болуп, келечекте чоң кызматты аркалай тургандай сезилет.
Кээ бир ата-эне уул-кыздарын узатып жатканда жакшы акыл-насаат айтпай эле “жумушка орношсоң акча сал, карыздан, насыядан, кутулалы, той берели” деп кулагына куят окшойт. Орусияга барса эле акча жолдо жаткандай ойлошот.
Бирок бөтөн жерге барып алып кайдыгер, максатсыз жашаган жаштар көп. Эптеп батир акысын төлөп, күн өткөргөндөр арбын. Ата-энесин, алыстагы жакындарын ойлобой күнүмдүк жыргалчылык менен жашаган жеңил-желпи кыздарды көрдүм.
Кыздарыбыз башка улуттун адамдары менен мамиле түзгөнүнө сыймыктанат, жигиттерибиз “келинчегим орус, жергиликтүү” деп чоң сүйлөйт.
Кайсы шаарга барбайын, кыргыздарды издей баштайм. Ала-Тоодон келгенин көзүнөн тааныйм. Аларды сөзгө тартып, иштеген иши, абалы, жашоо-шартын сурайм.
Диаспора тууралуу сөз кылсам: "Ал ким, эмне иш кылат?" деп кайра өзүңдөн сурашат. Кыргыздар менен иши, кабары, мамилеси жок, өзү менен өзү болгон кайдыгерлери канча дейсиз! Билген күндө да ал коомго ишенбейт, кайрылбайт.
Бардык жерде абийир, уят, ар-намыс, мекенчилдик жетишпейт
Кыргызда жигиттер бир үй-бүлөнүн эмес, бир уруунун, керек болсо улуттун жүгүн көтөрүп, жоодон коргоп келген.
Бүгүн алар кандай уулга айланды? Кара курсагы үчүн өзүнөн 10-15 жаш улуу аялдар менен жашап алгандары бар. Жашы өтүп калган аялдар деле үйүндө калган бала-чакасын унутуп, энелик касиетин жоготкондой.
Журналисттер миграция темасын көп жазганы менен көп көйгөйлөрдү үстүрт гана чагылдырат.
Мамлекет жаштар саясатын колго алып, 25 жаштан жогору, кесиптик же жогорку билими бар гана адамдарды миграцияга жөнөтүүнү колго албаса, бүтүндөй муунду жоготкону турабыз.
Улуу элдин урпактары акча үчүн алыскы Орусияда ушундай абалда...
Темирлан Бейшенов, инженер, Орусия