Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Мадумаров: Бийлик менен кызматташпайбыз


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын, ошондуктан жаңы бийлик менен кызматташпасын тастыктады.

"Азаттыкка" маегинде Мадумаров жаңы оппозициячыл күчтөр өз ара биригүү боюнча сүйлөшүп жатканын белгиледи. Адахан Мадумаров 30-октябрда өткөн президенттик жарышта экинчи келген эле.

- Шайлоодон соң кызматташуу тууралуу ар кандай сунуштар түшүп жатканы айтылууда. Сизге кызматташуу тууралуу сунуш түштүбү?

- Бир катар гезиттер "Адахан Мадумаров губернаторлукту сураптыр, мэрликти сураптыр" деп жазып жатышпайбы. Айланайындар, ошол кызматтар өздөрүнө буйрусун.

Биринчиден, шайлоо бүткөн соң телефон аркылуу эч ким менен сүйлөшө элекмин. Экинчиден, мен соодагер эмесмин. Үчүнчүдөн, кыргыз тарыхында өтө бурмалоо менен өткөн ыплас шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп жарыялаганбыз. Азыр деле ошондой позициядабыз.
Кыргызда шейит деп, өтүп кеткен кишини айтышат. Бирок "шейиттер" деп өтүп кеткен кишилердин чапанын жамынып алып, бул жакта саясат жасап жүргөн тирүү кишилер шейит эмес.

Мен кызматтын кулу эмесмин. Ал эми соодалашкандар болсо барып жатышат, сүйлөшүп жатышат. Алар да мени өздөрүндөй көрүп жатышса керек.

- Буга чейин Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун губернаторлук кызматын сунуш кылганын, бирок сиз андан баш тартканыңызды айткан эле. Демек жаңы бийлик менен кызматташуу оюңузда жок экен да?

- Андай ой таптакыр жок. Себеби таза бийликте иштегим келет. Мына Бакиевдин мезгилинде иштей коюп, азыр "бул Бакиевге иштеди" деп кыйкырышып, бакырышып жүрүшпөйбү. Эртең булардын да күнү ошондой болот.

Эгер таза шайлоо өтсө, таза күрөш болсо, жеңген кишини куттуктайм деп айткам. Бирок бүгүн таза шайлоо болгонун ким айта алат? Кимдин кайсы жерде канча добуш алгандыгын протоколдорун оригиналдары биздин колубузда турат. "Ушунун баарын көрүп туруп куттуктап койсоң, анда деле кызмат керек экен, бул болуп көрбөгөндөй арам жол менен келген кишилерди куттуктады" деп кыйкырып чыгышат.

- Президенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирип жатасыз. Сиздин пикирде, шайлоодо ыза болгон калктын бөлүгүнүн нааразычылыгы кандайдыр бир жол менен чыгып кетпейби?
Мен кызматтын кулу эмесмин. Ал эми соодалашкандар болсо барып жатышат, сүйлөшүп жатышат.

- Утулсаңар сотко кайрылгыла деп жатышат. Соттун жүзү кандай экенин көрүп жатабыз. Бүгүн Кыргызстанда сот жок десек болот. Экинчиден, ыза болгон эл бүгүн чыгабы же эртеңби, үч айдан кийин же беш айдан кийин чыгабы, аны эч ким айта албайт. Бирок ачык айтып коюшум керек, элдин кыжырдануусу чегинен чыгып турган учур.

Күн сайын КТРК же башка каналдар аркылуу Роза Отунбаеванын бактылуу экенин, шайлоонун таза өткөнүн, элдин колдоп жатканын баягы Акаевди, Бакиевди мактап жүргөндөрдүн оозу менен мактатып, сайрап жатышат. Булар өткөндөн сабак албай жатышат.

- Кыргызстандын жана эл аралык коомчулук Роза Отунбаеванын президенттикти тынч жол мене тапшырышын Кыргызстанда жаңы саясий маданияттын башталышы катары карашууда. Сиз буга кошуласызбы?

- Бул жаңы саясий маданият эмес, жаңы саясий көрүнүш калыптанып жатат. Ал - сатып алуу, көз боёмочулук, бурмалоо менен бийликти тартып алуу. Мунун өтө жаман жагы бар. Эл азыр баарын байкап Кыргызстанга шайлоонун кереги жок экен деген жыйынтыкка келип жатышат. Бул жаман көрүнүш. Бирок ушуга түртүп, ушуга мажбурлап жаткан бүгүнкү азаматтар аман болушсун.

Дагы бир жолу айткым келет, 2005-жылы мартта, 2010-жылы апрелде элдин нааразычылыгы бүгүнкүдөй болгон эмес. Бүгүн унчукпай бизде баары тынч, баары жакшы, бийлик тынч жол менен өтүп жатат дегендер өтө терең жаңылышат. Элдин нааразычылыгы көлмөдө толуп жаткан суу сыяктуу, бир күн болбосо бир күн бир жеринен жырып, апаат болуп кетиши мүмкүн. Мен анын колдоочусу эмесмин. Бирок ошол мезгилде эч ким токтото албай калышы мүмкүн. Дагы бир ирээт эскертким келет, баары жакшы, бийликти тынч өткөрүп берди дегендер жаңылышат. Бийликти өткөрүп бергендей Отунбаева бийликте отурган эмес.

- Азыр парламентте коалиция түзүү боюнча абдан чоң талкуулар болууда. Айрымдар көпчүлүк саясий күчтөр катышуусу менен кеңири коалиция түзүү ыктымалдуулугу бар экенин айтып жатышат. Сиздердин партияга коалицияга кошулуу боюнча сунуш түшсө, аны кабыл аласыздарбы?
Таза бийликте иштегим келет. Мына Бакиевдин мезгилинде иштей коюп, азыр "бул Бакиевге иштеди" деп кыйкырышып, бакырышып жүрүшпөйбү.

- Биринчиден, алардын сунуш кылууга эрки жетпейт. Бул бийлик башынан эле апрель, май, июнь окуяларынын күнөөлүүлөрүн жоопкерчиликтен куткарып калуунун жан далбастаган аракетинде болду. Эгерде эл ишенимине ээ болгон өкмөт куралса, ошого барыш керек, бирок ага көзүм жетпейт. Башка жол жок. Кыргызстанды бириктирүү саясатын жүргүзүү керек.

Октябрда болуп өткөн шайлоо аймакка бөлүү, улутка бөлүү, урууга бөлүү деген ооруларды түп-тамырына чейин жеткирип койду. Бийликтеги азаматтардын башынан бери алдына койгон максаттары ушул. Булар башка бир кеңешчилердин айткан кеңештерин толугу менен аткарып жатышат.

- Демек сиз 7-апрелде болгон ыңкылаптын жеңишин тааныбайсызбы?

- Анын жеңиши деп берип жаткан сурооңуздун төркүнүн түшүнүп жатам. 7-апрелде каза болгондор каза болуп кетишти. Алар аянтка кандайдыр бир үмүт менен, ишеним менен барышса керек, бирок алардын үмүтү акталган жок. Аркы дүйнөгө кеткендер жөн жерден коштошуп кете беришти да, үзүрүн басып алган баскынчылар көрүшүүдө.

Мен Москвада жүрсөм, бир топ адамдар уюшуп, "Мекен шейиттери" уюму "Мадумаров шейиттерди жамандады" деп маалымат жыйынын өткөрө коюшуптур. Эми алар аман болушсун. Кыргызда шейит деп, өтүп кеткен кишини айтышат. Бирок "шейиттер" деп өтүп кеткен кишилердин чапанын жамынып алып, бул жакта саясат жасап жүргөн тирүү кишилер шейит эмес. Булар саясий барымтанын кулу болуп калышты. Керектүү учур болгондо "«Мекен шейиттери» кайдасыңар, ушул сөздү айтып кыйкыргыла, силерге жардам беребиз" дегенге көнгөн саясий куралга айланган уюм болду деп коркуп жатам. Өтүп кеткен кишилерге болсо сый менен мамиле жасайм.

- Азыркы оппозициянын катарындагылардан сиз менен максаты бир, бириге турган күчтөрдү көрүп жатасызбы?

- Көрүү менен чектелбестен, биз алар менен күн сайын жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азыр аракеттерибиз күч. Алардын катарында саясий партиялар, саясий ишмерлер, коомдук уюмдар кырдаалдын оңолбошуна көздөрү жетип, "билегибиз, тилегибиз бир болсун" деген азаматтар аябай эле көп. Жакында чоң жыйын болот, ошондо кимдер экенин билесиздер.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG