Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Маевкада бир нече үй жана автоунаа өрттөлдү


Маевка айылында өрттөлгөн "Фиат" автоунаасы. 17-октябрь, 2017-жыл.
Маевка айылында өрттөлгөн "Фиат" автоунаасы. 17-октябрь, 2017-жыл.

Аламүдүн районунун Маевка айылында белгисиз киши көчөдө жана жашоочулардын короосунда турган айрым автоунааларга, үйлөргө өрт койду. 17-октябрга караган түнү орун алган окуядан бир машине толук, экөө жарым-жартылай күйгөн. Бир күркө жана бир батирди өрттөө аракети да болгон.

Милицияга жергиликтүү тургундардын көрсөтмөсүнө таянып, өрттү психикалык жактан жабыркаган киши койгон деп айтууда. Коомчулукта муну шайлоодон кийин атайын уюштурулган чагым катары баалагандар да чыкты. Бирок укук коргоо органдары өрт койгон адамдын акыл-эси ордунда эмес деп жоромолдоп жатат.

Маевка айылынын Сельская көчөсүндө 16-октябрдан 17сине караган түнү болгон өрттөн Гүлзар Туратбек кызына таандык "Фиат" үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Жабырлануучу насыяга алган машинесине белгисиз киши өрт койгонун "Азаттык" радиосуна айтып берди:

- Түнкү саат 2:30дар чамасында коңшу бала "машинеңер күйүп жатат" деп ойготуп калды. Ал эшикке чыгып, машиненин күйүп жатканын көргөн экен. Чыксак өрттөнүп бүтүп калыптыр. Андан кийин кошуна турган биздин үйдүн ээсинин автоунаасы жаңы өрттөнө баштаптыр. Ошону менен ызы-чуу болуп өрт өчүрүүгө аракеттендик. Биздин машине тамдын дубалынын түбүнө токтотулган, үй күйүп кетпесин деп аны өчүрүп калууга үлгүрдүк.

Ошол түнү Гүлзар Туратбек кызы ижарада турган батирдин жанында жашаган кожоюну Нурлан Жумабаевдин короонун ичинде токтотулган "Тойота-Калдина" үлгүсүндөгү автоунаасына да өрт коюлган:

- Коңшуларым эшикти тыкылдатып "машине күйүп жатат" деп ойготушту. Чыксам менин машинем күйүп жатыптыр. Бир эле мезгилде көчө жээгинде коңшумдун автоунаасы да өрттөнүп жатыптыр. Өзүбүз суу, кум чачып өчүрө баштадык. 30-40 мүнөт ичинде өчүрүп бүттүк. Өчүп бүткөнү калганда өрт өчүрүүчүлөр келишти, акырына чейин өчүрүштү. Коңшуларым бир бала чуркап кеткендей болгонун, чыкса эле машине күйүп жатканын айтып жатышат. Ким өрттөгөнүн, эмнеге өрттөгөнүн билбейбиз. Короомо кирип келип өрттөгөнүнө таң калып отурабыз. Дарбаза бек болчу, бирок ар жакта дагы каалга бар, ошондон кириптир. Эми бул акыл-эси жайында эмес бирөөнүн колунан келди окшойт. Интернеттен ар кандай нерсени көрүп жатышпайбы,- дейт Нурлан Жумабаев.

17-октябрдын түнүндө болгон окуядан Нурлан Жумабаевдин короосунда токтоп турган автоунаасына өрт коюлган.
17-октябрдын түнүндө болгон окуядан Нурлан Жумабаевдин короосунда токтоп турган автоунаасына өрт коюлган.

Окуядан Маевка айылынын башка көчөсүндө батирде жашаган Жаныш Нуралиев да жабыркаган. Ал жашаган үйдүн пластик каалгасы өрттөлүп, жарым-жартылай күйүп кеткен. Белгисиз адам бул турак жайга жакын жайгашкан соода күркөсүн да өрттөөгө аракеттенип, контейнердин астында кагаздарды чогултуп күйгүзгөн. Күркө ээси Руслан Борошев да өз маалында билип калып, өрттү өчүрүп калышканын айтты:

- Кошунам күркөнүн астында өрт чыгып жатканын көрүп, эки чака суу алып келип чача коюп өчүрүп калыптыр. Келсем күркөнүн линолеуму күйө баштаган экен. Өчүрүп калдык.

​Мындан тышкары 17-октябрга оогон түндөгү окуядан Кутбидин Айдаралиевдин короосунун сыртында турган "Тойота Рав-4" үлгүсүндөгү машинесинин дөңгөлөгү күйүп, өчүрүүгө жетишкен. Жалпысынан Маевкада бир машине толук, экөө жарым-жартылай күйгөнүн, бир соода күркөсү менен бир турак жайды өрттөө аракети болгонун көрдүк. Бирок жергиликтүү жашоочулар өрттөлгөн машинелердин саны онго чукул деп билдирип жатышат.

"Тойота Рав-4" үлгүсүндөгү машиненин дөңгөлөгү күйгөн.
"Тойота Рав-4" үлгүсүндөгү машиненин дөңгөлөгү күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган айылда эки өрт катталды деген кабар таратты. Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Карабековдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, өрт атайылап жасалганбы же жокпу азырынча белгисиз:

- Бизге эки машине өрттөнүп жатат деген маалымат түшүп келгенбиз. Ал эми башка көчөдөгү өрттөө аракеттери тууралуу маалымат түшкөн эмес. Азыр өрт боюнча лабораториялык иликтөө жүрүп жатат. Себеби ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин айтылат. Жыйынтык 10 күн ичинде чыгат.

Бул окуя социалдык тармактарга жарыяланар менен интернет колдонуучулар арасында талкуу орун алып, өрттүн артында атайын чагым аракети болушу мүмкүн деген пикирлер да айтыла баштады.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын териштирип, канча киши жабыркаганын тактап жатат. Жергиликтүү жашоочулардын көрсөтмөсүнүн негизинде окуяга психикалык жактан жабыркаган жаран шектелип, суралып жатканы белгилүү болду. Мекеменин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов машине жана үйлөргө атайылап өрт коюлганын четке какпайт. Ошол эле учурда шайлоодон кийинки кандайдыр бир чагым, улут аралык касташтыруу же саясий аракеттер болушу ыктымал деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп кошумчалады:

- Мен андай фактыны айтуудан алысмын. Өзүңөр көрдүңөр, бул жерде ар кайсы улуттар, орус, кыргыздар бар. Эч кандай улут аралык козутуу боюнча маселе жок. Азыр тергөө жүрүп жатат. Тергөө аяктагандан кийин укуктук баа берип, андан соң толук маалыматты айтабыз.

Маевкада кыргыз, дунган, күрт, түрк тектүү жарандар аралаш жашашат. Аталган айылда 2010-жылы 19-апрелде жер талаштан улут аралык тополоң чыккан. Анда үйлөр өрттөлүп, талкаланган. Беш адам каза таап, кыркка жакыны ар кандай жаракат алган.

Маевкадагы түнкү өрт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG