Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

"Майдан" гезитинин ээси камалды


Бишкекте оппозициячыл маанайдагы "Майдан" гезитинин ээси Нургазы Анаркулов камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Анаркулов бир жаранды опузалап, ал жөнүндө чуулгандуу маалымат таратаарын айтып, көп суммадагы акча талап кылганы үчүн кармалган. Бирок аталган гезиттин эмгек жамааты өз жетекчиси эч качан бирөөлөрдү коркутпайт деп айтышууда.

Нургазы Анаркулов парламенттеги оппозициячыл "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин да маалымат катчысы болуп саналат.

ИИМдин маалыматына караганда, Нургазы Анаркуловдун үстүнөн Бишкектеги мекемелердин биринин башчысы арыз менен кайрылган. Арызда Анаркулов андан опузалап акча талап кылып жатканы айтылган. Бул арыздын негизинде 30-майда ИИМдин коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери Анаркулов аталган адамдан акча алып жаткан учурда кармашканын айтууда.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

- Оперативдүү иштерди жүргүзүү учурунда "Майдан.кейжи" гезитинин башкы редактору Бишкектеги ишкананын жетекчисин опузалап, компроматтык материал бар экенин айтып, 1000 доллар талап кылган. Андан соң бул акчаны 15 миң сомго түшүрүп, кечиктирсе күн сайын 1000 сом кошулуп тураарын эскерткен. 30-май күнү кылмышка шектүү аталган адамдан 11 миң сом алып жаткан жеринен кармады. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинен негизинде кылмыш иши козголду. Бул ишти азыр ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы алып барып жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, "Майдан.кейжи" гезитинин ээси Бишкектеги убактылуу кармоо жайларынын биринде кармалууда. Милиция кызматкерлери Нургазы Анаркуловдун ишинде эч кандай саясий себеп жоктугун эскертүүдө.

Чындык ким тарапта?
Бирок “Майдан.кейжи" гезитинин жамааты Анаркуловго коюлган айыптарды четке кагууда. Гезиттин башкы редактору Гүлзада Турдалиеванын айтымында, кесиптештери Анаркуловдун кандай жагдайда кармалганы тууралуу толук маалыматка ээ эмес.

- Бизде Анаркуловдун кандайча, эмне үчүн камалганы тууралуу маалымат жок. Мен буга чейин Нургазы Анаркуловдун мындай иштер менен алектенээрин билген эмесмин. Чыккан макала үчүн акча да талап кылчу эмеспиз. Албетте башка гезиттер сыяктуу эле пиар материалдарга келишим менен атайын төлөнчү акы бар. Мен бул гезиттин башкы редактору катары бизде шантаж кылуу менен акча өндүрүү түшүбүзгө да кирбей турганын айта алам.

Гүлзада Турдалиева “Майдан” гезити соңку мезгилде бийлик адамдарынын кыңыр иштерин ашкерелеген макалаларды басканын билдирип, Анаркуловдун камалышы дал ошол жагдайга байланыштуу болушу мүмкүн деп боолголойт:

- Биздин гезит оппозициячыл маанайда болгондуктан бийликтеги адамдарга, айрым жетекчилерге карата сын макалалар жарыяланып келген. Маселен, акыркы мезгилде Медакадемиянын ректору Зурдинов, “Учкун” ишканасынын жетекчиси Болоткановдун үстүнөн материалдар кеткен. Мындан сырткары өкмөт башчы Бабанов, президент Атамбаевди сындаган материалдар басылган.

Ал ортодо Нургазы Анаркулов опузалап, акча талап кылып жатат деп милицияга арыз жазган адам да белгилүү болду. Ал “Учкун” ишканасынын директору Кубат Болотканов болуп чыкты. Болоткановдун айтымында, "Майдан.кейжинин" ээси Анаркулов ага бир нече жолу телефон чалган:

- Мага чалып, "апта сайын сен жөнүндө каралаган материалдарды чыгарып турам. Мындай болбошу үчүн 1000 доллар бер" деди. Мен "жаза бер, бирок сотко кайрылам" десем, ай сайын 15 миң сом берип туруумду талап кылды. Анан мен эмнеге берем деп милицияга кайрылдым. Алар анан кармашты.

Болотканов өз ишинде мыйзам бузбаганын, учурда анын ишмердигин Эсеп палатасы баштаган текшерүү органдары текшерип жатканын да кошумчалады.

Жоопкерчиликти унуттурган бизнес

Ошол эле учурда айрымдар Нургазы Анаркуловдун камалышында кандайдыр бир саясий себепти көрүп жатышат. Маселен, буга чейин Нургазы Анаркулов оппозициячыл “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин маалымат катчысы болуп келсе, Кубат Болотканов "Учкундун" жетекчилигине келгенге чейин өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясынын маалымат кызматында иштеген.

Мындан улам укук коргоочу Качкын Булатов бийликке акаарат келтирген маалымат булактары кысмакка алына баштады деп эсептейт:

- Муну жаңы аңчылыктын башталышы катары баалап жатам. Себеби “Майдан кейжи” бийликтегилерди ачык сындап, болгонду болгондой айтып жүргөн. Мындан улам аны жок кылыш керек болду.

Анаркуловдун камалашы боюнча “Ата Журт” партиясы өз билдирүүсүн таратканы жатканын аталган партиянын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Ошентсе да Кыргызстандагы гезит редакторлору же кабарчылары бийликтеги же бизнестеги адамдарга каршы маалыматтарды топтоо менен акча өндүрүү адаты өкүм сүргөнү айтылып келет. Маселен, “Кыргыз Туусу” гезитинин редактору Бакыт Орунбеков ушундай жоболоңдуу жолго ыктаган кесиптештери бар экенин жокко чыгарбайт:

- Тилекке каршы Кыргызстанда журналисттер ушундай көрүнүшкө кириптер болуп жатканы мүнөздүү көрүнүш. Материалды жаап-жашырып коюш үчүн же чындыктан алыстатып коюш үчүн ушундай формада акча таап жаткан көрүнүштөр бар, угуп эле жүрөбүз. Эгер журналист өз кесибине көлөкө түшүргүсү келбесе, мындайдан качып, жоопкерчиликти сезиш керек.

Нургазы Анаркулов соңку мезгилде оор айып менен кармалган экинчи гезиттин ээси. Былтыр “Кыргыз Руху” гезитинин ээси Арстанбек Дүйшөнбиевге баңгизатын сактаган деген айып менен кылмыш иши козголгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG