Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

НТСтин тагдыры арасат абалда


НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиамекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди.

Бүгүн түш ченде каналдын имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөштү.

- Мүлктү камакка алуу жараяны бүткөн соң аны сактоо милдетин кимге өткөрүп берүү - сот аткаруучулардын укугу. Эгер бизге берсе, андан ары иштей берсек болот. Бирок азырынча кимге берилери айтыла элек. Башкаларга өткөрсө, мүлктү биз колдоно албайбыз. Процедура бүтсө, телеканал жабылып калышы мүмкүн, - деди юрист.

Юрист: НТС каналы жабылышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен.

Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөн соң 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алган.

Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен "Аянт" ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн. Азырынча бул соттук териштирүү боюнча эч бир тарап так маалымат бере элек.

НТСтин кызматкерлери телеканалдын эфири токтой элек экенин, азырынча окуянын кандай өңүттө өнүгөрүн билбей турганын белгилешүүдө.

Бул телеканал "Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылып келет.

Учурда Кыргызстандан сырт жакта жүргөн депутат Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бүгүн кайрылуу таратты. Анда Кыргызстанда рейдерлик жол менен сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алууга даярдык жүрүп жатканы айтылган.

- Кыргызстандык соттор Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат - көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуубу же тартып алуубу? - деп жазылган кайрылууда.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Ал президенттикке талапкерлигин коюп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон эле.

Юрист Амантур Абдырахмановдун айтымында, НТС каналында 100дөн ашуун кызматкер иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG