Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Чолок-Кайыңды чыры: алтындан суу артык


Бишкек-Чалдыбар жолу бир нече саат буулуп турду.
Бишкек-Чалдыбар жолу бир нече саат буулуп турду.

Чүйдө Панфилов районундагы жергиликтүү тургундар Чолок-Кайыңды өрөөнүндөгү алтын кендин казылышына каршы болуп жатат.

Алар суу булганат деген жүйө менен кен казганы жаткан “Редмет” компаниясынын иши токтотулушун талап кылып, 28-августта Бишкек – Чалдыбар жолун бир канча саат бууп турушту.

Облустук милициянын маалыматы боюнча акцияга 300дөн ашык адам чогулду, ал эми уюштуруучулардын эсебинде топтолгондордун саны миңге чамалады. Нааразылык акцияны уюштургандардын бири Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнө караштуу Букара айылынын тургуну Нургазы Кайыпбаев. Анын айтымында, аталган айыл өкмөттөгү онго жакын айыл Чоң-Кайыңды өрөөнүнөн агып түшкөн сууну ичет, кен ачылса бул суу булганат:

- Чолок-Кайыңды өрөөнүнөн алтын кен табылып, аны казабыз деп геологдор келип бир айдан бери ызы-чуу кылып жатат. Биз 20-августка чейин техникаларыңарды алып кеткиле деп мөөнөт бергенбиз. Муну өкмөт да, Жогорку Кеңештин депутаттары да билет. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кен казылбайт деген чечими бар. Алар 20-августта техникаларды алып кетебиз деп коюшуп, ушул убакка чейин отурушат. Бир айдан бери жылыш болбогондуктан эл жол тосконго аргасыз болду. Азыр эле губернатор келип эки күндүн ичинде талаптарыңар аткарылат деп сөз берип кетти. Биз кен иштетилбесин деген талапты койдук.

Чүйдө буулган жол ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Вознесеновка айылдык кеңеши жыйынга чогулуп, Чолок-Кайыңдынын кени ачылбасын деген чечим кабыл алган экен. Аталган кеңештин депутаты Марс Кыязов жакында эле кен жаткан жайды көрүп келишкенин кеп салды:

- Ат менен 22 адам барганбыз. Ошол жерде, суунун үстүндө 12 тонна күйүүчү май турат. Анын баары желим идиште экен. Эртең катуураак суук болгондо жарылып кетсе, биз ичип жаткан сууга түшөт. Бизге эч нерсенин кереги жок. Майын ташып кетсин. Таза суубузду, жайытыбызды калтырсын.

Кыязов Чолок-Кайыңдыдагы кен казганы жаткан “Редмет” компаниясы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кеп-сөзгө келүүдөн баш тартып жатканын кошумчалады. Аталган компания бул жагдай боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ушул тушта кенди жергиликтүү тургундардан шайланган беш адам компаниянын өкүлдөрү менен бирге кайтарып жаткан экен.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев нааразы болуп чогулган элге барды. Аталган кенди казуунун экологиялык зыян-кесепети текшериле электигин “Азаттыкка” тастыктады:

- “Редмет” ошол маселелердин баарын тактап, анан иш баштаса болмок. Биз өткөндө барганда компаниядан кагаздарды тактаганча токтото тургула деп сурандык эле. Алар тилди албай өзүмбилемдик кылып жатышат. Эми баарын териштиребиз да.

“Редмет” компаниясына Чолок-Кайыңды өрөөнүндөгү алтын кенди чалгындоо боюнча лицензия 2007-жылы берилген. Анын мөөнөтү 2015-жылы аяктайт.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында кен чалгындап, же казып жаткан компаниялар менен жергиликтүү элдин тил табыша албай жаткан фактылары көп катталууда.

Ушул айдын башында Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда Өрүктү айыл өкмөтүнүн тургундары миңдеген гектар жерге суу чыгарып беришин талап кылып Соломодогу кенди казганы жаткан компанияга каршы митинг өткөрүшкөн эле.

XS
SM
MD
LG