Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Орусия миграция саясатын катуулатууда


Москвадагы кыргыз мигранттары.
Москвадагы кыргыз мигранттары.

Орусия мигранттар үчүн тартипти күчөтүшү кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этиши мүмкүн?

Бул маселени “Азаттык” “арай көз чарай” талкуулады. Ага Орусия президенти Владимир Путиндин Конституция күнүнө карата Орусиянын федералдык жыйынында жасаган 12-декабрдагы кайрылуусу түрткү болду. Талкууга коомдук ишмер, мурдагы миграция министри Айгүл Рыскулова, Орусиядагы Кыргызстан биримдиги коомунун башчысы Эгемберди Мырзабеков жана Тышкы иштер министрлигинин миграция бөлүмүнүн башчысы Адилет Бейшеналиев катышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз





"Азаттык": Албетте, Орусия президенти миграция саясатына биринчи кайрылып жаткан жок. 2025-жылга чейинки мамлекеттик миграция саясаты жөнүндөгү концепция жайында эле кабыл алынган. Кечээги билдирүүсүндө Путин башаламан келип жаткан мигранттар улуттун демографиясына коркунуч келтирип жатат деген маанини туюнтту. Ошентип жаңы миграция саясатына ылайык, КМШ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан барган жарандар 2015-жылдан баштап ички паспорттор аркылуу Орусияга кире алышпайт, ошондой эле Путин мыйзамсыз миграцияга, каттоо жүргүзүүдөгү мыйзам бузууларга жазалар күчөтүлөт. Мына ушул өңдүү кескин чаралардын Кыргызстандык мигранттарга кандай кесепеттерин көрүп жатасыздар?

Айгүл Рыскулова: Туура. Акыркы жылдары Орусия миграция боюнча мыйзамдарын кайра карап жатат. 2013-2015-жылдары беш-алты мыйзамга толуктоолорду киргизип, мыйзамсыз миграцияга каршйы аёосуз күрөш жүргүзгөнгө аракет жасап атышат. Бул жалгыз кыргызстандык мигранттарга карата жасап аткан иш эмес. Орусияда расмий маалыматтарда 3 млн. 600 миң мигранттар бар десе, бейрасмий маалыматтарда, эксперттердин айтымында, 10 миллионго жакын мыйзамсыз мигрант бар. Акыркы кездери Орусиянын чоң телеканалдарындагы берүүлөрдү карап көрсөңөр мыйзамсыз миграция боюнча чоң талкууларды коюп атышат. Эл президентине, өкмөтүнө көйгөйлүү маселелерди көтөрүп атышат.

Жакында эле Москванын тегерегиндеги бир шаардын 35 пайызын мыйзамсыз мигранттар түздү деп бир берүүсүндө айтып атат. Бул орус президентин, парламентин тынчсыздандырып атат, аны түшүнүшүбүз керек.

Путиндин айтканын жакшылап уксак, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү керек деп атат. Эгер кыргыз элибиз эмгек миграциясына мыйзамдуу чыкса көп проблемалар чечилет. Биздин мигранттарда көбүнчө каттоого турбагандар, иштөө карточкасын албагандар, жасалма документ менен жүргөндөр жолугат.

Эгемберди Мырзабеков: Путиндин кайрылуусун кунт коюп угуп көрсөк, бул кайрылуу кечигип баратат. Дегеним Москвада кыргыз жердештерибиз аябай көп болуп кетти. Ички-тышкы эки паспорт менен жүргөндөр толтура. Бул кайрылуу – коопсуздуктан чыгып атат, мигранттарды чыгаруу коопсуздукту жөнгө салуу болуп турат. Бул жаңылык эмес, мен буга кошулам. Кээ бир маалымат каражаттары чыр көтөрүп, башкача өңүттө көрсөтүп атпайбы. Туура түшүнсөк, тынчтык, ирээттөө жолу ар бирибизге керек. Жакшылап карасак, бул кыргыздарга келечекте жеңилдикти эле алып келет.

Адилет Бейшеналиев: Биринчиден, тышкы миграцияны түшүнүш үчүн ички эмгек рыногунун абалын түшүнүшүбүз керек. Азыр Кыргызстанда демографиялык өсүш болуп атат. Эмгекке жарамдуу кишилердин саны көбөйө баштады. Эмгек рыногуна жылына 60-70 миңдей киши чыгат. Эмгек рыногу өзүндөгү тартыштыктан улам жаңы келип аткан ресурстарды батыра албай атат. Ошол 60-70 миңдин көп болсо 20-30 миңи жумуш таап аткандыр. Калганы жумушсуз калып атат. Миграциянын биринчи себеби ушунда болуп атат. Азыр эми биз ички рынокту иш менен камсыздай албай аткандыктан, чет мамлекеттердин эмгек рынокторун өздөштүрүшүбүз керек. Мындан уялбашыбыз керек. Тышкы миграцияга убактылуу чара деп карашыбыз керек.

Ушуну түшүнгөндөн кийин биз Орусия менен келишимдерди түзө баштадык. Стихиялуу жолдон цивилизациялуу жолдорго бурганга аракет кылып атабыз. Эмне кылып атабыз? Азыр Орусия менен келишим долбоорун иштеп бүтүп калдык. Буюрса 2013-жылы кол койгонго даяр болот. Ошол ишти уюштуруу келишими боюнча эмгек мигранттарын конкреттүү жумуш берүүчүлөргө ишке орноштуруп, келишимдерге Кыргызстандан кол койдуруп, ушул өңдүүлөр аркылуу мыйзамдуу жолго салуу аракетин көрүп атабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG