Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Үйдөгү чыр милиционерди жарадар кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте милиция органдарында мурда жетекчилик кызматта иштеген адам бычак жеп ооруканага түштү. Анын жарадар болушуна үй-бүлөлүк чыр себеп болгону расмий аныкталды.

Нурлан Сарчаевдин аты жалпы коомчулукка өткөн айдын башында Жайылдагы трагедиядан кийин белгилүү болгон. Анда ал Чүй облустук милициясынын башчысы болуп иштечү. Ала качып бараткан адамдын колунан милиция бөлүмүндө бычакталып ажал тапкан Бурулай аттуу кыздын окуясынан кийин Сарчаев бардык орун басарлары жана 10 кызматкери менен кошо иштен алынган.

Ал эми мурдагы милиция жетекчиси өзү бычактан жабыркап ооруканага түшүп калганы тууралуу маалымат шейшембинин кечинде тарай баштады. Баш калаанын милициясынын басма сөз кызматынын инспектору Тамила Ибрагимова мындай маалымат берди:

- 17-июлда болжол менен кечки саат жети жарымда «102» кызматына санынан бычак жеген эркек ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат келген. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык жана Свердлов райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу барган. Териштире келгенде эркек менен аялдын ортосунда үй-бүлөлүк чыр чыгып, натыйжада аял эркекти санына бычак менен сайып жибергени аныкталды. Жабыркаган адам ооруканага жеткирилген.

Ибрагимованын айтымында, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы келин кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Дарыгерлердин айтымында, азыр Сарчаевдин өмүрүнө коркунуч жок. Ал шаардагы ооруканалардын биринде операция болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди:

- Бүгүнкү күндө анын абалын дарыгерлер салыштырмалуу канааттандырарлык деп баалап жатышат. Ал көзөмөлдө. Эртең менен реанимациядан жалпы палатага которулду. Бычак тийген адам шаардык ооруканалардын бирине келип түшкөн. Дарыгерлер операция жасашкан.

Ошентип, милиция Сарчаевдин жабыркашына үй-бүлөлүк чыр себеп болгонун расмий билдирди. Бирок ошол чыр эмнеден чыкканы боюнча комментарий берген жок.

Ал арада бул окуя азыр Интернетте кызуу талкууланып жатат.

Айрым колдонуучулар Сарчаевдин биринчи аялы мурда оорудан каза болгонун, андан үч баласы, кийинки аялынан да үч баласы бар экенин, бирок аны менен мамилеси бузулуп, башка аял алганы жаткан убакта ушундай окуя болуп кеткенин жазып жатышат.

Бирок мунун баарынын чын-төгүнүн азырынча так билүү мүмкүн эмес, себеби расмий органдар анын кайсы ооруканада экенин да айтуудан баш тартышты.

Кордолгон, зордук көрүп бала-чакасын алып үйүнөн качууга, ар кайсы жакта баш калкалоого мажбур болгон аялдарга жардам берип келе жаткан “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова "күч органдарында иштегендердин аялдары кайрылган учурлар болот, бирок көп эмес" дейт. Анын айтымында, буга алардын материалдык, моралдык жактан көз карандылыгы негизги себеп.

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Булардын иши катаал да. Кээде иштөө убактысы чектелбейт. Көбүнүн эмоциясы туруктуу эмес. Бизге кайрылган келиндердин бири “жумушуна жини келсе эле бизден, балдарынан чыгарат” деп айтып берген. Үй-бүлөлүк чыр-чатактарга, адамдардын эмоционалдык саламаттыгына мамлекет көңүл бурбай жатат. “Кыргыз байыса аял алат, башка байыса там салат” дегендей, мына, ал “башкага үйлөнөм деген экен” деп жазып жатышат. Андай мисалдар бар. Келин-кыздарга кайрылып кетким келет: Кол салып, бычак колдонуудан карманыш керек! Бул туура эмес. Эми ал мыйзам чегинде жооп бериши керек болот.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков жалпысынан бүгүнкү күндө кыргыз милициясынын өзүнүн укугу толук корголгон деп айтууга болбойт деген пикирде. Ошол эле учурда ал көп аял алуудан чыккан маселелерге мыйзамсыз жол менен байыган милиционерлер да туш болгон учурлар жок эмес деп эсептейт:

- Негизи мындай маселелер өтө көп көтөрүлүп келет, акыркы убакта мурункуга салыштырганда көбөйдү десек да болот. Бир жагынан маянасы өтө төмөн. Экинчиден, социалдык пакети жок, эсебинде. Үчүнчүдөн, коомчулукта милицияга карата болгон терс мамиле өтө көп. Андан сырткары, үй-бүлөлөрүндө да кырдаал өтө татаал. Себеби толук камсыз кыла албаган учурда талаш-тартыштар чыгат. Кылмыштуулук менен күрөшүп, бирок мыйзамсыз жолдо жүргөн кээ бир милиционерлер үй-бүлөсүн камсыз кылганы менен, тилекке каршы, жалпы Кыргызстандагыдай эле, көп аял алуу маселеси бар.

Окуяга байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” деген 234-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Нурлан Сарчаев 43 жашта. Милиция органдарында иштегенине 25 жыл болду. Жумушундагы ийгиликтери үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.

Мындан эки жыл мурда өлкөнүн Акыйкатчысы төрт жыл ичинде 40 милиционер иш үстүндө каза тапканын, эки миңден ашууну ар кандай жараат алганын эсептеп чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG