Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Диппаспорт чуусуна прокуратура баа берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура министр Таалайкүл Исакунова жана анын айрым орун басарлары 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет өлкөлөргө чыкканын аныктады.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова дипломатиялык паспортун колдонуп, былтыр ноябрда эмгек өргүүсүндө болуп, алгач АКШга, андан соң Аргентинага жеке максатты көздөп барган. Мындан сырткары өкмөттүн каршылыгына карабай Таалайкүл Исакунова былтыр Санкт-Петербургдагы жыйынга катышып келген.

Ошондой эле Башкы прокуратура социалдык өнүгүү министринин 22-сентябрда жаңжал менен иштен бошотулган орун басары Зууракан Каденова Ирандагы жана Түштүк Кореядагы сапарында дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Кубатова.
Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Кубатова.

- Мыйзам бузулган учурлар аныкталган. Алсак, министр кезектеги өргүүдө болуп туруп, жетекчилигине эскертпестен жана анын уруксаты жок дипломаттык паспортун колдонуп, өз кызыкчылыгын көздөп бир катар чет элдик конференцияларга катышкан. Бул мыйзам бузулган учурлар боюнча Башкы прокуратура тарабынан аталган мыйзам бузулган учурларды жөнгө салуу туурасында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө сунуш киргизилген. Азыркы учурда ал кароо стадиясында турат, - деди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Кубатова.

Материалдарга караганда, жалпысынан 2017-жылдан ушул күнгө чейин Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө иш сапарына чыгышкан. Алардын ичинен чет өлкөгө эң көп чыккан Зууракан Каденова болгон. Ал ар кандай иш-чараларга баш-аягы 10 жолу чыккан. Ал эми буга чейин "чет жакка мыйзамсыз чыкты" деп сөз болгон министрдин орун басары Лунара Мамытова "өзүнүн дипломатиялык паспортун мининстрликтин адамдарды башкаруу бөлүмүнө убагында тапшырып берген эмес" деп айтылган. Чет элдик сапарга чыккан соң жетекчилер эрежеге ылайык Тышкы иштер министрлигине маалымат берген эмес.

Башкы көзөмөл органы жүргүзгөн текшерүү тууралуу министрликтин басма сөз кызматы азырынча эч кандай маалымат бербей турганын айтты. Бул маселе боюнча министр Таалайкүл Исакунованын өзү менен да байланышуу мүмкүн болгон жок.

Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова болсо муну кызмат талашуу, ага тиш кайрап калгандардын иш-аракети катары сыпаттады.

Лунара Мамытова.
Лунара Мамытова.

- Чет өлкөдөгү иш сапарынан кийин кызматтык, дипломатиялык паспортту кайтарып бериш керек экен. "Ошону өз убагында тапшырган эмес" деген эле жыйынтык чыгып жатат, мага байланыштуу. Диппаспорт иш сапарынан келгенден кийин менин столумда эле турчу. Ал эми "өкмөт башчынын уруксаты жок чыкты" же "диппаспортту өзүнүн жеке максатында колдонду" деген тыянак мен боюнча жок. Адамды каралаш бат эле. Бирөөгө менин ордум керек болуп жатат. Мен аны өзүм деле түшүнүп калдым.

8-октябрда айрым Интернет булактарында "Лунара Мамытова өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кетти" деген маалымат да тараган. Бирок Мамытова өзү бул маалыматты төгүндөгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева анын буга чейин айтып чыккан билдирүүлөрү далилденип жатканын айтып, бирок өкмөт башчы министрге жана анын орун басарларына карата чечим кабыл алууну кечеңдетип жатканын “Азаттыкка” билдирди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- "Министрликтин жетекчилери чет өлкөгө чыгып, бюджеттен акчаны коротуп жатышат" деп арыздар болгон. Алардын баары бүгүн тастыкталды. Эми чечимди премьер-министр чыгарышы керек. Президент да Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, айрым министрлердин жүрүм-туруму тууралуу кеп козгогон. Бирок мен буга чейин да, азыр да таң калып жатам, премьер-министр буга эч кандай реакция кылбай жатканына.

Буга чейин Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген соң Башкы прокуратура жетекчилердин үстүнөн текшерүүнү баштаган. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG