Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Модрич Роналду-Мессинин дооруна чекит койду


Лука Модрич.
Лука Модрич.

Акыркы он жылдан бери “Алтын топту” Роналду менен Месси талашып келсе, быйыл 33 жаштагы хорватиялык Лука Модрич "Жылдын мыкты футболчусу" аталды.

Модрич учурда Испаниянын “Реал” клубунда ойнойт. Ушул жылы Криштиану Роналду менен кошо Европанын Чемпиондор лигасын үчүнчү ирет катары менен жеңип алды.

"Алтын топтун" ээси быйыл жайында Орусияда өткөн Дүйнө чемпионатында Хорватияны финалга чейин сүйрөп барган. Тилекке каршы, бул таймашта хорваттар Францияга утулуп калган эле.

Хорватиянын улуттук курама командасынын капитаны Модрич оюн талаасында жарым коргоочунун милдетин аткарат.

Лука Модрич (кызыл формачан).
Лука Модрич (кызыл формачан).

Эмне үчүн Роналду эмес?

"France Football" журналы Европадагы мыкты оюнчуну 1956-жылдан бери тандап, “Алтын топту” ыйгарып келет.

Акыркы он жылдан бери “Алтын топ” бирде Криштиану Роналдуга, бирде Лионел Мессиге тоголонуп келген. Натыйжада экөө “мыкты оюнчу” деген наамга беш жолу татыктуу болду. Мындай рекордду экөөнөн башка эч бир футболчу багынта элек.

Мыктыны тандап жаткандан кийин талаш-тартыш сөзсүз болот эмеспи. Бул ирет Лука Модричке “Алтын топтун” ыйгарылышына таарынгандар да чыкты.

Татыктуулардын катарында кайра эле Месси менен Роналдунун, Гризманндын, Варандын жана Азардын ысымдары айтылды. Бирок сыйлык эмнеге аларга тийбей, хорватиялык Лука Модричке берилгенин талдап көрөлү.

Ballon d'Or же “Алтын топ” – бул жеке сыйлык.

Негизги сыйлыкка жетиш үчүн футболчу жыл ичинде колдон келишинче көп жеңишке жетиши керек.

Лука Модрич мадриддик “Реалдын” катарында Чемпиондор лигасын гана утканы болбосо, башка кубокту алган эмес.

""Алтын топту” Криштиану Роналду гана алышы керек эле" деген доомат ушунун айынан чыгып жатат. Анткени кубокту Роналду менен Модрич бир командада ойногондуктан бирге утту десек да болот. Бирок, быйылкы добуш берүүдө Роналду болгону экинчи орунга чыгып, 476 упай алды.

Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду.

Эмне үчүн Месси эмес?

Атактуу Лионел Месси быйыл чоң кубоктордон Испаниянын ла-лигасы менен гана мактана алат.

Бирок, Месси жылдагыдай эле күйөрмандарды таң калтырып жатты. Ал талаада гол киргизүүнү гана максат кылбастан, командасына жардам берген жаратман болуп чыга келди.

Антсе да Лео Барселонада арстан болгону менен Аргентинанын курамында көлөкө экенин Орусияда өткөн Дүйнө чемпионатында дагы бир сыйра далилдеди.

Аргентина өз тайпасынан эптеп чыгып, андан ары Францияга туш келип, ошо бойдон чемпионаттан сүрүлдү.

Мына ушул оюн көрүүчүлөрдүн эсинде калды көрүнөт, “Алтын топту” ыйгарууда Месси 260 добуш менен болгону бешинчи орунга гана чыкты.

Лионел Месси.
Лионел Месси.

Эмне үчүн Гризманн же Варан эмес?

Логика боюнча “Алтын топ” Франциянын бир футболчусуна берилиши керек эле. Анткени Франция мындан эки жыл мурда Европа чемпионатынын финалына чейин барса, быйыл Орусияда өткөн Дүйнө чемпионатын утуп алды.

Франциялыктардын мыкты чабуулчусу Антуан Гризманндын көрсөткөн оюну Роналду менен Мессиден кем болгон жок.

Гризманн Дүйнө чемпионатынан тышкары УЕФА кубогун мадриддик “Атлетиконун” катарында жеңип алганын эстен чыгарбайлы. Мына ушуларды эске алсак, Антуан Гризманн “Алтын топко” быйыл Роналдого же Мессиге караганда көбүрөөк татыктуу болуп чыга келүүдө.

Франциялыктардын катарында “Алтын топко” татыктуу Рафаэл Варан деген капитан да бар.

Варан оюн талаасындагы коргоочу, ал эми коргоочу гол менен эмес, талаадагы кыймылы менен элге таанылат.

Рафаэл Варан ошол эле Модрич жана Роналду менен кошо мадриддик “Реалдын” катарында Чемпиондор лигасын да утуп алды.

Натыйжада жогоруда аталган оюнчулардын арасынан быйыл жалгыз гана Рафаэл Варанда Чемпиондор лигасы жана Дүйнө кубогу бар. Күйөрмандардын “2018-жылы эмне үчүн “Алтын топту” Рафаэль Варанга бербей коюшту?” деген ич күптүсү ушундан улам чыкты.

Франциялык оюнчулар: Антуан Гризманн, Самуэл Умтити, Рафаэл Варан жана Поль Погба.
Франциялык оюнчулар: Антуан Гризманн, Самуэл Умтити, Рафаэл Варан жана Поль Погба.

Эмне үчүн Модрич?!

Жооп жөнөкөй эле: Модрич быйыл Хорватияны дүйнөгө таанытты. Ооба Хорватия дүйнө чемпиону болгон жок, бирок Лука Модрич башында турган хорватиялыктар футболду бир оюнчу эмес, команда ойной турганын дүйнөгө көрсөтүштү.

Хорватиялыктар капитанына аягына чейин ишеништи жана капитан аларды уят кылган жок. Модрич миңдеген балдарга футболду кантип таза, тыкан жана жеңиш менен ойносо болорун көргөздү.

Модрич бизге Роналду менен бирге ойноп, андан да жогорку чеберчиликти көрсөтө алды. Ал “Реалга” Чемпиондор лигасын утканга чоң салым кошуп, анын мыкты оюнчусу болуп сыйланган.

Айтмакчы, Орусиядагы Дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин Модрич чемпионаттын мыкты оюнчусу аталды. Ал эми күзүндө хорватиялык Лука Модрич FIFAнын жыйынтыгы боюнча “жыл мыктысы” деп табылган.

Мына эми кезеги келип Модрич “Алтын топтун” ээси болуп отурат. Он жылдан бери таймаша берип, Роналду менен Месси “Алтын топтун” талабын асманга чейин көкөлөтүп жиберген.

Лука Модричтен кийин дүйнөдөгү футболчулар бир гана гол киргизгени үчүн эмес, аракет жана командалык оюн үчүн “Алтын топту” алса болоруна ишене баштады.

Лука Модрич (кызыл) жана Килиан Мбаппе (көк).
Лука Модрич (кызыл) жана Килиан Мбаппе (көк).

180ден ашык өлкөнүн журналисттеринин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Лука Модрич 759 упай топтосо, экинчи орунду португалиялык Криштиану Роналду 476 балл менен багынта алды.

Ал эми франциялык Антуан Гризманн 414 упай менен үчүнчү орунга жайгашты. Леонель Месси бештиктен жогору көтөрүлө алган жок.

Кийинки жылы сезон кандай болорун азыр айтуу албетте эрте. Ошентсе да Неймар, Мбаппе, Азар, Гризманн, Дибала, Салах, Де Брюне өңдүү мыктылар дагы өз үлүшүн күтүп жатканын эске сала кетели. Мындай күчтүү футболчулардын фонунда Роналду менен Месси картайып жатканы байкала баштады.

Бүгүнкү күндөн баштап биз футболдун жаңы доорун барактай баштадык. Ал эми сиз “Алтын топтун” Лука Модричке ыйгарылышына кандай ойдосуз?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG