Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:59

Ош: багы ачылбаган музыкалык мектеп


Өрттөнүп кеткен рояль.
Өрттөнүп кеткен рояль.

Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу ага жакын жайгашкан май куюучу жайдын айынан токтоп турат.

Беш күн мурун окуу жайынын имаратында өрт чыгып, андагы кымбат баалуу музыкалык аспаптар күйүп кеткен. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себебин аныктап, бирок “тилсиз жоонун” чыгымын тактай элек.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө орун алган Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайы 1963-жылы ачылган. Окуу жайынын өрттөнүп кеткен залынын шыбы ошол учурда камыш менен жабылган экен.

Татьяна Муравьева.
Татьяна Муравьева.

Өрт 16-октябрга караган түнү залдан чыккан. Музыкалык окуу жайынын мугалими Татьяна Муравьева өрттөн уникалдуу деген эки рояль, бир пианино күйүп кеткенине кейип турат:

- Бул эки рояль Кыргызстандын башка аймактарында болбогон музыкалык аспаптар эле. Мына ушинтип күйүп кетти. Булардын үнү укмуш, уникалдуу эле. Эки роялды окуу жайына 1970-жылдары Германиядан алып келишкен. Бул роялда опера ырчысы Керим Турапов, француз, орус таланттары ойногон. Баасы миллионго чамалайт. Эми бул роялды калыбына келтире албайбыз. Окуу жайынын чыгармачыл мугалимдери өтө кайгырып турабыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги музыкалык окуу жайындагы өрттүн себебин “электр зымдары тийишип кеткен” деп аныктады. Окуу жайынын эски имаратын 2015-жылы министрлик “пайдаланууга жараксыз” деп тапкан.

Музыкалык окуу жайынын директору Эркайым Исраилова эскилиги жетип, окууга жараксыз болгон имаратты кайрадан куруу боюнча жергиликтүү бийликке кайрылганын, бирок окуу жайынан 31 метр аралыкта жайгашкан май куюучу жайдын айынан курулуш иштери токтоп турганын билдирди:

Эркайым Исраилова.
Эркайым Исраилова.

- Бизге музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын эскиздик чиймесин алып келип беришкен. Курулуш быйыл башталат деп турсак, бул жердеги май куюучу жай тоскоол болуп жатат. “Жаныңарда май куюучу жай бар экен” деп токтотуп коюшту. Бул тескерисинче болуш керек эле. Окуу жайынын жанына май куюучу жай курганга мүмкүн эмес. Аны башка жакка көчүрүш керек. "Май куюучу жер окуу жайынан алыс болушу керек" деген маселени эч ким көтөрбөй жатат.

Май куюучу жайдын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Акжол уулу музыкалык окуу жайына жакын жайгашкан май куюучу жайдын жетекчилиги аны башка аймакка жылдыруу боюнча кайрылганын билдирди:

- Ош шаарынын башкы планына ылайык Ленин жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жай нормага ылайык келет. Азырынча биздин башкармалыкка май куюучу жайдын жетекчилиги тарабынан май куюучу жайдын ордуна көп кабаттуу үй куруу боюнча оозеки сунуштама гана келип жатат. Бирок көп кабаттуу үй куруу боюнча долбоор кагаз түрүндө келе элек. Эгерде долбоорун алып келсе, биздин кызматкерлер мыйзамдуулугун карап, тыянак чыгарып беришет.

Музыкалык окуу жайынын өрт чыккан каанасы менен май куюучу жайдын аралыгы 31 метр. "Өрт өз убагында өчүрүлбөгөндө май куюучу жайга өтүп кетиши толук ыктымал эле" дегендер да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG