Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Нарын: шайлоодон кийин талашка түшкөн аянтча


Иллюстрация
Иллюстрация

Шайлоого катышкан 14 партиянын бири “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” Кочкор районунун Кара-Суу айылына берген спорт аянтчасын кайтарып алуу оюнан кайтты.

4-октябрдагы шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясына Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы 885 шайлоочунун 34ү добуш берген. Жергиликтүүлөр партия добуш албай калган үчүн мурда берген белегин жула качкысы келди деген ишенимде болушууда.

Бирок аянтчаны берип жатканда шайлоодо мынча добуш алып бересиңер деген сөз болбогонун аталган айылдын жаштар уюмунун төрагасы Адилет Саралаев билдирди:

- Балдар баткакта ойнобосун деп биздин айылга белек катары бул аянтчаны атайын берген. Анан шайлоого чейин биз аянтчанын ордун даярдап, камылгабызды көрүп жатканбыз. Шайлоо бүткөндөн кийин эле талаш башталды. Талапкерби же партиянын координаторубу, кыскасы, ошол партиялардын мүчөлөрү экен. "Аянтчаны кайра бергиле, силер жетиштүү добуш берген жоксуңар" дептир. Ага чейин эч кандай добуш жөнүндө сөз болгон эмес. Анан "газонду силерге бергенбиз, кайра алып келип ордуна коюп койгула" деп телефон чалышты. Коркутуулар да болду десек болот. Биз эки жакка кайрыла баштадык. Бүгүн "алып кетпей калдык" деп калышыптыр. Биз үн катпай, эч жакка кайрылбасак алып кетмек.

Ал эми "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын Кочкор районундагы өкүлү Талант Турусбек уулу аянтчанын орду даяр эмес болгондуктан башка айылга орнотуу аракети болгонун айтты:

- Алардын аянтчаны орноткудай орду даяр эмес экен. Ошондуктан силер даярдагыча башка жакка алып бара туралы дегенбиз. Эми сүйлөшүп жазга чейин даярдап, ачылышына чакыргыла дедик. Негизи Аскар Мааткабылович мындай аянтчаларды жер-жерлерге белекке деле берип жатпайбы.

Эгемен Кыргызстандын шайлоо тарыхында жер-жерлерге жардам деп берген буюмдарын талапкерлер кайтарып алган учурлар көп эле айтылат.

Андай элге кеңири белгилүү көрүнүштөрдүн бири 2005-жылкы шайлоодо ушул эле Кочкор районунун Теңдик айылында катталган. Бир мандаттуу округдан талапкер болгон Нурлан Жапаров добуш топтой албай калгандан кийин бир көчөгө орноткон трансформаторун чыгарып кеткен. Ошондон бери айылдыктар оңчулуктуу жарыкка жетпей жүрүп, быйыл араң жаңы трансформаторлуу болгону калышканын айылдын тургуну Самат Үркүнчиев билдирди:

- Биздин көчөдө түтүн көп болгондуктан трансформаторубуздун алы жетпей жарык өчүүлөр көп болот. Анан шайлоо алдында Акылбек Жапаровдун иниси Нурлан Жапаров деген талапкер айылга жаңы трансформатор коюп берген. Шайлоодон кийин өтпөй калып кайра чыгарып кетти. Ошондон бери үйдүн свети бир нормада болбойт. Эми азыр гана жаңы трансформатор коюлуп жатат.

Трансформаторду кайтарып алуу фактысы 4-октябрда өткөн акыркы парламенттик шайлоодон кийин Ош облусунун Кара-Суу районунда да катталды. Ал жабдууну райондогу Мөнөк айылына КСДП партиясынын атынан белек кылынганы мурда кабарланган.

XS
SM
MD
LG