Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

"ЭкоНарын" улуттук өндүрүштү даңазалайт


"ЕкоНарын" фестивалы
"ЕкоНарын" фестивалы

Нарында “ЭкоНарын” аттуу фестивалдын алкагында аймакта өндүрүлгөн экологиялык таза продукциялардын, улуттук тамак-аштардын, жер-жемиштердин жана колго жасалган буюмдардын жармаңкеси өттү.

Фестивалга Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор, Ат-Башы райондору жана Нарын шаары катышып, борбордук аянтка жалпысынан жети боз үй тигилди. Ага Кытайдан келген кыргыздар да катышты. Экологияны коргоо жана аны таза кармоо максатында бир катар сынактар жана көргөзмөлөр уюштурулду.

Клара Бектемирова Бишкек шаарынан өзү тиккен калпактарды фестивалга алып келген. Ал бул улуттук баш кийимди акча табуу эле максатында эмес, анын философиялык маанисин да элге түшүндүрүүнү көздөгөнүн айтууда:

- Бул калпактар таза, жогорку сапаттагы кийизден тигилген. Буга чейин Ысык-Көлгө эки жолу фестивалга баргам. Эртеден бери 15тен ашык калпак саттым. Менин максатым бир гана акча табуу эмес, калпактын баалуулугун да элге жеткирүү. Калпактын философиясын, маанисин элге түшүндүрүү.

Фестивалга келген эл аралык GIZ уюмунун жергиликтүү экономикага көмөктөшүү программасынын жетекчиси Азамат Мукашов улуттук тамак-ашты көргөзмөгө алып чыккан соң анын идишине жана тейлөөсүнө да көңүл бурулса болмок деген ойдо.

- Бул жерде улуттук тамак-аштын түрү турат. Бирок кымызды көбү “Кока-коланын” идишине куюшуптур. Эми өзүбүз эле ичсек мейли, бирок сатууга чыгарсак, бир товардык белги менен көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Ар бир нерсеге кылдат мамиле керек. Биз бул фестивал менен туристтерди кызыктырып, тартышыбыз керек.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов бул фестивалдын негизги максаты - облустагы экологиялык таза айыл чарба продукцияларын кеңири жайылтуу деди:

- Айыл чарба продукцияларда ар бир айылдын өз өзгөчөлүгү бар. Аларды ушул жерге чогултуп, тажрыйба алмашууну да кеңейтүү максатыбыз бар. Азыр мына Бажы биримдигине кирип атабыз. Мурункудан да мүмкүнчүлүгүбүз кеңейет. Ошондуктан райондордон кайсы продукциябызды тышка алып чыксак болот деп тажрыйба топтоп, ушул фестивалды өткөрүп атабыз.

Фестивалдын алкагында ар бир райондун өкүлдөрү тушоо кесүү, кыз узатуу, бала отургузуу өңдүү кыргыздын каада-салттарын да чагылдырышты. Андан башка улуттук бий таймаш, кол өнөрчүлөр жана тамак-аштардын сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү сыйлык тапшырды.

Фестивалды “Көчмөн” коомдук фонду уюштуруп, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү колдоого алган. Дубан башчысы Аманбай Кайыпов мындай экофестивал Нарын жергесинде биринчи жолу болуп жаткандыгын белгилеп, аны жыл сайын өткөрүүнү салтка айландыруу оюн айтты.

XS
SM
MD
LG