Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Алтындан байыган Эмгекчил айылы


Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын жашоочулары 10 жылдан бери алтын казып, чайкап өткөрүшөт. Бул айылдын айрым жашоочулары башка айылдан өзгөчөлөнүп 2-3 кабат үйлөрдү сала башташты. Сырттан караган кишиге экономикасы көтөрүлүп келе жаткан айылдардай көрүнөт.

Үч миңден ашык адам жашаган Эмгекчил айылынын социалдык объектилери эл аралык уюмдардын жардамы менен жасалып жаңыртылып атса, жеке адамдар Солтон-Сарыга барып алтын менен алек болуп, алды бутуна тургандары сырттан караганда эле маалым.

Алтынга барып жүргөндөр менен маектеше келгенде аттарын жашырышты. Муну жакында Солтон-Сарыда болгон бейбаштыктан кийин ушундай болуп калганы менен түшүндүрүштү.

Анын үстүнө учурда мурдагыдай алтынга барбай калышыптыр, "болбосо майдалаган станоктун үнү угулуп турмак" дешет.

Атын атагысы келбеген, мурун алтынга барып жүргөндөрдүн бирин кепке тарттым:

- Ортомчулар деле келбейт, биздин айылда жашаган ырасыраак, түшүнүктүү балдар алып барат, өткөрөт. Кыскасы ошолор кылат.

“Азаттык”: Бир грамм алтынды канчадан сатчу элеңиздер?

- Анын баасы туруктуу болбойт да. Мурда аз эле акча болчу, азыр көтөрүлүп баратат. Жок, мен көп каттабайм да, ошон үчүн билбейм.

Эмгекчил айылынын дагы бир жашоочусу бир барганда канчага чейин нак таза киреше табарын ачыктады:

- Бир барып келгенде 10-15 миң таап калабыз. Кээде бир барганда 30 миң менен кетебиз, бул жактан карызда алып, аны актабай калган учур болот, актаган учур болот.

“Азаттык”: Бир грамм алтынды канчадан өткөрөсүздөр?

- Ал айтылбайт. Жашыруун сыр.

Элде “дарбазалары кооз жасалгаланып, үйлөрү оңдоло баштагандар алтынга барышат, ал эми заңгыраган кабат-кабат үйлөрдү салгандар алтынды алып сатуучулар” деп айтылып калыптыр.

Ошондой эки кабат, үч кабат болгон үйлөрдүн бирине баш бактым. Үй ээси колу бошобогондуктан, кожейкеси Бактыгүл эже ак эмгек менен эле үй-бүлөнүн экономикасын көтөрүп жатканын айтты:

- Мисалы, өзүбүздүн жашообузду көрүп билип атасың, биз мыйзамсыз жол менен оокат кылбайбыз. Мал багабыз, багыбызга жараша кичинекей алтыныбыз бар, ошону менен эмгектенип, эл алдыга умтулса, биз да көтөрүлөлү деп жашап атабыз.

”Эл байыганы менен ден соолугунан да ажырап атат” дейт Эмгекчил айыл округунун жооптуу катчы Бекенгүл Курманалиева:

- Анын ичинен элдин деңгээли 50% жакшы, 50% жакыр. Себеби мурунку жакыр үй-бүлөлөрдөн оңолгондору бар. Себеби ошолор алтынга барышты. Ошондон баласы тыйын таап келсе, үй-бүлөсүнө акча каражатынан кошумча болуп атат. Мисалы, үйүн оңдоп, жакшы унааларды алып атат. Ошону менен бирге ден соолугунан ажырап атат.

Учурда бардык эле адамдар материалдык байлыкка умтулушат. Бирок ден соолуктан өткөн байлык жок экенин унутпайлы.
XS
SM
MD
LG