Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Нарын: имамдарды түйшөлткөн жарык акысы


Электр кубаты үчүн карызды төлөө Нарын облусундагы мечиттердин башкы көйгөйүнө айланды.

Ошондуктан дин кызматкерлери мечиттерди электр кубатын тиричилик үчүн пайдалануучулардын катарына кошуп, 70 тыйындан төлөөгө шарт түзүп берүүнү суранып жатышат.

Нарында мечиттердин көпчүлүгү кыш бою жаккан электр кубатына болгон карызы 60 миң сомго чамалап кеткенин айтышууда. Өлкөдөгү мечит-медреселер өкмөттөн каржыланбагандыктан бул кырызды төлөө имамдардын башкы көйгөйү бойдон кала берүүдө.

Нарын шаарындагы борбордук “Азирети Али” мечитинин электр кубатына өткөн жылдын кыш мезгилиндеги карызы 180 миң сомго чыккан. Ал эми быйыл электр энергиясына баа жогорулагандыктан 200 миң сомдон кыйла ашып кеткен. Мечиттин имамы Азат Оруналиев бул акчаны мечитке келген кайрымдуу адамдардын эсебинен төлөп бергенге аракет кылып жатканын айтат:

- Биз быйылкы кышта жалпысынан 40 миң сомду жарык үчүн төлөдүк. Бул акча кайрымдуу байкелердин эсебинен төгүлдү. Негизи эле бизге мечиттерге төлөмдү коммерциялык ишкана же мекеме катары эсептегени туура эмес. Жамааттан суранып төлөгөнгө аргасызбыз. Биз муфтиятка да, Жогорку Кеңешке да кайрылганбыз. Бирок маселебиз чечилбей келет.

Ал эми мечиттерге келген битир-садакалар шарият тартиби боюнча кедей-кембагалдарга таратылып берилиши керек. Битирге келген каражатты мечиттин төлөмдөрүнө пайдаланса, аны берген адамдардын парзы аткарылбай каларын айтат Аалымдар кеңешинин Нарын облусу боюнча өкүлү Эрик Молдокулов:

- Мечит коомдук, эл пайдаланган жай болгондуктан мамлекет деле көңүл буруп койсо болмок. Мечитке келген адам ыймандуу болуп, жаман иштерге барбай, мамлекетке да пайдасын тийгизип жатат. Жакшы иштерди жасайт. Биздин эл өкүлдөрү деле бул маселени оң жагына чечип берсе жакшы болмок. Биздин мамлекет секулярдык өлкө, эч кандай динге жеңилдиктер жок дешет. Эгер бизге жеңилдиктерди берип койсо, анда каттоодон өткөн башка да диндердин имараттарына да жеңилдик бериш керек болуп калат деген шылтоону айтып келатышат.

"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын директору Атабек Абылгазиев мечиттердин электр энергиясына болгон карызын төлөшпөсө өчүрүүгө туура келерин айтат. Бирок Абылгазиев мечиттер үчүн атайын жеңилдетилген график түзүлүп берилгенин кошумчалады:

- Мечиттердин электр энергиясына болгон тарифин коммерциялык мекемелерге теңдеп койгон. Мисалы, жөнөкөй жарандар 700 кВт саатка чейин 70 тыйындан, андан ашкандарга 1 сом 82 тыйындан төлөшсө, бюджеттик мекемелер 2 сом 19 тыйын болсо, мечиттер да ошондой төлөшөт. Бул өкмөттөн атайын бекитилип, токтом чыккан. Биздин мекеме мыйзамды аткаруучу мекеме болуп эсептелгендиктен мечиттерге эч кандай жардам бере албайбыз. Алардын карызы көп болуп кеткенде да биз күтүп, жарыгын өчүрбөгөнгө аракет жасайбыз. Анткени алар да мечитти жарык кылып, ичин жылытышы керек да. Бирок эгер кечиктирсе электр жарыгынын чубалгысын кыркканга туура келет. Ал эми буларга төлөмдүн коммерциялык багытын кароо боюнча өкмөткө сунуш берип кайрыла албайбыз. Мен да Нарындын казысы Мамбетасан Ибраевге айткам, муфтият менен бирге кайрылуу жолдоп көрүүнү сунуштагам.

Айрым дин кызматкерлери муфтияттын карамагындагы мечиттерди электр кубатын турмуш тиричилик максатындагы колдонуучулардын катарына кошуп, 70 тыйындан төлөөгө шарт түздүрүү демилгесин көтөрүп жатышат.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаевдин мурдараак билдиргенине караганда, февраль айынан баштап белгиленген тарифке ылайык, жөнөкөй колдонуучулар 700 киловаттка чейин 70 тыйындан, андан ашса 1 сом 82 тыйындан төлөйт. Ал эми өнөр жай, ишканалар, башкача айтканда коммерциялык колдонуучулар 1 сом 97 тыйындан төлөп келүүдө.

Нарын облусунда каттоодон өткөн 52, ал эми каттоодон өтө элек 78 мечит бар.

XS
SM
MD
LG