Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Нарындын эки айылын суу каптады


25-марттан бери Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн жана Ак-Муз айылдарын суу каптап жатат.

Үч жылдан бери катары менен жыл сайын жаз алды менен кардын эриндилери жерге сиңбей, короо-жайларды каптап кетип жатат. Жергиликтүү тургундар быйыл да бул эки айылда ушундай кырдаал түзүлүп жатканын айтышты.

Суу ташкындын айынан мал-жанынан айрылган акмоюндук Сагындык Табалдиева “Азаттыкка” буларды айтты:

- Үч күндөн бери суу акты, короо-жайларыбызды суу каптады. Үйүбүзгө түндө жата албай калдык, полдун үстүнө чейин суу чыгып, ылдыйкы туугандарыбыздын үйүнө жатып эртең менен келдик. Суу кирген кезде катуу келди, малыбызды алганга эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз келбей, бала-чакабыз менен айдадык эле, эки улагым табылбай калды, бир эчки, бир коюм өлүп калды.

Сагындык Табалдиеванын айтымында, жаратылыштын мындай кесепеттерине бийликтин тиешелүү кызматтары маани бербей жатат:

- “Абалың кандай, дубалың куладыбы, үйүң кандай, жагдайды көрөйүнчү” дебейт. Бул жердеги кылкылдаган суудан эси чыгып, бут кийим кийгендер экен, караган жок. Биз бүгүнкү күнгө чейин чыланы кечип жүрөбүз.

Ак-Моюн айылынын тургуну Нарынкүл Өмүргазиева суу ташкында чарбаларды сактап калуу аргасын издеп, балдардын саламаттыгына да доо кетип жатканына капа болду:

- Балдарыбыз төрт күндөн бери суу кечип жүрүп буттарынан жылбай калды. Бизге жардам болобу? Окууга барбай калышты. Кандай азапты көрөбүз? Бизге жардам берчү киши барбы? Полдорубуздан суу чыкты, эми ал үйлөр куласа ким жардам берет? Башкасына эч нерсе кылбайбыз, балдарыбызды дарылатканга жардам берсе болот эле.

Кардын тез эришинен пайда болгон суу ташкынын башка жакка буруу менен алектенип жүргөн Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Керимкулов менен телефон аркылуу байланыштык. Айыл өкмөт башчысынын болжолунда айылда 150дөн ашык үйлөр зыянга учурап, 20дан ашык майда жандык өлдү, ташкын жакын арада токтоору да күмөн.

Ак-Моюн менен жанаша жайгашкан Ак-Муз айылынын тургуну Эркинбек Аскалиев каптаган суу короо жайын 50-60 мин сомго зыянга учуратканын айтты.

- Айылдын, тоонун болгон суулары ушул жактан өтөт. Короо жайларыбыз кулап, жарака кетип, эч кимден жардам болбойт. Бир короо-жай жок дегенде 50-60 миң сомго турат да. Кирпичи куйулат, шыйпырлар сынат дегендей.

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбек Жолболдиев:

- Ошол ичкериден түшүп атканда бул жакка буруп суунун нугун азайттык. Бирок ошого карабастан биринчи келгенде Дыйканбаев Качкын көчөсүндөгү башкы 7-8 үй, бул жактан 5 үйдү айланып өттү.

”Азаттык”: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кандай жардам болду?

- Министрлик тарабынан бүгүн эч нерсе болгон жок. Мен ошол күнү министрликтин райондук өкүлүн чакырттым, облуска чейин чыксак бир өкүлү келип, абалды көрдү.

Ак-Моюн, Ак-Муз айылдарынын тургундары оор кырдаалда өкмөттөн жардам келеринен шек санап жатышат.

XS
SM
MD
LG