Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:48

Нарында республикалык кубок үчүн футбол өттү


Кыргызстандын кубогу үчүн футбол мелдеши көп жылдан бери биринчи жолу Нарын жергесинде өттү. Бишкектен келген тажрыйбалуу футболчулар тоолук оюнчуларды араң дегенде жеңишти.

Шаардын стадионуна толо келген нарындыктар өз командасын абдан катуу сүрөп жатышты. Республикалык кубок үчүн таймаш Бишкек шаарынан “Алга-2” жана Нарындын “Ала-Тоо” командасынын ортосунда өтүүдө.

Футбол ышкыбозу Токтобек мырза көптөн бери чоң футбол көрбөй, бугүн черлери бир жазылганын айтууда:

- Ооба, бул оюн жакшы болду. Эки команданын деңгээли бирдей экен. Бишкектен келген команданын балдары жашыраак окшойт, бат чуркашат экен, деңгээли бирдей болуп атат. Жакты! Ушундай оюндар көбүрөөк болуп турса жакшы болот эле. Элдин ден соолугу чың болуп, спорт менен машыгып, анан бош жүрбөй спорт менен машыккан жакшы да, көчө таптабай. Спортту улантыш керек. Ушундай оюндар көп болсун!

Бул оюнда “Алга-2” командасы тоолуктарды 2:1 эсеби менен араң утту. Бишкектиктердин машыктыруучусу Шажия Джамбули “бирок достук утту” дейт:

- Биз бүгүн эле келгендиктен балдарга ойноого кыйыныраак болду. Ошентсе да оюн абдан жакшы болду. Судьялар да жогорку деңгээлде иш алып барышты. Эки команда тең күрөштү. Абдан сонун футбол оюну болду. Сүрөөчүлөр, бул жактагы кесиптештердин меймандостугу абдан жакты. Биздин команда 2:1 эсебинде утса дагы мааниге ээ эмес. Себеби достук утту.

”Ала-Тоо” командасынын коргоочусу Рысбек Конокбек уулу балалык чагынан футбол дегенде ичкен ашын жерге койгондордон:

- Футболго 5-6-класстан бери катышам. Бизди өстүргөн ушул агайларга рахмат. Бул жакта агайларыбыз бар, Болот, Элзар топ тепкенди үйрөттү. Бүгүнкү оюн менимче жакшы болду окшойт. Эмки оюндар буйруса улана бермекчи, балдарга, күйөрмандарга ырахмат! Нарындын намысын коргоп, Нарын дегенде кыйкырып бергенине.

"Ала-Тоо" командасынын жеңилиш себептеринин бири – анын курамы негизинен мектеп жашындагы өспүрүмдөрдөн болгонунда дейт машыктыруучу Элзар Болотбеков:

- Биздин команда жаш, түзүлгөнүнө бир ай болду. Жаңыдан облустун биринчилигине катышып, кичинеден баш көтөрүп келатат.

Башында бир балабыз чыгып калып, кыйналып калдык. Эки тайм бою онообуз эле ойнодук. Теңедик, бир-бир болду. Аягында кичине күчүбүз жетпей калды, 2:1 болуп утулуп калдык. Балдар жакшы эле ойношту. Көбү жаш, мектеп курагындагы балдар
.

Бирок нарындык өспүрүмдөр жайы-кышы тынбай машыккан бишкектиктерге оңой менен жеңилип беришкен жок. Жергиликтүүлөргө бир аз тажрыйба жетпей калды. Бирок намыскөйлүгү жана жанын таштап ойногону жагынан нарындыктар артыкчылык кылышты. Футбол ойногула, достор!
XS
SM
MD
LG