Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Ыңкылап катышуучуларына эстелик тургузулду


Нарын шаарынын “Тян-Шан” гүл багында 7-апрелде набыт болгон нарындык жигиттерге арналган эстеликтин ачылыш аземи өттү.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтында окко учкандардын арасында Нарындын 25 тургуну болгон. Алардын элесине арналып тургузулган эстеликти Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев ачты:

- Эстеликтин негизги бөлүгү өкмөт үйүнө чабуул коюп келе жаткан беш адамдын сөлөкөтүнөн турган скульптура. Бирөө кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон калпакты кийип турат. Бул скульптура чабуулчулардын тайманбастыгы менен катар эле снайпердин огунан өлгөн жолдошунун тагдырына кайдыгер эместигин, бул күрөштө бардык кыргыз эли бирге экендигин көрсөтүп турат. Борбордук аянттагы өкмөт уйүнүн сөлөкөтү түшүрүлгөн эстеликтин бир тумбасында снайпердин огунан каза болгон баланын жанында энеси уулун жоктоп, азага батып отурганы 87 мыкты эр азаматын жоготкон жалпы кыргыз элинин кайгысын көрсөтүп, оңойго турбаган оор жеңиш болгонун чагылдырган.

7-апрель ыңкылабынын активдүү катышуучусу Эркин Асаналиев мурдагы бийлик менен күрөш Нарын жергесинен башталганын белгилеп, ошентсе эски бийликтин өкүлдөрү ишин дагы эле улантып жатканын айтты:

- Эң өкүнүчтүүсү – ошол адамдар, ошол соттор, ошол прокурорлор дагы эле Бакиевдин камчысын чаап бул жакта отурушат. Шайлоо өткөрүп, Нарында Бакиевдин тактысын бекемдеп тургандар дагы деле турат. Урматтуу губернатор, элдин атынан талап кылабыз, ошолордун баарын тазалашыңыз керек. Эгерде эркиңиз жетпесе элдин алдына салыңыз, референдум өткөрүңүз. Бул балдардын өлүмү текке кетпеш керек.

Ыңкылаптын катышуучусу Зина Абдрахманова эстеликтин ачылышына бийлик өкүлдөрү катышпаганына нааразы:

- Бирөө да басып келип, көңүл бөлгөн жок. Бүгүн эстелик ачылып атат. Жок дегенде өкмөттөн беш депутат менен бир кишини Отунбаева жиберсе болот эле да. Алакан жайып, куран окуп кетсе болот эле.

7-апрелде набыт болгон Адилет Карасартовдун атасы Сүйүндүк Карасартов ок аткандар жана аттыргандар ушул күнгө чейин кармалбаганына өкүнөт:

- Бүгүнкү күндө 7-апрелде балдарды аткандардын бирөө да түрмөгө отура элек. Сотко катышып атабыз, күндөн-күнгө жылдырышат. Соттун баары сатылганын көрүп атабыз. Биздин ыза качан токтойт? Күнөөлүүлөр жазасын алганда...

Облус губернатору Канатбек Муратбеков окко учкан 26 жигиттин туугандарына 2000 сомдон өз каражатынан тапшыруу менен эстеликтин кеч тургузулганына кейиди:

- Алтын берсек дагы биз өзүбүздүн баатырларыбызды эч кандай, эч нерсе менен алмаштыра албайбыз. Бирок ошого карабастан мына ушул эстелик бүткөнчө биз абдан кыжаалат болдук, биз сиздердин алдыңыздарда абдан уялып турдук. Нарын облусунда бир жыл ичинде ушул эстелик тургузулбаганы мени абдан кейиткен.

Ыңкылаптын дагы бир катышуучусу Адыл Эсенбеков революция максатына жетпей калды дейт:

- Азыркы учурда жер-жерлерде ар кандай революциялык күчтөр жана башка талаш тартыштар көбөйдү. Бул революция аягына чыкпай калды. Бирок алдыда келе жаткан президенттик шайлоону кыргыздын келечеги үчүн таза өткөрбөсөк, революциядан кийин күнөөкөлөр жазага тартылбаса, кыргыз жигиттери кайрадан чыгып, кайрадан эсептешебиз.

Нарында тургузулган эстеликке жалпысынан 1 миллион 380 миң акча сарпталган. Анын ичинен 10 миң долларды премьер-министр Алмазбек Атамбаев бөлүп берген, калган каражат Нарын облустук, райондук, шаардык администрациялардын кызматкерлеринин 3 күндүк айлык маянасынан чогултулган.
XS
SM
MD
LG