Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

7-апрелди эскерүү


Мындан туура бир жыл мурда өкмөт үйүнүн алды канга боёлуп, нааразы болгондордун кысымы токтобогондуктан бийлик сересиндегилер качууга аргасыз болгон.

Таласта башталган кармаш...

2010-жылдын 6-апрелинде Талас облустук администрациясынын алдына чогулган оппозиция тарапкерлери өлкөдөгү экинчи бийлик алмашууга жол ачышты.

Ал күнү Таластагы митингди кууп таркатууга көп сандагы милиция, ал тургай Бишкектен атайын бөлүктөрдүн аскерлери тартылып, кагылыштын жыйынтыгында облустук администрация митингчилердин колуна өтүп, талкаланды.

Талас, 6-апрель,2010-жыл
Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында да нааразычылыктар күчөй баштаганы байкалды. Ушул эле күнү күч түзүмдөрү Таластагы митингди баштап жүргөн Болот Шерди колго түшүрүп, түнү менен Бишкекке алып келишти.

Бишкектен Таластагы операцияны башкаруу үчүн Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жөнөтүлүп, алар 7-апрелде нааразы болгондордун колуна түшүп, М.Конгантиев өтө катуу токмоктолду.

Таластыктар облустук ички иштер башкармалыгын басып алып, куралдарды да тартып алышты. 7-апрелде Бишкекте күч түзүмдөрү менен митингчилердин кагылышы болуп аткан маалда Талас менен Нарында бийлик нааразы болгондордун колуна өттү.

Лидерлердин кармалышы

6-апрелде Бишкекте оппозиция лидерлерин кармоо операциясы жүрдү. Ошол күнү кечинде “Азаттыкка” оппозициядагы лидерлерди кармоо операциясы жүрүп атканы, бир канчасы кармалганы, ошол сааттарда “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди кармоо үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын адамдары келишкени тууралуу маалымат түштү. Кесиптешим Гүлайым Ашакеева экөөбүз Совет-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ө.Текебаевдин батирине дароо жетип бардык.

Ө.Текебаев коопсуздук кызматкерлерине эшигин ачпай, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган адамдар эшикти талкаламакчы болгондорду кой-койлоп жүрүшкөн экен.

Акыры Ө.Текебаев эшикке чыкканы менен УКМКга эмес “Интербилим” уюмуна барарын, суроолорго ошол жактан жооп берерин айтып, коопсуздук кызматкерлеринин унаасына түшпөй койду. Ошондо ары жакта турган кичи автобустан автоматтарын сундуруп 15 чакты бет капчан аскерлер чыга келишти. Алардын бирөө түз эле автоматын бизге сундуруп, “кыймылдаба” деген буйрук берди. Кесиптешим Гүлайым Ашакеева үн жазгычын, мен болсо фотоаппаратты кармаган тейден катып калдык. Автоматчандар көз ирмемде Ө.Текебаевдин 4-5 жардамчысын төпөштөп, өзүн камгактай көтөрүп алып кетишти.

Ө.Текебаевди кармап кетишкенден кийин эле көп өтпөй милиция, УКМК аскерлери Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жөнөшкөнү айтылды. Ал жакка да “Азаттыктын” кабарчылары дароо жөнөп кетишти.

7-апрелдеги күч колдонуу боюнча айыпталып жаткандар Бактыбек Калыев (оңдө) жана Нурлан Темирбеков
А.Атамбаев Бишкектин Горький-Фатянов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эки кабаттуу, сырты бийик коргон менен тосулган үйүнөн чыгуудан баш тартып, анын тарапкерлери үйгө барчу жолду унаалар менен тосуп салышты.

Акыры түнкү саат бирлерде көптөгөн куралчан коопсуздук кызматкерлери чогулгандарды, журналисттерди четке сүрүп, жолго коюлган унааларды алып, үйдүн эшигин талкалап киришти да А.Атамбаевди алып кетишти. Ошентип А.Атамбаев ага чейин кармалган Ө.Текебаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган адамдардын катарын толуктады. 7-апрелге караган түнү күч түзүмдөрү оппозициядагы дээрлик бардык лидерлерди камаганга үлгүрүп, алар ошол таңды УКМКнын абагында тосушту.

7-апрель. Бийликтин чукул аракети жана кандуу кагылыш...

7-апрель күнү эртең менен ошол кездеги президент Курманбек Бакиев дээрлик өзү түзгөн “Ак жол” партиясынан турган парламентти чогултуп, бийлик чукул чараларды көрүүгө шашып калды. Премьер-министр болуп турган Данияр Үсөнов депутаттардын алдына чыгып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу буларды айткан:

- Биз кырдаал курчуп кетиши мүмкүн болгон аймактарга кошумча күчтөрдү жиберип атабыз. Жалпысынан өлкөдөгү кырдаал мындай: Талас облусунда Талас шаарынан башка жерлерде кырдаал тынч.

Ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов, 6-апрель, 2010-жыл
Нарында бүгүн курултай өтүп атат. Алар башында драма театрды сурашкан. Бирок азыр алар аянтка чыгышты. 2000 чамалуу адам Нарында турат. Көздөгөндөрү ошол эле – облустук администрацияны басып алуу. Биз ал жакка Ысык-Көлдөн, Чүйдөн күчтөрдү жөнөттүк. Таласка болсо Оштон кошумча күч жөнөттүк. Чүй облусунда абал тынч.

Бүгүн Токмок шаарында Манап бийдин эстелиги алдында чогулушат деген маалымат бар. Аксы районунда кечээ Топчубек Тургуналиев 50 машине менен Кербен шаарына өтүүгө аракет кылды. Планы ошол эле. Кечээ аларды артка бурууга жетиштик. Бирок азыр алар кайра 40 чамалуу машине менен Кербенди көздөй кайра жөнөштү. Кара-Кулжада 30-40 адам чогулуп, азыр тарашты. Алайда 15-20 адам чогулуп, таркашты. Негизги курч аймактар азыр Талас менен Нарын.


Депутаттар кырдаал боюнча премьердин маалыматын уккандан кийин коменданттык саат киргизүү маселесин да көтөрө башташты. “Ак жол” фракциясынын төрагасы болуп турган Улугбек Ормонов “Форумдун” алдында кууп-таркатуу операциясы болуп аткан маалда парламентте сөз сүйлөп, кыйын кырдаалда президенттин айрым аймактарга өзгөчө кырдаал киргизүүгө укугу бар экендигин, андыктан депутаттар президентке ушундай сунушту жибериши керектигин айтып чыккан.

Ал арада Бишкектин Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум” имаратынын алдында нааразы болгондор чогулуп, аларды таркатуу үчүн барган күчтөр менен чогулгандар кагылыша кетти. Натыйжада нааразы болгондор көптүккө салып тартип коргоо кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, аларды ур-токмокко алышты. Бир канча унаалар өрттөлдү. Баш аламан митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.

Бийлик тарабынан көптөгөн маалымат каражаттарына, анын ичинде “Азаттык” үналгысына маалымат таркатууга тоскоолдуктар жасалгандыктан, болуп аткан окуялар тууралуу өлкө ичинде маалымат алуу кыйынга турду. Коомчулук болуп аткан окуяларды негизинен уюк телефон, интернет аркылуу билип турду.

“Форумдун” алдында милициядан куралдарды тартып алгандар өкмөт үйүн көздөй жүрүш жасап, саат 13:40 чамалаш демонстранттар Ак үйгө чабуул жасай башташты. Күч органдары аларга каршы көздөн жаш агызчу куралдарды, желим окторду колдонду.

Саат 14:30 чамалаш митингчилер арасынан алгачкы жаракат алгандар тууралуу маалыматтар пайда болду. Саат 16:00 ченде Ак үйдү кайтарган күчтөр митингчилерди кадимки өлтүрүүчү октор менен ата башташты. “Азаттыктын” кабарчылары өкмөт үйүнүн алдындагы кандуу окуяны биринчилерден болуп чагылдырып турду. Кабарчыбыз Шайырбек Эркин уулу ок атышуу маалында борбордук аянтта туруп, окуяны телефон аркылуу түз ободо сүрөттөп атты.

Бийликтин качышы, Убактылуулар доорунун башталышы

Кырдаал абдан эле курчуп кеткенде камактан бошотулган оппозиция лидерлери бир канча жолу Ак үйгө кирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бийлик “кырдаал курч” делген бир катар аймактарда коменданттык саат киргизгени менен күч түзүмдөрү толук кайраттан тайып, ал турмак милиция кызматкерлери Бишкекте форма кийип жүрөөгө даабай калышты.

Кечке жуук оппозиция лидерлери митингчилердин колуна өткөн Улуттук биринча каналдан (Коомдук биринчи канал) чыга башташты. К.Бакиев куралдуу сакчыларынын коштоосунда “Манас” аба майданына, андан ары учакка отуруп Ош шаарына качты. Ал жактан кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы өзү өскөн Тейит айылына жашынды.

Көп өтпөй ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов, УКМКны башкарып турган Мурат Суталинов, президенттин уулу Максим Бакиев баштаган ири чиновниктер да качып кетишкени билинди.

Өкмөт үйүн, Жогорку Кеңешти жаалданган демонстранттар толук талкалап, түн кириши менен Бишкекте талап-тоноочулук орун алды. “Народный”, “Бета Сторес” сыяктуу ири соода түйүндөрү тонолуп кетти.

Ал арада эл аралык коомчулук Кыргызстандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирип жатышты. Орусия премьери Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларга Орусиянын тиешеси жоктугун билдирди. Оппозиция лидерлери ошол эле түнү теле аркылуу 14 адамдан турган Убактылуу өкмөт түзүлгөнүн, аны Роза Отунбаева жетектей турганын жарыялашты.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары бир ооздон "коррупциялашкан, элдин канын соргон бийлик" кулаганын, эми мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн таза иштөө мезгили келгенин, антпесе өкмөт үйүнүн алдында курман болгондордун арбагы ыраазы болбосун айтып жатышты.

Азыр арадан туура бир жыл өттү. Ошондогу Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кыйласы учурда бири-бирин катуу сындаган атаандаштарга айланды. Бүгүн окко учкан 87 адам эскерилип аткан маалда, бир жыл мурда бийликке келгендердин миллиондогон акчаларды жеп коюшканы, коррупциялык иштерге аралашып кетишкени тууралуу маалыматтар чыга баштады.

XS
SM
MD
LG