Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Нарын театры Өзбекстанга аттанды


Спектакль учурундагы көрүнүш.
Спектакль учурундагы көрүнүш.

Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын Ташкент шаарына жөнөп кетишти. Союз тараганы олку-солку иштеп калган бул аймактык театр ушул жылдан баштап чет жакка гастролдорго чыга баштады.

Мындай саамалыктан улам актерлор "ишибизге өзгөчө дымак менен карап калдык" дешсе, нарындык театр ышкыбоздору "спектаклге кызыгуубуз артып жатат" деп ыраазы болушту.

Нарын драма театрынын артисттери 16-17-октябрь күндөрү өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда Ташкент шаарындагы улуттук драма театрында өздөрүнүн “Маң” спектаклин коюшат.

Театр жетекчисинин орун басары Аида Кетирбаеванын айтымында, артисттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында коңшу өлкөдөн атайын чакыруу алган:

- Биздин чыгармачыл топтун Ташкентке барып келишине президенттин фондунан атайын 120 миң сом бөлүндү. Чакыруу менен баратышат. Артисттерден тышкары үн режиссер сыяктуу чыгармачыл топту кошкондо 25 киши баратат.

Ташкентте коюла турган бул спектакль ушул жылдын июнь айында Казакстанда өткөн эл аралык фестивалга катышып, ийгиликке жеткен. Аймактык театр койгон "Маң" спектакли КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 14 театры катышкан сынакта калыстардын өзгөчө баасына татып, алдыда өтө турган бир нече эл аралык сынактарга чакырылган.

Аталган театрдын актеру Канат Мамырканов союз тараганы театр чет өлкөгө гастролдомок тургай, чакан шаарда көрүүчү тарта албай калганын айтып, театрдын учурдагы ийгиликтерин кесипкөй жетекчинин иши катары баалады. Ошол эле убакта Мамырканов жакынкы күндөрү Нарын драма театры дүйнөлүк турнеге чыгууга аракеттенип жатканын айтты:

- Ташкенттен кийин Орусиянын шаарларын кыдыруу алдында турабыз. Татарстанга барабыз, андан сырткары Кабардиниянын Альчик деген шаарына, андан соң Москвага коёбуз. Кийинчерээк Лондонго да барууга аракет кылып атабыз. Анткени биздин бул спектаклибиз аябай жакшы чыкты. Бизге азыр кут конуп турат десек болот. Биздин театрдын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбековдун, көркөм жетекчибиз, эмгек сиңирген ишмер Жалил Мидиновдун арты менен театрыбыз жанданды. Бизди көп жерлерди кыдырууга жол ачты десек болот. Эми дагы көп ийгиликтерди багындырабыз.

Адистер облустук театрлардын кайра жанданышы ириде режиссерго жана маданият үйүнүн материалдык базасына байланыштуу экенин айтышат.

Жаныш Кулманбетов.
Жаныш Кулманбетов.

- Нарын театрын мен өзгөчө белгилейт элем. Акыркы жыйырма жылдан ашык убакыттын ичинде бул театрдын акыбалы өтө оор болчу. Ал баарыбызга эле маалым. Бирок бир жылдын ичинде баркы көтөрүлүп, жаңы сапаттык бийиктикке чыгып жатканы кубандырат, - дейт Театр ишмерлер бирикмесинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетов.

Театрда баш-аягы элүүдөн ашык артист эмгектенет. Бир жагынан маянын аздыгынан, экинчи жагынан кадр тартыштыгынан улам театрга ишке орношкон кесипкөй жаштар жокко эсе. Бирок ошентсе да театрдын жанданышынын шары менен элдин да театрга кызыгуусу ойгонгону байкалат.

Маселен, Нарын медициналык окуу жайынын студенти Нурайым Жыргалбекова театрга ишке киргени төрт ай болуптур. Ал учурда Ташкент шаарына спектаклде эпизоддук ролду аткарыш үчүн баратат.

- Аябай толкунданып атам, - дейт ал. - Мен Эдигейдин сүйгөнү Зарипанын ролун аткарам. Эдигей капаланып жаткан кезинде мен элес болуп келем. Мындайча айтканда алыстагы сүйгөнүн аткарып жатканыма сыймыктанам. Мен биринчи жолу роль жаратканымдан тышкары сыртка да биринчи жолу чыгып атам. Келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги актриса болгум келет.

Эл аралык фестивалда мыкты деп табылган "Маң" спектаклин анын автору Султан Раев жана коюучу-режиссер Жалил Мидинов сахналаштырган.

“Маң” спектакли - Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жаралган татаал, философиялык чыгарма. Ал Астана шаарында өткөн VI Эл аралык SAMGAU театр фестивалында мыкты спектакль деп табылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG