Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Ишкерликти үйрөнгөн миңкуштук аялдар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюму миңкуштук аялдарга бизнес-долбоор даярдоону үйрөтүп жатат. 20-октябрда башталган иш-чара аялдардын тең укуктуулугун колдоо максатында уюштурулган.

Семинарга жалпысынан жыйырмага жакын аял катышып, айыл жергесинде чакан бизнес ачуунун жолдорун үйрөнүшөт.

Миң-Куш айылынын тургуну Чолпон Султаналиева айылына таттуу азыктарды жасоочу чакан цех ачсам деп кыялданып жүрөт. Бирок ишкерликтин баштапкы салымына каражаттын жоктугунан улам бул кыялы ишке ашпай келаткан. Эми минтип айылына келип, долбоор жазууну үйрөтүп жаткан уюмдардын жардамы менен ишкерликке бел байлап, үй-бүлөлүк бизнес ачууга даярданып жаткан чагы:

Чолпон Султаналиева.
Чолпон Султаналиева.

- “Бизнести кантип ачабыз, ачсак ишке ашабы?” деген коркуу сезими бар болчу. Азыр анын жолдорун үйрөнүп жатабыз. Мен кондитердик чакан цех ачайын деп жүрөм. Анткени нан бардык мезгилде жана кайсыл жерде болбосун өтө берет. Азыр мен өзүмө ишене баштадым. Бирок дагы ойлончу нерселер аз эмес, байкап көрүш керек. Адегенде каржы маселесин чечип алалычы, андан кийинкисин көрө жатарбыз.

Бир жагынан экологиялык катаал шартта, экинчи жагынан алыскы аймакта жашаган миңкуштук аялдарды колдоо максатында уюштурулган бул окуу “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмунун демилгеси менен өтүп жатат. Уюштуруучулар айылдык аялдардын тээ тереңде жаткан, эч кимге айта албай жүргөн, бирок ишке ашырса боло турган ишкерлик идеяларын угушту. Үйрөтүмдүн (тренингдин) катышуучусу Нуржан Исаева оюн мындайча айтты:

Нуржан Исаева.
Нуржан Исаева.

- Жасайын деген идеялар толтура. Бирок ичке ашыруу абдан оордой сезилчү. Бирок “оор экен деп отура бербей аракет кылса болот экен” деген ой пайда болду. Издениш керек экен. “Эмнени, кайсы жакка алып чыксак болот, арты кандай болот, киреше түшөбү?” деп ой жүгүрткөндү үйрөндүк. Бирок ачыгын айтканда биз бир топ нерсеге көзүбүз жеткени менен бир аз жалкоолук адатыбыз да бар.

Айылда ансыз да түйшүгү түмөн аялдар алгач чакан бизнес ачууга чамасы жетпей турганын айтышкан. Бирок үйрөтүүчүлөр ишкерликти үй оокаты менен айкалыштырса болорун белгилешти. Алар бул үчүн адегенде каалоо, андан кийин шык болсо эле аялдар бардык нерсени жөндөп кете аларын, ошол эле убакта чакан ишкерлик үй-бүлөлүк бюджетке да колдоо болорун түшүндүрүштү.

Эркин ишкерлик боюнча эксперт Акимбек Бектеналиев кайсы бир ишти баштоодо аялдардын коркунучун да алар менен кошо жеңгенге аракет кылышканын айтты:

Акимбек Бектеналиев.
Акимбек Бектеналиев.

- Үйрөтүм айыл жергесинде ишкерлик менен алек болуп жүргөн жана оргуштаган идеясы бар кыз-келиндерге багытталган. Негизги темалар - бизнес-план деген эмне, ал кандай максатта түзүлөт, анын кандай пайдасы бар жана тартиби кандай болот. Ушул маселелерге кеңири токтолдук. Рынок бул башкы нерсе экенин айымдарга түшүндүрүүгө аракет кылдык. Ишкерликтин кандай түрү болсо да рынокто кардарын табуунун ыкмаларын окуттук.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай семинарлар Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарында улантылат. Долбоор атайын уран калдыктары сакталган аймактарды колдоого багытталган.

Реалдуу ишкерлик идеясы бар аялдарга Германиянын Кыргызстандагы элчилиги иш башташ үчүн баштапкы чыгымдарына чакан грант берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG