Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Насирдинов: Жылдызды үч ай мурда көргөм


Маркум Жылдыз Насирдинова
Маркум Жылдыз Насирдинова

Ростов-на-Донуда учак кырсыгынан каза болгон Жылдыз Насирдинованын жакындары учурда суук кабар угуп, ыйлап отурушат.

Маркум Жылдыздын агасы Кубатбек Насирдинов карындашы тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Жылдыз Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектепти артыкчылык аттестат менен бүтүргөн. Андан соң Бишкек гуманитардык университетинде чет тилдер факультетин бүтүрдү.

Окуп жүргөндө эле англис, кытай тилдерин үйрөнүп, Дубайдагы авиа компанияга иштеп кеткен. Буга чейин ал жерде администратор болуп иштеп жүрүп, бир ай мурда стюардесса болгон.

"Азаттык": Үй-бүлөдө канчанчы эле?

- Мен Жылдыздын атасынын бир тууган иниси болом. Жылдыз беш баланын кичүүсү. Төрт кыз, бир эркек. Атасы 2012-жылы оорудан каза болгон. Апасы болсо Нарын облустук ооруканада көп жылдан бери терапевт болуп иштейт.

"Азаттык": Сиздер менен акыркы жолу качан сүйлөштү эле?

- Мен өзүм сүйлөшкөн эмесмин. Бирок Жылдыз апасы, эжелери менен тез-тез сүйлөшүп турчу экен.

"Азаттык": Нарынга келип турчу беле?

- Беш жылдан бери Дубайда иштеп жүргөндүктөн жылына бир жолу келип апасы, бир туугандары менен учурашып кетчү. Акыркы жолу үч ай мурда келип кеткен эле. Турмуш кура элек болчу.

"Азаттык": Өкмөттөн кандай жардамдар убада болду?

- Азыр Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев келип кетти. Ал сөөктү алып келгенге жардам берилерин айтты. Аларга да рахмат. Бишкектен да чалып жатышат.

"Азаттык": Сөөктү алып келгенге сиздер кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

- Жылдыздын эки байкеси азыр Москвага учуп кетишти. Азырынча алар өз каражаттары менен эле кетти. Өкмөт сөөктү алып келгенге жардам берет болуш керек. Аны да барганда сүйлөшөбүз да.

"Азаттык": 28 жаштагы Жылдыз бүгүн таңда Орусиянын Ростов-на-Дону аэропортунда кыйраган учакта стюардесса болуп иштечү. Ал беш жылдан бери Дубайда жашап, FlyDubai авиакомпаниясында администратор болуп иштечү. Борт коштоочу кызматына которулганына бир ай гана болгон.

XS
SM
MD
LG