Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19

«Ак шумкарларга» Мьянманы утуу маанилүү


Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин оюн учурунда.
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин оюн учурунда.

10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешет. Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тандоо оюндарынын экинчи баскычын өз оюн талаасында өткөрөт. Башкы машыктыруучу бул оюнга 23 футболчуну чакырган. Жаракатына байланыштуу Азамат Байматов беттешке катышпайт. Кечээ 9-октябрда «ак шумкарлар» оюн алдындагы акыркы машыгуусун өткөрдү.

Мьянма курама командасы менен өтө турган беттеш Кыргызстандын курама командасы үчүн тандоо оюндарындагы экинчи оюн болуп саналат.

Мьянманын курама комнадасынын башкы машыктыруучусу Миодраг Радулович тандоо оюндарына жаңы команда түптөгөнүн айтып, буларга токтолду:

Миодраг Радулович/
Миодраг Радулович/

- Кыргызстан курама командасы менен боло турган оюн биз үчүн чоң тажрыйба болмокчу. Мен кыргыз футболчуларынын кандай ойноорун жакшы билем. Алардын Азия кубогундагы оюнуна көз салгам. Команда өзүн көрсөтө алды. Бир гана ийгилик жеткен жок. Курамы күчүү, андыктан оюн жеңил болбойт. Мен реалистмин, өз командамдын мүмкүнчүлүгүн жакшы түшүнөм. Бирок ошого карабай жашкы ойногонго аракет кылабыз.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстандын футболчулары дүйнө чемпионатына тандоо оюндарын ийгиликсиз баштаганын моюнга алды. Бирок баарын өзгөртүүгө убакыт бар экенин билдирди:

Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

- Тандоо оюндарында Тажикстан эки беттеште жеңди. Биз бир оюнда жеңилдик. Экинчи тур эми гана өттү. Алдыда дагы оюнубуз бар. Баарын өзгөртүү биздин колубузда. Эң башкысы - алдыдагы оюн жөнүндө ойлонушубуз керек. Эми бардык күчүбүздү жумшап, турнир жадыбалын өзгөртүүгө жана күйөрмандарыбызды кубандырууга аракет кылабыз.

Буга чейин футбол серепчилери тандоо оюндарынын F тайпасында Кыргызстандын башкы атаандашы Тажикстан экенин айтышкан.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген.

Тажикстандын курама командасы 10-сентябрда Улан-Батор шаарында өткөн экинчи беттешинде Монголияны 1:0 менен уткан. Ушул эле күнү өткөн F тайпасынын катарлаш беттешинде Жапония Мьянманы жеңген. Бул турда кыргыз футболчулары эс алышкан.


Учурда F тайпасынын сап башына эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы чыкты. Экинчи орунду үч упайы менен Жапония ээлеп турат. Үчүнчү орунда эки беттеште үч упай алган Монголия турат. Кыргызстан менен Мьянманын курама командаларынын эсебинде бир да упай жок.

Спорт журналисти Адилет Темирланов «ак шумкарлардын» тайпадан чыгышы үчүн алдыдагы беттештерде жеңишке жетүүнүн өзү аздык кылат деген ойдо.

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

- Мындан ары упай жоготпойбуз го деген оптимистик маанайда турам, - деди ал. - Анткени азыр оптималдуу курам чогулду. Майер, Кичин келди. Алдыдагы эки оюнда жеңсе үчтөн алты упайга ээ болуп, Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен теңелет. Ал эми Тажикстан өз оюн талаасында Жапония менен беттешет жана бир турда эс алат. Жапония жеңишке жетет деген үмүттөмүн. Эгер ошондой болсо анда «ак шумкарлар» Тажикстанды упай жагынан кууп жетет.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Калган 24 команда кийинки баскычта 2023-жылы боло турган Азия кубогуна 12 жолдомо үчүн ат салышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG