Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Жаңы оппозиция жаралууда


Кыргызстанда “Ар-намыс”, “Ак шумкар” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери жаңы оппозициялык күч түзүп жатканы жөнүндө кеп тарады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын натыйжасында беш партия бийликке келип, парламент менен өкмөт куралып бүткөндөн кийин өлкөдө саясий жагдай өзгөрдү. Ошол жаңы жагдайга жараша саясий күчтөрдүн мүдөө-максаты, кызыкчылыктары боюнча өз ара бөлүнүү-биригүү процесси башталды.

Ошондой жаңылыктардын бири болуп жакында “Ар-намыс”, “Ак Шумкар” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары биригип жаңы оппозициялык күч түзүп жатканы жөнүндө кеп чыгып кетти.

“Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттык” менен маегинде бул маалыматты төгүндөгөн жок, бирок жаңы түзүлгөн саясий шартта ким ким менен болору, эмне кылары жөнүндө бардык саясий күчтөр ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын гана ачыктады.

- 2011-жыл президенттик шайлоонун жылы. Ошого карата саясий партиялардын, саясатчылардын арасында ар кандай жүрүштөр, ар кандай топтошуулар болот. Ошондуктан бар же жок деп кесе айта албайт азыр эч ким. Азыр бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүп жатабыз. А кандай багытта, кандай формада биригүүлөр болот, аны убакыт көргөзөт, -деди Темир Сариев.

Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен беш партиянын ичиндеги “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” партиялары башкаруучу коалицияга кирбей калгандан кийин өздөрүн парламенттик оппозиция катары жарыялашкан.

Аталган партиялардын сырткары азыркы бийликке оппозицияда турган Улуттук Конгресс бар. Бул уюмдун катарында “Акыйкат”, “Замандаш”, “Эгемен Кыргызстан”, Ак санат, “Каганат”, 7-апрель жаштар кыймылы”, “ССР” биримдиги сыяктуу парламенттик шайлоодо жеңилип калган он чакты партия бар. Алар шайлоого бирдиктүү күч болуп баруу жөнүндө меморандум бекитишкен. Бул уюмдун өкүлү Ишенбай Кадырбеков Улуттук конгресстеги күчтөгү күчтөр азыркы убакта бийликке карата конструктивдүү оппозиция болуп турганын билдирди:

- Бийликке жетпей калган партиялар каалайбызбы-каалабайбызбы баары бир оппозиция болот. Алардын алдында эки жол бар. Биринчиси, конструктивдүү оппозиция болуп бийликке жардам берели дейт. Экинчиси, бийликти кетирүү үчүн күрөшөт. Биз конструктивдүү оппозиция бололу деген ой менен чогулуп, азыркы бийликке ой-сунуштарыбыз менен жардам берели деп жатабыз. Эгерде өкмөт укпай, өз билгенин жасай берсе, экинчи жолго түшөбүз.

Ишенбай Кадырбеков ошол эле учурда бийликте турган партиялар менен бийликте жок партиялардын биригип жатышын акылга анча сыйбаган кадам катары эсептейт:

- "Ар-намыс", "Ата Мекен" бийликке келген партиялар, алардын трибунасы бар, бийлик укуктары бар. А бул жакта "Бүтүн Кыргызстан" , "Ак Шумкар" жана биз түзгөн Конгресс мүмкүн чогуу бир күч болуп биригип, бийликтеги оппозиция менен конструктивдүү бир келишимге келиши мүмкүн, эгерде мамлекетте кризис болуп баратса.

Ошентип бийликте турган партиялар өздөрүнүн ордун сактап калууга тырышып жаткан учурда бийликте жок партиялар бийликке жетүүнүн план-стратегиясына баш катырууда. Талдоочулар өлкөнүн саясий сахнасында Акаев менен Бакиев заманындагы саясатчылар менен катар бийликке оппозиция боло турган ар кандай ой-мүдөөсү бар жаңы күчтөрдүн пайда болушун болжолдошууда.

- Жаңы күчтөр чыгат. Аларды сырттагы күчтөр тарбиялап багып баштайт. Москваны, Казакстанды, Американы караган партиялар бар. Алардын лидерлери менен байланышып, сырткы күчтөр акча да бериши мүмкүн. Жаңы күчтөрдү эл өзү дагы күтүп калды. Башыңарга бак кондурам, колуңарга олжо түшүрөм деп сырттан келип, ишенчээк элди ээрчиткен жаңы барктабасовдор да чыгышы мүмкүн, -дейт “Бийлик жана акча” гезитинин баш редактору Турат Акимов.

Кыргызстанда бийликке оппозицияда турган тымызын иштеген саясий күчтөр дагы бар экенин айта кетели. Алардын эң ирдүүсү “Хизбут-тахир” партиясы башынан эле Кыргызстанда халифат бийлигин орнотуу мүдөөсүн жар салып келатат. Бул сыяктуу күчтөр былтыркы апрель окуясынан кийин бийликтин чабалдыгынан пайдаланып эл ичиндеги таасирин дагы күчөтүп алышты. Ал түгүл соңку учурдагы теракт окуялардын чынжырында диний-экстремисттик күчтөрдүн катышы тууралуу укук коргоо органдары тарабынан көп айтылууда.

Талдоочулар жазында Кыргызстанда кайрадан толкундоолор болот деп болжошууда. Алар айтпаса деле экономикалык кризис, элдин жакырданышы, зордук-зомбулуктун күчөшү эл ичин кыжаалат кылып турганы көрүнүп турат. Азыркы башкаруучу коалицияга мурдагы режимдин камчысын чапкандар толуп алды деген нааразылык үндөрү жер-жерлерде утур-утур угулууда. Эзели үн катпаган мугалимдер эмгек акыны көтөрүүнү талап кылып бир айдан ашык убакыттан бери бардык дубандарда митингге чыгып жатышат. Кыргызстандагы коалициялык өкмөткө мына ушундай туш-туш жактан кыстаган күчтөр менен эсептешүүгө туура келүүдө.

Ал аңгыча “Манас Ордо” коомунун башчысы Анарбек Усупбаев өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын мөөнөтүн беш жылга узартуу жөнүндө чакырык жасап жиберди. Эми бул демилгенин жактоочулары да, каршылаштары да чыгат, ошого жараша бийлик-оппозиция болуп бөлүнүү-биригүү процессинде жаңы жүрүштөр жасалып, жаңы жүздөр пайда болуп турмакчы.

XS
SM
MD
LG