Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

“Жыл мыктысы” капчыктууну тандайт


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

Массалык маалымат каражаттары тарабынан акча үчүн “Жыл мыктысы” наамын берүү жылдан-жылга өнөкөткө айланып баратат.

Көпчүлүк учурда мындай наам берем дегендер акчалууларды жадатышат. Ал эми мыктылыкты сунуштаган тараптын өкүлдөрү мындай салт дүйнөлүк практикада да бар экенин, гезиттер ушундай жол менен өзүнүн каржылык маселесин чечип аларын белгилешүүдө.

Акча алып “жыл мыктысы” наамын бергиси келген маалымдоо каражаттары кайрымдуулук мекемелерине да келе баштады. “Сезим” кризистик борборунун адиси Гүлмира Үмөталиева:

- Республикалык гезиттен мага “жылдын мыктысына силердин жетекчиңерди көрсөтүп жатабыз, ага акча төлөгүлө”, – деди. Мен дароо эле ал киши акча төлөп мыктылыкты сатып албай турганын айттым. Эже менен иштешип жаткандан кийин мен анын мүнөзүн жакшы билем да. Экинчиден, мындай критерий менен мыктылыкты аныктоо туура эмес. Эгер чындап эле ошондой наам бергиси келип жатса, анда акча сурабай эле аныкташпайбы.

Гүлмира бирок кээ бир гезиттер эч кандай акча албай туруп эле чыныгы мыктыларды жарыялап келерин кошумчалады.

Коомдук ишмер Аскар Салымбековго да башында жыл мыктылыгын сунуштаган кайрылуулар байма-бай келип турган. Кийинчерээк ал бир аз сээлдегенин айтты:

- Жыл сайын эле келишет. Анан мен “мыкты кылсаңар кылгыла, кылбасаңар жөн эле койгула, айтор, өзүңөр билгиле, коомчулук билсин” дейм. Бирдеме бере коебу деп каңкуулашат да.

Салымбеков мындай жорукту кандайдыр бир жол менен жөнгө салбаса өтө орой, зыяндуу салтка айланып калды деген ойдо.

Аскар Салымбеков.
Аскар Салымбеков.

Журналист Жалил Сапаров бул темага көп жылдардан бери каршы чыгып келаткан калемгерлердин бири. Анын пикиринде, наамды акчага сатып алса боло турган жерде кудайдан жөө качкан жемкор, террорчу же зөөкүр да “жыл мыктысы” болуп калышы толук ыктымал:

- Ар бир чөйрөдөн жыл мыктыларын ошол чөйрөнүн эксперттери аныктап, ошол критерийлер менен алып чыгышы керек. Кээде биз мыкты дегендер кудайдын тузун уурдаган бирөөлөр болуп калууда. Коомго эч кандай пайда алып келбегендер “Жылдын мыктысы” болуп чыга келет. Демек, бул эч кандай критерий менен аныкталбай сабатсыз өтүп жаткан шоу. Бул биздин коомдун өнүгүшүнө кызмат кылбай эле, тескерисинче деградацияга алып баратат. Ошондуктан мындай нерсени жакшыраак бир жолго салуу керек.

Сапаров учурда мыктыларды аныктоо шааниси облустук, райондук, керек болсо айылдык деңгээлге чейин кучак жайып баратканы кейитерин айтты.

Узак жылдардан бери бир нече республикалык гезиттердин коммерциялык директору болуп иштеп, гезит-журналдарга каражат тартуу боюнча адистешкен журналист Шекербек Калыков бул маселе боюнча карама-каршы ойдо:

- Бул Кыргызстанда эле болуп жаткан иш эмес. Дүйнөлүк практикада ушундай. Бир жагынан алып караганда өзүн-өзү коомчулукка таанытуу, билдирүү деген эле нерсе. Кыргыз журналистикасында азыр бул салт кеңири колдонулуп жатат. Биринчиден, гезиттер бул ыкма менен өзүнүн финансылык абалын жакшыртат. Экинчиден, бул кандайдыр бир мекеме, кандайдыр бир инсандар менен алака түзүүнүн жолу да.

Калыков базар экономикасында өкмөттүк гезиттерден баштап жеке менчик гезиттерге чейин так ушундай ыкма менен жашап келерин жашырган жок.

Анткен менен Аскар Салымбековдун пикиринде, “жыл мыктысы” деген наам жылдан-жылга өз баркын жоготуп баратат:

- Кыргызстанда канчалаган ММК, уюмдар бар. Алар жыл сайын эле мыктыларды тандап жарыялап жатышпайбы. Андыктан наам, сыйлыктар баркын жоготкону байкалып жатат. Ушуну жакшылап иреттеп, коомдук пикирлер менен эсептешсе жакшы болмок. Муну да мамлекеттик деңгээлде иретке салуу керек го. Бизде азыр акимдер, министрлер алмашкандай эле мыктылар да алмашып жатпайбы. Мыктылык наамдын деле кадыр-баркы кетип жатат. Ошондуктан бул маселени да ойлонууга мезгил жетти.

Мыктылыкты алган жарандардын айтуусунда, массалык маалымат каражаттары “жыл мыктысы” наамын берүү үчүн мекемелерден, жеке адамдардан каржылык дареметине жараша он миң сомдон баштап эки миң долларга чейин сурайт экен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG