Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы көзгө толдубу?


Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан бир көрүнүш.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан бир көрүнүш.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатынын мааниси, сценарийи мурдагы ачылыштарга салыштырылып жатат. Салтанатта ат оюндары көрсөтүлүп, "Манас" айтылып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү жаңырды. Айрым адистер расмий ачылышта негизинен адамзаттын, анын ичинде кыргыздардын таралышы боюнча философиялык ойлорго басым жасалып, жалпы көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурдура турган өзгөчө көрүнүштөр аз болгонун белгилешет.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышында улуу жарылуудан уюган дүйнө, Жер каймактагандан берки доор, адамзаттын жаралышы, кыргыздардын таралышы көрүүчүлөргө көркөм окулган ыр, театралдашкан оюн-зоок менен туюнтулуп, жарык нур, атайын музыка, бийчилер, манасчылар, комузчулар, актерлордун оюну менен коштолуп турду. Бул багытта учурда чет өлкөлүктөр ачылыш аземде эң күчтүү сүрөөн аянтка атчан каскадерлор чыкканда болгонун жазып жатышат.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00


"Азаттык" үналгысына британиялык коноктор дүйнөлүк оюндун ачылыш аземинде эмнелер жакканын мындайча айтты:

- Аябай сонун болду. Чындап эле кооз экен! Бизге өзгөчө аттар менен чабандестер жакты. Биз аябай рахат алдык. Бийлери да сонун болду!

Чет элдиктерди тамшандырган оюндар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:56 0:00



Театр ишмерлер бирикмесинин төрагасы Жаныш Кулмамбетов Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи аалам жаралгандан тартып азыркы мезгилге чейинки доорду баяндаганга караганда атчан каскадерлордун өнөрүн көбүрөөк көрсөтүш керек эле дейт.

- Динамика маселеси солгун болуп калганы көрүнүп турат. Анткени көптөгөн философиялык ойлорду батырууга аракет жасашкан окшойт. Экинчи жагынан ошол философия биздин атайын адистерге гана түшүнүктүү символдор менен берилгендиктен сахнада болгон көрүнүш массалык көрүүчүлөргө анчалык түшүнүксүз болуп калды. Жалпы көрүүчүлөр үчүн биринчи кезекте анын эмоциясына таасир бере турган, аң-сезимин дүүлүктүргөн көрүнүштөр керек. Биз көптөгөн олимпиадалык оюндарды, дүйнөлүк чемпионаттардын ачылыш аземи кандай жасала турганын көрүп жүрбөйбүзбү.

Кулмамбетов слайд-шоулар чет өлкөлүк көрүүчүлөргө түшүнүктүү болбой калды го деген оюн кошумчалады.

Дүйнөлүк оюндардын ачылыш салтанатын Алтынбек Максүтов баш болгон режиссерлор тобу даярдаган. Сценарийдин авторлору - Султан Раев, Элеонора Турдубекова, Виктор Фельт, Светлана Цвитенко. "Азаттык" сценарийдин авторлорунун бири Султан Раевге ачылыш аземдеги сюжеттин өзөгү тууралуу суроо узатты:

- Көчмөндөр ааламын, жан дүйнөсүн, рухун, көчмөндөрдүн аалам менен болгон катнашын, табият менен болгон жуурулушуусун, ошондой эле көчмөндөрдү байыркы маданиятты алып жүрүүчүлөр катары көрсөтүүгө аракет жасалды. Эң башкысы көчмөндөрдүн цивилизациясы жалпы адамзаттын цивилизациясынын бир бөлүгү экени, анын ажырагыс бутагы экени көрсөтүлдү.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу тобунун өкүлү Бегайым Чокоева азыр ачылыш аземдин өзүнө канча каражат кеткени так эместигин, сценарий тууралуу сын пикир ар кимдин жеке көз карашы экенин айтты:

- Бул эми ар бир адамдын жеке пикири. Ар бир көрүүчүнүн өз көз карашы бар. Бул жактан кыз куумай келип атса, тигил жактан аттар чаап чыгып, бир тарабында боз үйлөр пайда боло калып, анан эле композицияга заманбап музыка да кошулуп турду. Албетте ар кимдин өз пикири бар. "Бүткөн ишке сынчы көп" деп коёт эмеспи. Бирок ачылыш аземи эң жогорку деңгээлде өттү.

2016-жылдагы Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчу комуз чертсе, мында 1000 киши "Манас" айтып, конокторго да "Манастын" тексти жазылган баракчалар таратылган. Мындан сырткары миңдеген актерлор, бийчилер, музыканттар катышкан. Бийге негизинен “Шаттык” ансамблинин окуучулары тартылды. Калгандары өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар болду.

II Көчмөндөр оюндарында спорттун 25 түрү боюнча дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн 1200дөй спортчу күч сынашкан.

Быйыл 70ке жакын өлкө катышып, спорттун 37 түрүнөн 600гө жакын медаль ойнотулат. Мелдештин жалпы байге фонду 28 миллион сомду түзөт. Француз спортчулары оюнга биринчи жолу катышып жатат.

Жалпы жонунан бул оюндарды өткөрүүгө өлкө казынасынан 303 млн. сом, демөөрчүлөрдөн 155 млн. сом чогултулганы айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG