Бишкекте Нооруз майрамын расмий белгилөө бул жолу жылдагыдай Ала-Тоо аянтында эмес, Улуттук филармонияда өттү. Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев катышып, өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү. Борбордук аянтта болсо элдик майрам ыр-күүлөрдүн коштоосунда өтүп жатат.
Нооруз майрамы Ош шаарындагы борбордук аянтта сүмөлөк ооз тийүү каадасы менен башталды. Элдик майрамды Ош облусунда иш сапарда жүргөн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев расмий түрдө ачып берди.
Бишкектеги “Аккула” ат майданында көкбөрү, жорго салыш, кыз куумай, тыйын эңмей өндүү улуттук оюндар өтүп жатат. Ал эми борбордук эски аянтта жалпы спорттун 18 түрү боюнча мелдештер уюштурулуп, ага бир жарым миңге жакын спортчу катышып жатканы кабарланды.
21-мартта чыгыш элдеринин басымдуу бөлүгү Жазгы теңелүү күнүн белгилешет. Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө бул күнкү майрам Нооруз аталып, шаң салтанат өкүм сүрөт. Нооруз - перс тилиндеги «навруз» - жаңы жылдын биринчи күнү деген сөздөн келип чыккан.
тарыхчылар Нооруз майрамы кыргыз калкында байыртадан белгиленип, анын өрнөктүү каада-салты иштелип чыкканын айтып келет. Бул күнү майрамдык сүмөлөк жасалып, ырым-жырым иштери жүзөгө ашырылат.
Совет мезгилинде Нооруз майрамына тыюу салынып, ал 1988-жылдан тарта майрамдала баштаган. .