Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Май ташыгандар чек арада жаңжал чыгарды


Кыргызстандын Чек ара кызматы 5-февралда Лейлекте ок атуунун жөнүн түшүндүргөн маалымат таратты.

Бул күнү кыргыз-тажик чек арасында кара майды мыйзамсыз алып өтүп бараткан жарандар менен чек арачылар ортосунда чатак чыккан. Чек арачылар асманга ок чыгарган соң гана мыйзам бузгандар тарап кеткен.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, окуя Лейлек районундагы Кулунду чек ара тозотунда орун алган. Чек арадан кара майды жашыруун алып өтөм деген 20га чукул киши бул тозоттогу чек арачыларды коркутууга аракет кылышкан:

- Тозоттун айланасындагы айылдардан келген бул жарандар кара майды мыйзамсыз алып өтүү үчүн чек арачыларды көндүрүүгө аракет кылышкан. Чек арачылар көнбөй койгон соң алар кара майды ташууга кийлигишпегиле деп талап коё башташкан. Чек арачылар бул жарандардан тарап кетүүсүн талап кылганда, май ташуучулар коркутуп-үркүтүп, кара май жүктөлгөн унаасы менен аларды сүздүрүүгө аракет кылган. Чек арачылардын оозеки эскертүүлөрүнө көңүл бурушкан эмес. Мындай кырдаалда чек ара тозотунун башчысы эскертүү иретинде асманга ок атууга мажбур болгон. Ошондон кийин гана бул жарандар качып кетишкен.

Лейлек районунун акими Тилебалды Арипов окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тартип коргоо органдары мыйзам бузгандарды аныктап жатканын кабарлады. "Учурда Кулунду айылында кырдаал тынч", - деди Арипов:

- Окуя кечинде болгон экен. Караңгыда окуяга катышкандар качып кетиптир. Учурда кылмыш иши козголуп, алар изделип жатат. Ал эми окуя болгон күндүн эртеси эле Кулунду айылында чоң жыйын өткөрдүк. Анда болгон окуя боюнча түшүндүрдүк. Айылдыктар, андагы ишкерлер бул окуяга жергиликтүү тургундардын тиешеси жок экенин айтып жатышат.

Район акиминин айтымында, кыргыз-тажик чек арасында кара май ташып өтүүгө тыюу салынганына карабай, жергиликтүү тургундар аткезчиликтен баш тартпай жатышат:

- Биздин райондукнаймагындагы Тажикстан менен чек аранын узундугу 296 чакырым. Мына ушул чек аранын көпчүлүк бөлүктөрүндө такталбаган жерлер арбын. Ушул жерлерден аткезчилик жол менен алып өтүп жатышат.

Баткендин тургуну Медер Ниязалиевдин айтымында, кара май аткезчилиги менен шугулдангандардын артында тасирдүү күчтөр турат:

- Кара майды ташууда жергиликтүү элдин колунан эч нерсе келбейт. Балким анда-санда арзыбаган көлөмдө алып өтүп, турмуш-тиричилигин өткөрүп жаткандар болушу мүмкүн. Бирок өтө көп өлчөмдөгү кара майды чоң-чоң унаалар менен мыйзамсыз ташып жаткан таасирдүү күчтөр бар. Алар айрым учурда жергиликтүү элди да пайдаланып жатышат.

Чек ара кызматынын маалыматында, акыркы кезде Баткендин кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарында кара майды мыйзамсыз ташууга байланыштуу чыр-чатактар көп катталууда. Айталы, бир апта мурун эле кошуна өлкөгө кара майды мыйзамсыз тартып бараткан унааны чек арачылар кармоого аракет кылган учурда, чек арачылардын бирин машине менен коюп кетишкен. Жараат алган чек арачы ооруканада дарыланууда.

Былтыркы жылдын аягында кара майды мыйзамсыз ташыганы ашкереленген жергиликтүү жаран чек арачынын буйругуна баш ийбей, жоокердин колундагы куралын тартып алып, чек арачыны атып салган эле.

Кыргызстан Орусиядан күйүүчү майды бажы төлөмүсүз сатып алат. Ошондуктан Тажикстанга салыштырмалуу арзан келип, ал жакка ташуудан лөктөр да, жергиликтүү тургундар да киреше табат. Быйыл жыл башынан Орусия Тажикстанга да төлөмсүз кара май сата баштаганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG