Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Кара май аткезчилигине жоопкерчилик


Күйүүчү майдын мыйзамсыз Тажикстанга ташылып жатканына жол бергени үчүн тартип коргоо органдарынын ортоңку деңгээлдеги бир топ жетекчилери кызматтарынан алынды.

Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун аймагы аркылуу Тажикстанга күйүүчү май ташып, мыйзамсыз кирешеге туйтунган аткезчилер жана аларга көмөктөшкөн бийлик өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылбай жатканын сынга алды. Мына ошондуктан аткезчиликке жол бергени үчүн облустун прокурорун, бажы, чек ара кызматтарынын жана каржы полициясынын Баткен облустук башкармалыгынын башчыларын кызматтан алуу жагы сунушталды.

Алмазбек Атамбаев кийинки жолкусунда борбордогу жетекчилердин жоопкерчилиги карала турганын эскертти:

- Токтоткула мындайды, Кудайдан корккула! Кыргызда кыңыр иш кырк жылда деген сөз бар. Муну артында ким турганы кырк күнгө жетпей эле билинип калышы мүмкүн. Бул жолу жалаң облустук жетекчилердин жоопкерчилигин карадык. Эмдигисинде дагы деле абал өзгөрүүсүз калса, анда борбордогу жетекчилердин иши карайбыз. Ошондуктан ачык эле айткыла, ким кимди калкалап жатат?

Баткенден Тажикстандын чек арасын көздөй кете турган беш айланып өтмө жол бар экени айтылды. Мына ошол жолдор менен күнүнө миңдеген тонна кара май сыртка чыгып кетип жатканы белгиленди.

Өкмөт башчысы бажы жана чек ара кызматтары биригип, мына ошол аткезчилик жолдорго бөгөт койо албай жаткандыгынын себебине кызыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев аткезчиликти токтотконго тиешелүү чаралар көрүлүп жатканына токтолду.

- Негизги агым айланма жолдор менен эмес, мына ошол эле бажы тосоттору аркылуу өтүп жатат. Биздин аракеттердин натыйжасында тогуз кылмыш иши ачылып, анын жыйынтыгы менен 461 миң литр күйүүчү майды кармадык.
Биз иштей тургандарды кызматтан четтетип, анан ошол аткезчилерди калкалагандарды коргойбузбу?

Өкмөт башчысы мындай жыйынтык менен макул эмес экенин айтты. Анткени ушул жылы 15-июнда күйүүчү майды сыртка чыгарбоо боюнча токтом чыккан. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев атайын кызматтын жетекчиси К.Дүйшөбаевдин жана чек арачылардын башчысы З. Тиленовдун жоопкерчилигин кароону президентке сунуштай турганын айтты:

- Бажыдан мейли уурулук жол менен өтүп кетти дейли. Бирок чек арачы кандай болгон күндө да кара майды сыртка чыгарууга уруксат жок экендигин билгенден кийин ал каякты карап турат?! Бул жерде сиздердин кызматкерлер да аралашкан. Сүттөн ак болуп көрүнбөй эле койуңуз. Төрт жүз тонна кармапсыңар. Бирок жыйырма миң тонна сыртка чыгып кетип жатпайбы. Уялбайсыңарбы!

Кууп жүргөндөр кармалдыбы?

Ошол эле учурда Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов кара май аткезчилигине каршы күрөшкөн жетекчилерге карата акыйкатсыз чечимдер кабыл алынып калганын айтып чыкты. Буга ал Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ордуна анын орун басарынын кызматтан алынышын мисал келтирди:

- Мен түшүнбөй калганым күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги каралып жатса, Баткен облустук ИИБнын башчысынын эмес, мына ошол аткезчиликке каршы иштерге мени менен кошулуп иштеп жүргөн анын орун басары кызматтан кетирилип жаткандыгында. Биз иштей тургандарды кызматтан четтетип, анан ошол аткезчилерди калкалагандарды коргойбузбу? Ал жигит мына ошол чоң аткезчилердин куйругун тепсеп алды окшойт.

Анткен менен ички иштер министри Зарылбек Рысалиев мында бир топ татаал “схемалар” бар экенин белгиледи. Ал мына ошол башкармалыктын башчысынын орун басарынын аткезчиликке аралашканы далилденгенден кийин гана ал жумуштан четтетилгенин кошумчалады:

- Биз он күндүн ичинде 85 автоунаа күйүүчү май кармадык. Анан жанагы орун басардын кайсы бир иштерге аралашканы аныкталгандан кийин биз аны кызматтан четтетүүгө аргасыз болдук.

Бирок ошол эле учурда серепчилер жагдайга түздөн-түз жооп бере турган биринчи жетекчилердин ордуна ортоңку деңгээлдеги аткаминерлердин курмандыкка чалынышын эскиден калган өнөкөт катары баалашты.

XS
SM
MD
LG