Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Коогалаңда жабыркаган ишкерлер митингге чыкты


Ошто былтыркы коогалаңда жабыр тарткан 100гө чукул ишкер митингге чыкты. Алар өкмөт тарабынан берилчү 50 миң сомдук кайтарымсыз жардамды жана 150 миң сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген ссуданы албай калганын айтышууда.

Шаардык бийлик маселени Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы чече турганын билдирсе, дирекция өкмөттүн токтому менен гана аларга жардам бере ала турганын ачыктоодо.

Былтыркы калабада жабыр тарткан ишкерлер нааразылык акциясын Ош шаардык мэриясынын алдында өткөрдү. Алар өкмөт тарабынан берилип жаткан 50 миң сомдук кайтарымсыз жардамдын жана 150 миң сомдук ссуданын ордуна бийликтин куру убадасын алып келе жатканын билдиришти. Митингге чыккандардын бири Ибадат Кожоева "Азаттыкка" арманын мындайча айтты:

Ибадат Кожоева
Ибадат Кожоева
- Мамлекет тарабынан берилчү жардамдарды 1-2-транштагылар толук алды. Бизди 3-траншка жазып коюп, бирок бир тыйын да бербей жатышат. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевге барганыбызда "баламдын боорун жеп кетейин, жакын арада жардам аласыңар" деп карганган. Айт өттү, шайлоо өттү, мына жаңы жыл келатат. Жардам тургай, жарым кашык балээ да жок.

Кожоеванын айтымында, алар бир жарым жылдан бери өлбөстүн күнүн көрүп келатышат:

- Үйлөрүбүздү четинен тартып алып башташты. Жогорку окуу жайда билим алган балдарыбызды окуу акысын төлөбөйсүң деп кууп жатышат. Таланып-тонолуп кеткен, өрттөнүп кеткен товарларбыздын баары насыяга алынган болчу. Жашообуз ушуну менен токтоп эле калды.

Башка бир жапа чеккен ишкер Махфуза Салиева сууктун күнүндө үйүнөн ажырап, көчөдө калганын айтып даттанууда. Коогалаңга чейин алган насыясы бизнеси менен кошо күйүп кетип, банк анын күрөөдөгү үйүн тартып алган экен:

Махфуза Салиева
Махфуза Салиева
- Менин төрт балам бар, күйөөм 2-топтогу майып. Тополоңдо бутум сынган. Товарымдын баарын тоноп кетишкен. Эми минтип ай-буйга келбей, үйүмдү алып коюшуп, кичинекей балдарым менен көчөдө калдым. Суукта ар кимдин үйүндө түнөп, таң атырып жатам. Өкмөт болсо бир сом жардам бере албады.

Бул жерге бирөөлөрдөн жардам сурап келдим. Шайлоодон кийин жардам беребиз дегенинен Камчыбек Ташиевге, Алмазбек Атамбаевге добуш бергенбиз. Чуркап жүрүп иштегенбиз. Эми кана жардам бергени?


Ош шаардык бийлиги митингге чыккан ишкерлердин көйгөйү жергиликтүү деңгээлде чечилбей турганын билдирүүдө. Вице-мэр Алымжан Байгазаков буларга токтолду:

- Буга чейин Ош шаары боюнча 1490 ишкер жардам алды. Кабыл алууларды 31-сентябрда токтотконбуз. Ага карабай да жардам сурап келишүүдө. Эгер кабыл албайбыз дей турган болсок, жаап чеккендер күч органдарынан, өрт кызматынан "бизнеси күйүп кетти" деген аныктама алып келип жатышат. Анан кантип кабыл албай койобуз? Ошого карабай элге түшүндүрүү кыйын болуп жатат.

Жабыр тарткандар мэрияга келип тополоң чыгарып, "ушулар эле бербей жатат" дегенсийт. Бирок биз алардын арыздарын кабыл алып, документтерин толуктап, Экономикалык тескөө министрлигине, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясына жөнөткөнбүз. Бул жерде Ош шаардык мэриясы болгону сунуш гана бере алат. Калганын ошолор чечет.


Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы жардам албай калган ишкерлерге өкмөттүн токтому менен гана кам көрө ала турганын айтууда. Дирекциянын ишкерлерди колдоо бөлүмүнүн жетекчиси Фарида Юлдашева:

- Жабыр тартып, бирок компенсация ала албай калгандар 3-топ болуп (поток) кайрылып жатышат. Алар жардам алыш үчүн жергиликтүү бийлик жана Экономикалык тескөө министрлиги атайын документ топтоп, өкмөткө жолдогон. Бирок өкмөт азырынча токтом чыгара элек. Ошондон кийин гана мамлекеттик дирекция 1-2-токтомду аткаргандай эле, жабыр тарткандарга жардам бере баштайт.

2010-жылкы капсалаңда ишкерлер түздөн-түз 2,5 миллиард, кыйыр түрдө дагы 1,5 миллиард сом зыян тартканы эсептелген. Жабыр тарткан ишкерлер жөнүндөгү өкмөттүн 2 токтомунун негизинде 2 миңден ашык ишкерге 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз акчалай жардам берилсе, дагы 681 ишкер 150 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген ссуда алган эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG